Бир түндө 150 миң доллар жоготком... Кыргызстандык ишкер агынан жарылганда

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель Ассоциации яководов Кыргызстана Кубанычбек Шейитов
Руководитель Ассоциации яководов Кыргызстана Кубанычбек Шейитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубанычбек Шейитов алгачкылардан болуп Кыргызстанга компьютер ташый баштаган. Ошол убакта алардын баасы баш калаанын чок ортосундагы бөлмөлүү батирдин баасына тете эле.

Ишкер бизнес чыйырында бандиттер менен да бет келишкен, карызга да баткан, өлкөдөгү революцияларда мародерлордон да жапа чеккен.

"Бишкекке принтер ташып келдик, 20 миң доллар эле баасы. Ал кезде борбор шаардагы батирлер үч миңге сатылчу!" — дейт ишкер. Кажысайлык карапайым жигит баш калаада кантип ири бизнес түптөгөнү жөнүндө баяндап берди.

— Эски гезиттерди барактап отуруп, көргөн көзүмө ишене албадым. 1995-жылдын 2-майында Бишкектин борборундагы үч бөлмөлүү батир 972 долларга сатылары боюнча жарнама чыгыптыр. Ал убакта кыймылсыз мүлк болжол менен ушундай эле турган экен. Ошол эле гезитте сиздин ишкананын компьютер сатуу туурасында жарыясын да көрдүм. Алардын баасы 900-4000 доллар экен го!

Коррупция в КР - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ишкер кыз-келиндерге атайын насыя берилет
— Ооба, ушундай таң калычтуу көрүнүштөр боло берчү. Эсиңизде болсо, кайсы бир убакта машина үчүн батирин кармата беришчү. Элестете аласызбы? Азыр араң 2 миң доллар турган автого турак жайын алмашып жиберген!

Кыргызстан негизи кызыктуу өлкө. Маселен, көчүрүү аппаратын 20 миң долларга алып келдик, ал эми батирлер ошол убакта үч миң долларга сатылчу!

Чындыгында мунун баары тез өзгөрчү нерсе экен. 10 жылдан кийин балдарыбыз: “Кантип телефон үчүн миң доллар сарптачу элеңиздер?” – деп таң калышы толук ыктымал.

— Келиңиз, өзүңүздөн кеп салалы. Кайдан болосуз?

— Кажы-Сай айылында чоңойгом. Кезегинде ал Москвадан түз камсыздалчу, бирок СССР ыдыраганы Кажы-Сай кыйын кезге туш болду. Кептин баары айылдын төрт тарабынан тоолор менен курчалганында эле. Бүтүндөй өлкөнү бакча багып турган маалда жердин тартыштыгынан улам биз бакча иштете албадык.

Биздин электр-техникалык завод жана шахта тез эле жабылып тынды. Бизди ошол кезде өрүк гана куткарып калды. Өрүк тигип, мөмөсүн сатып, кыйын кезеңде жан сактадык. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКубанычбек Шейитов алгачкылардан болуп Кыргызстанга компьютер ташый баштаган
Бир түндө 150 миң доллар жоготком... Кыргызстандык ишкер агынан жарылганда - Sputnik Кыргызстан
Кубанычбек Шейитов алгачкылардан болуп Кыргызстанга компьютер ташый баштаган

— Кажы-Сай жанындагы уран шахталары менен белгилүү. Радиациянын кандайдыр таасири тийдиби?

— Уран айылдан үч чакырым ыраак жерде казылчу. Андыктан жапа чеккендей деле сезбептирбиз өзүбүздү. Ден соолугубузга кандайдыр таасири болорун деле эч ким айткан эмес. Чынын айтсам, радиациянын деңгээли бизге таасири тийди деп ойлобойм.

Кооптондурган бир гана учур болгон. Көп жыл мурун турмуш өтө кыйындап кеткенде жергиликтүү тургундар ошол шахталардан лом чогулта баштады. Менимче, дал ошол көрүнүштүн кесепети болсо керек. Өзүм 1985-жылдан бери Бишкекте турам.

Ишкер, кол өнөрчү Айбарча Бекова - Sputnik Кыргызстан
Токуган килемибиз 200 миң сомго сатылып, эмирге тартууланган. Ишкер Бекова менен маек
— Катардагы айылдык жигит Кыргызстанга кантип биринчилерден болуп компьютер ташып калды?

— Бул бизнес үчүн эң ыңгайлуу убак болчу, албетте, тобокелдиктер да эбегейсиз эле. Жүк кайсы бир жерден жоголуп кетсе эмне болот, элестетсеңиздер. Бир принтер эле бир батирдин наркында. Москва, Дубай, Европа, Америкадан товар ташычубуз, алардын баары темир жол менен жеткирилчү.

— 90-жылдары бизнес баштаган ар бир ишкер бандиттерден тарткан запкысын эскерет. Сиздин башыңыздан да андай нерсе өттүбү?

— Андай нерсе ар качан болот! Бакиевдин заманы акаевдик доордон айырмаланган деп ойлойсузбу? Криминалитет азыр деле тынч жаткан жок, болгону мурда байкалып калчу, ал эми азыр жымсалданган.

“Биз сени коргоого алабыз, сен бизге төлөп турасың” – деп келишчү. Биз баш тартчубуз. Азыр ири компанияларда коопсуздук кызматы иштейт, ал кезде өзүм өзүмө коопсуздук кызматы болчумун.

— Бир бандит келип: "Эми мага алым төлөйсүң, болбосо, башың кетет", – десе, эмне кылуу зарыл?

— Чараларды алдын ала көрүү керек. Жазага тартылбасын билген киши гана ошентип келет. Андай нерсе майнапсыз экенин бандиттер түшүнүүгө тийиш. Азыр жетекчилер бизнестин өзүнө караганда анын коопсуздугун камсыздоого көп баш оорутууга аргасыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер бизнес чыйырында бандиттер менен да бет келишкен, карызга да баткан, өлкөдөгү революцияларда мародерлордон да жапа чеккен
Бир түндө 150 миң доллар жоготком... Кыргызстандык ишкер агынан жарылганда - Sputnik Кыргызстан
Ишкер бизнес чыйырында бандиттер менен да бет келишкен, карызга да баткан, өлкөдөгү революцияларда мародерлордон да жапа чеккен

— Кээ бир ишкерлердин айтымында, Бакиевдин убагында бийликке жакын кишилер келип адамдардын бизнесин тартып алып турушкан экен.

— Бул иштер бир аз бөлөкчөрөөк жүргөн. Мисалы, бир киши: “Кел, жаңы бир долбоорду ишке ашыралы, анан үлүшкө кошулайын” – деп келген. Андайды Акаевдин да, Бакиевдин да заманында көрдүм. Бирок Кыргызстанда иш алпарганым үчүн бул системанын “казанында кайноого” туура келет. Маселен, кимгедир компьютер керек болсо, болушунча арзандатып коюп берем. Бирок бизнести тартып алып коюу... Андай нерсе болгон эмес.

— Кыргызстандагы 2005-2010-жылдардагы революциялардан жабыр тарткан ишкерлер катуу кейип калышат...

Мамлекеттик MegaCom ишканасын жетекчиси Азат Базаркулов - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик топ-менеджер: бүлөмдү багуу үчүн нике шакегимди күрөөгө койчумун
— Ооба, мен да жапа чеккем. Соода борборунун имаратында полиграфиям иштечү. 2005-жылы ал толук талкаланып,  кымбат баалуу жабдыктар жоголгон. Бир түн ичинде 150 миң доллар жоготком. 2010-жылы шаардын борборунда дүкөнүбүз бар эле. Эч нерсеси калбай талкаланды, анда да көп чыгым болдук. Ошентсе да андайга тобо кылып коем. Ал — жашоону өзгөртүүнүн куну, анүчүн зар какшоонун кереги эмне?

— Ошол бизнес менен дале алексизби?

— Ооба, азыр биз чекене соодадан алыстап, уюмдар менен иштөөгө өткөнбүз. Эми темирди гана сатпастан, софт, тиркеме иштеп чыгабыз, жаңы өндүрүмдөрдү жаратабыз.

— Айыл чарбасына да ыктагандайсыз. Эмнеге бул тармакты тандадыңыз?

— 25 жыл IT бизнес менен алектендим. Эми айыл чарбага кызыгуум артты, себеби, өлкөбүз Евразиялык экономикалык биримдикке кирбедиби. Ушул тапта биз өз дараметибизди анча ача албай келебиз: биз ЭАЭБге мүчө болбогон Өзбекстанга уттуруп жатабыз, Казакстан да жаңы тармактарга ээ. Өлкөдө 20 түп алма тигип коюп, төш кагабыз, ал эми ал жакта миңдеген, он миңдеген түп алма тигилип жатат!

Дал ушул себептен, кеңири тараган бакчалар беш жылдан соң пайдасыз болуп калат, коңшуларыбыз менен атаандаша албай калабыз. Биз өз чөйрөбүздү тапканыбыз оң. 

© Sputnik / Табылды КадырбековШейитов: Бишкекке принтер ташып келдик, 20 миң доллар эле баасы. Ал кезде борбор шаардагы батирлер үч миңге сатылчу!
Бир түндө 150 миң доллар жоготком... Кыргызстандык ишкер агынан жарылганда - Sputnik Кыргызстан
Шейитов: Бишкекке принтер ташып келдик, 20 миң доллар эле баасы. Ал кезде борбор шаардагы батирлер үч миңге сатылчу!

— Дал ошондой тармактардын бири — топозчулук. Ушул себептен бул ишке кириштиңизби?

— Ооба, “Кыргыз топозу” биримдигин жетектейм. Бул багытка көп себептерден улам кызыгып калдым. Биринчиден, топозду кыргыздар эзелтен кармаган.

Топоздор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Топоз баккан атбашылык миллионер кыз: 28 жашымда атамдын мал-жаны мага өткөн
Экинчиден, топоздор бийик тоолордо байырлайт, дары чөптөрдү жейт, аларга эч ким антибиотик сайбайт, демек, топоздун эти даамдуу гана тургай пайдалуу да болот.

Мындан тышкары, бизде жайыттар тартыш, ал эми бийик тоолуу шартта андан көп нерсе жок. Кыртышы бузулуп кетпесин десек, мал жайышыбыз керек.

Фермерлердин киреше табышы үчүн топоздун башын 5-10 эсеге көбөйтүү керек. Азыр Кыргызстанда 30-40 миң гана топоз бар, бул өтө аз.

— Топоз боюнча айтып берсеңиз, кандай жандык өзү?

— Жарым-жартылай жапайы, карышкырга да тап бере алат. Кээде алар адамдарды да үйүрүнө кооптуу деп кабылдайт, мүнөзү катаал мал. Топоздордун үйүрүнүн жанынан малчыларды чанда көрөсүз, себеби, бир түндө эле алар 20-40 чакырым аралыкка жер которуп кете алышат. Аларды жаюу абдан татаал. Топоз багуунун болгон түйшүгү — түгөлбү деп алыстан көз салып коюу.

— Билишимче, топоздун эти кадимки уй этинен арзаныраак.

— Түшүнүксүз, бирок баасы ошондой. Сапаты боюнча кымбат болушу абзел. Буга топозчулардын өз өндүрүмүн өткөрүүнүн эбин таба албаганы себеп.

Анан да терисин жөн гана ыргытышат, ал эми топоз жүнү абдан баалуу. Өтө аз, бирок кымбат турат. Баса, америкалыктар топоздун жүнүнөн учкучтарга ич кийим тигишет, ал эми биз жөн гана ыргытып салабыз.

— Топоз эттүү келеби?

— Беш жашар топоз 300 килограммдай таза эт берет. Чет өлкөгө анын этин сатуунун кажети жок. Чүйгүн, ышталган өндүрүмдөрдү чыгаруу зарыл. Алар кымбат да турат, узагыраак да сакталат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековШейитов: убагында өрүк тигип, мөмөсүн сатып, кыйын кезеңде жан сактадык
Бир түндө 150 миң доллар жоготком... Кыргызстандык ишкер агынан жарылганда - Sputnik Кыргызстан
Шейитов: убагында өрүк тигип, мөмөсүн сатып, кыйын кезеңде жан сактадык

— Серепчилердин бир тобу биздин товарлар супермаркеттердин текчелеринен орун алышы үчүн кыргызстандык фермерлер россиялык ири соода түйүндөрүнө чыгууга далалат кылышы керектигин айтышат. Ал рынокко азык-түлүк ташып калган жайыңыз бар, тажрыйбаңыздан бөлүшө кетсеңиз.

— Ооба, капуста, коон, кызылча жана башка азык-түлүктөрдү ташыдык. Ири супермаркеттерден көрө аймактык түйүндөргө басым жасаган оң. Рынок магнаттарын товар жеткирүүчүлөр көптүрүп бүтүрүшкөн, алар дайым ыгын таап сөздөн тайып коюшу мүмкүн.

Предприниматель Тилек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Тилек Токтоналиев: үйдө отуруп Amazon аркылуу айына 1000 доллар тапса болот
Мисал келтирейин буга: биз мыкты сапаттагы коон жеткирдик, бирок биздин болгон товарды кайтарып беришти. Келтирген жүйөөсү — жараксыздарды көп имиш. Аныгында товар барганча коондун баасы түшүп кетет. Эгер супермаркеттердин түйүнү андан арзан товар таап калса, анда сиздин товардан баш тартуунун болгон жолун табат. Колуңузда келишимдин турганы да эч нерсе чечпейт андайда.

Бул лотерея сымал. Рыноктун абалын болжоп болбойт, узак мөөнөттүү келечегинде сен баары бир уттурасың. Мында бир гана жол бар: азыкты кайра иштетип чыгаруу үчүн цехтерди көбүрөөк куруу.

— Айыл чарбасы азыр кирешелүү экени чынбы?

— Мындан бир-эки жыл мурун Россияга килограммы 28 рублдан кызылча алпардык. Келишим пайдалуудай туюлган, ташып барганы менен өздүк наркы 20 сомдон айланат, ал эми аны биз 28ден саттык. Баары жакшы эле сезилген, фура-фура менен кызылча сатылган. Бирок кийин бир фураны кабыл албай коюшту, аны спирт заводго килограммын 5 рублден өткөрүүгө мажбур болдук. Кандай чыгым болгонубузду элестетип көрүңүз...

— Азыр айыл чарба министрлигин сындагандар арбын. Бир нече миң киши иштейт, же дыйкандар анын үзүрүн көрсөчү дешет.

— Мен да кошулам. Бирок бир сыйкырчы келип эле министрликти укмуш кылып жиберет деп ойлобош керек. Жакшыртуу үчүн далай жыл, талбаган эмгек жасалууга тийиш.

Жаңылыктар түрмөгү
0