Жакында кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүСнегопад на Тверской улице в Москве
Снегопад на Тверской улице в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктердин берген маалыматына ылайык, апта аягында күндүн көзү бузулуп, өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун таратты.

Снегопад в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Декабрда аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу
Билдирмеге караганда, 17-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз жана 18-ноябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот.

18-ноябрда күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир аймактарында кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан жаабайт.

19-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда күн ачык болот. Күндүз жаан жаабайт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми 20-ноябрда күндүн көзү бузулуп, өлкөнүн айрым райондорунда, тоолуу айылдарында жааган жамгыр карга айланат.

Деятельность ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Шаардыктарга жылуулук кантип берилет. ТЭЦтин ичинен тартылган сүрөт
21-ноябрда дагы көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

22-ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаайт.

23-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз тоолуу райондордо кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0