Өзүң жогол! Соцтармакта журналистти каккан депутатка каршы флешмоб башталды

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат соцтармак колдонуучуларынын кескин сынына кабылды. Анын журналисттен кечирим сурашын талап кылышууда.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Социалдык тармакта журналистти "жогол ары!" деп каккан Жогорку Кеңештин депутаты Азиз Турсунбаевге каршы флешмоб башталды.

Эл өкүлү Kloop сайтынын кабарчысы Айзирек Иманалиеваны "Иди отсюда!" (жогол ары!) деп кагып, суроосуна жооп бербей кетип калган.

Мындан улам ал соцтармак колдонуучуларынын кескин сынына кабылды. Көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, депутаттын журналисттен кечирим сурашын талап кылышууда. Болбосо мандатын тапшыруу талабы менен Ак үйдүн алдына митингге чыгарын айтып жатышат.

Активист Мелис Аспеков депутаттын сүрөтүн коюп, "өзүң жогол" деген хештег менен флешмоб баштады.

Журналист депутаттан "Ата-Түрк" паркынан жер тилке алып кайра сатып жибергениңиз чынбы?" деп сураган. Себеби мурда жарыяланган иликтөөдө Турсунбаевдин да аты аталган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0