00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Атамбаев Батукаевдин иши боюнча сотко келүүдөн кайра баш тартты

© © Фото / секретариат фракции СДПККыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча баштапкы сот жыйыны болуп, бирок айыпталуучу Атамбаев келбегендиктен 15-октябрга чейин тыныгуу жарыяланды.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Азиз Батукаевдин иши боюнча соттук отурумга мурунку президент Алмазбек Атамбаев келген жок. Андыктан Биринчи Май райондук соту 15-октябрга чейин кайрадан тыныгуу жарыялады. Бул тууралуу райондук соттун өкүлү Асел Равшанбекова журналисттерге билдирди.

Ал ошондой эле сот ЖАМКга Атамбаевди эртеңки сотко алып келүүнү камсыздоо тапшырмасы берилгенин кошумчалады.

Равшанбекова, андан сырткары, журналисттердин "Атамбаев күч менен алып келиниши мүмкүнбү?" деген суроосуна "андай норма жок" деп жооп берди.

Сот өкүлүнүн айтымында, Атамбаев эртең дагы келбесе, кийинки кадам кандай болорун сот чечет.

Экс-башкы прокурор Аида Салянова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салянова: Сегизбаев инимдин өлүмүн уюштургандарды колдонуп жүргөн
Процесс башталар алдында мурдагы Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев мурунку президент "сотко катышпайм, ал менин катышуумсуз эле улана берсин" деп арыз жазып бергенин айтып, аны эми алар сотко өтүнүч келтиришерин билдирген болчу.

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча баштапкы сот жыйыны болуп, бирок айыпталуучу Атамбаев келбегендиктен 15-октябрга чейин тыныгуу жарыяланды.

Бүгүнкү сот отурумуна мурдагы прокурор Индира Жолдубаева келди.

Эске салсак, Батукаевдин иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлгөн. 11-октябрда кылмыш иш боюнча биринчи соттук отурум башталып, ага мурдагы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаева келген. Ал эми Алмазбек Атамбаев сотко катышуудан баш тарткан болчу.

Азиз Батукаев 2006-жылы баңгизатты мыйзамсыз сактоо, жарылуучу заттарды жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү, массалык башаламандыкты уюштуруу боюнча айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылган. 2008-жылы абак тартибин бузганы үчүн жаза мөөнөтүнө дагы эки жыл кошулуп, Нарындын №24 абагына которулган. Бирок 2013-жылдын 9-апрелинде оор дартка кабылганына байланыштуу делип бошотулуп, Кыргызстандын аймагынан Грозныйга учуп кеткен. 2014-жылдын 20-майында КР Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Батукаевге эл аралык издөө жарыялаган. ИИМдин маалыматы боюнча, учурда Батукаев курал-жарак сактаганы үчүн үч жылга эркинен ажыратылып, Чечен Республикасында жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Карамушкина вице-спикер Касымалиева менен уруша кетип, залдан чыгып кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
Карамушкина вице-спикер Касымалиева менен уруша кетип, залдан чыгып кетти. Видео
2019-жылы апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖК жыйынында криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин иши кайра жанданганын билдирген.

Анын бошотулушу боюнча бир катар мурдагы аткаминерлер менен дарыгерлер да суракка чакырылып, кээси камакка алынган. Ал эми мурунку башкы прокурор Аида Салянова, ошол кездеги вице-премьер Шамил Атаханов жана саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаева, мурунку башкы прокурор Индира Жолдубаева тергөө менен кызматташмай болду деген жүйө менен үй камагына чыгарылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0