08:26 28 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR76.4683
  • RUB1.0646
Коом
Кыскача шилтеме алуу
344 0 0

Жалалдин Абдувалиев эки көзү көрбөгөнүнө карабай триатлон менен машыгып келет. Аны менен баарлашкан адам шыктанып чыгат.

26 жаштагы жөнөкөй спортчу кыска убакыт аралыгында Азия чемпионатында эки жолу күмүш медаль тагынып, чет жакта өлкө намысын коргоп келет. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы эл аралык класстагы спорттун чебери менен маек курду.

— Cпортко кантип келип калдыңыз эле?

— Ден соолугумдан улам келдим. Көзүм көрүп жүрүп эле кийин көрбөй калды. Бишкекте реабилитациялык борбордо чуркаса, спорт менен машыкса болорун айтышты. Кийин ар жекшемби күнү ыктыярчылар менен чогуу чуркай баштадым. Ал жактан адамдар менен таанышып, баарлашып калчубуз. 2016-жылы триатлон паралимпиадалык спорттун түрүнө кирип, ошол эле учурда Кыргызстанда Триатлон федерациясы ачылып калды. Спорттун ушул түрүнө ыктап, өзүмдү сынап көрөйүнчү дедим. Анан ден соолугуң чың болуп, бошобой да калат экенсиң.

Кыргызский триатлонист Жалалдин Абдувалиев
© Фото / из личного архива Жалалдина Абдувалиева
Жалалдин Абдувалиев триатлон менен эки жылдан бери машыгып келет

— Кыска убакыт ичинде триатлон боюнча Азия чемпионатында эки жолу күмүш медалга жеткениңизди билебиз. Жеңиштер кыйынчылыксыз эле келип калбагандыр?

— Ооба. Спорт гана эмес, бүт нерсе көп эмгекти талап кылат да. Эл сага, сен өзүңө ишенсең, жеңишке жетесиң. Күндө машыгуу. Баары кыйынчылыктар менен коштолду. Спортко келип башкаларга үлгү болоюн дедим. Себеби 2015-жылы Америкага барып, ал жактан көзү көрбөсө да өз алдынча жашаган адамдарды көп көрдүм. Бизде азиздер арасында андай үлгү болчу адамдар өтө аз экен. Жогорку билимдүү, күчтүү адамдар жок эмес, бирок алар өз алдынча жашашпайт, жанында сөзсүз жардамчысы жүрөт. Ошол үчүн үлгү болоюн деп спортту тандагам. Мелдештердеги медалдарга жетүү кыйынга турду. Кыргызстанда машыктыруучулар көзү көрбөгөндөр менен иштешип көрбөптүр. Ошондон улам аларга көңүл бурулбай, үйрөтүүнүн ыкмаларын билишпейт экен. Андай тоскоолдуктардан улам азиздер спорттун бир түрү менен алектене албай калышат экен. Ушундай кыйынчылыктарды жоюу үчүн да спортко кадам таштадым. Башында машыктыруучу таппай кыйналдым. Ошол маалда Триатлон федерациясы ачылып, жаштары менен таанышып, биздин демилгени колдоду. Машыктыруучум Андрей Ханадеев башында бир аз кыйналып жүрүп үйрөттү, биз дагы үйрөндүк. 2017-жылдын башында чемпионаттарга даярдык көрүп катыша баштадым.

— Графигиңиз кызык болуп жатат,  бир күндө эмнелерге жетишесиз?

— Күндө эртең менен саат 6.00дө туруп, 7.00дө машыгууга барам. Ал жакта 11.00гө чейин болуп, төрт саат машыгам. Түштөн кийин 14.00дөн 16.00гө чейин жумушумда болом. Ал жакта көзү азиздерге сабак берип, ак таякча менен басканды, компьютер колдонгонду, орус, англис тилдерин, күнүмдүк керектүү өнөрлөрдү үйрөтөбүз. Кеч курун кайра машыгууга барып, кечки саат 7-8де үйдө болуп калам.

— Экинчи көзүңүз кокустуктан көрбөй калган экен. Оор эле сокку да, кандай кабыл алып, кантип жеңдиңиз?

— Жалал-Абад шаарындагы кафелердин биринде официант болуп иштечүмүн. Кардар менен уруша кетип, токмоктон экинчи көзүм жабыркады. Башында толук көрбөй калганыма көпкө чейин таарынып жүрдүм. Ошондой учурда, эң башкысы, адам сынып калбашы керек экен. Тескерисинче, Кудайга шүгүр деп, көрбөсөм да колу-бутум соо, өз алдымча басып, бир нерсе жасай алам деп тобо кылдым. Ошол окуядан соң жашоом 180 градуска өзгөрдү, спорт мага чоң жардам берди. Жеңиштерди багындырып жаттым, ал жыйынтыктарга өзүм жеттим. Кээде сабалбай калсам жашоо башкача болмок деп, таяк жегениме сүйүнүп калам (күлүп). Бардык нерсе Жараткандын калоосу менен болот да.

Кыргызский триатлонист Жалалдин Абдувалиев
© Фото / из личного архива Жалалдина Абдувалиева
Жалалдин Абдувалиев: тагдырдын мындай сыноосуна кабылбаганда ушундай ийгиликтерге жетет белем, билбейм...

— Адам жалгыздыкта көп нерсени ойлонот эмеспи. Эмнеге кейип, эмнеге ичиңиз чыкпайт?

— Ар бир машыгууда ар кандай ойлор келет. Көбүнчө өзүмдүн мүмкүнчүлүктөрүмдү кеңейтип, жаңы нерселерди өздөштүрсөм дейм. Биздин жумушка ар түрдүү балдар, кыздар келет. Мисалы, 30 жашында келип тамга таанышпайт. Эмнеге аларга өз убагында мүмкүнчүлүк, шарт түзүп берген эмес деп ойлоносуң. Ата-эненин же коомдун дейбизби, айтор, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жасаган мамилесине жаным кейип кетет. Мындан сырткары, жөн жерден эле бизге кол сунуп, мүмкүнчүлүгү чектелген адам экенибизди эске сала беришет. Башка дени сак адамдай эле коомго аралашууга тоскоолдуктар бар. Мамлекет же жеке тараптар шарт түзүп берип жатабыз деп калышат. Алардын жасаганы бизге керекпи же керек эмеспи деп ойлонуп да коюшпайт. Мисалы, көчөлөрдүн кесилишине үн чыгарган жол чырактарды орнотуп жатышат. Иш жүзүндө көзү азиздерге анын кереги жок. Себеби көзү көрбөгөндөр унаанын үнүнө жараша басат. Ал эми мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар башкалардан бөлүнбөй, айырмаланбай коомго аралашкысы келет.

— Көзү азиздер менен түзмө-түз иштешип жүрбөйсүзбү, кандай көйгөйлөргө көп кабылдыңыз?

— Бизде кыргыздарда мүмкүнчүлүгү чектелгендерди гана эмес, жакшы бир идея көтөрүп чыгып, ишке ашырам деген дени сак жарандарды баса калышат го. "Болбойт", "жарабайт" деген стереотиптер аябай көп. Жогорку жакта таанышың эле болуп калбаса, ылдыйдан өйдө чыгуу өтө оор. Көзү азиздерге келсек, азыр абал кичине жакшыра баштады. Биздин ишти эле алсак, 5-6 жыл мурун таяк кармап өз алдынча көчөдө баскандарды көрбөсөк керек. Азыр өзүнүн жашоосун өзү курган андай адамдар көбөйүп, коомдун мамилеси да өзгөрүп жатат. Экинчиден, мен бирөөнү күнөөлүгүм келбейт, биз өзүбүз да күнөөлүбүз. Анткени ден соолугу кичине начар адамдар көчөдө кайыр сурап отуруп калышат. Кудай адамды ар кандай кылып жаратат экен, жашоодо жаманчылык менен жакшылык бирге жүргөндөй эле. Анан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үйдөн чыкпайт, коомго аралашпайт. Бизге келгендер деле таяк колдонуудан уялышат. Мен өз алдынча таяк көтөрүп басуу уят эмес, көчөдө тилемчилик кылып курсак тойгузуу уят деп айтам. Анан көзү азиздерге өз алдынча иштеп, билим алып, өз курсагын өзү тойгузууга шарт түзүп беришибиз керек.

Кыргызский триатлонист Жалалдин Абдувалиев
© Фото / из личного архива Жалалдина Абдувалиева
Спортчу Азия чемпионатында эки жолу күмүш медаль тагынган, учурда ал паралимпиадалык оюндарга катышууга аракет кылууда

— Сиз деле байкап жүргөндүрсүз, бизде мүмкүнчүлүгү чектелген адамды пайдаланып кайыр суратышат.

— Эмне дешти да билбейм... Бир жагымсыз окуя болгон. Биз долбоор жазып, аны япониялык жаран колдоп, көзү азиздерге бир кеңсе сатып берген. Жетекчибиз көзү көргөн эле адам болуп, аны алып алган. Ошол киши менен эки жылдан бери соттошуп жатабыз. Азыр дени сак адамдар мүмкүнчүлүгү чектелгендерди пайдаланып акча тапканды өнөр кылып алышты. Аларды маңкурт дээр элем. Кантип ошол жолго барышат, билбейм. Анан өлкөдөгү тартипсиздиктен да келип чыгууда, көзөмөлдүн жоктугу. Ал киши 130 миң долларды кымырып алып эле эркиндикте жүрөт. Азыр мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдонуп акча тапкан уюмдар аябай эле көбөйүп кетти. Алар жасайт, бирок аз акчаны гана өз багытында сарпташат. Мисалы, 100 миң долларлык долбоор болсо 30 пайызын гана ишке коротот, калганы өзүнүн чөнтөгүндө калат. Жогорку билимдүү, чет тилдерди билген жана чет өлкөдө 2000-3000 доллардай айлыкка иштей ала тургандар кичинекей фондду жетектеп отуруп алат. Анын баары жөн жерден эмес да, ишенбесеңер текшерип көргүлөчү. Андай кичинекей фонд менен жашаш мүмкүн эмес. Ошол эле учурда бул иш менен чын жүрөктөн алектенгендер бар. Алар бул тармактын акчасы менен жашабайт, кошумча кирешеси болуп туруп иштейт.

Кыргызский триатлонист Жалалдин Абдувалиев
© Фото / из личного архива Жалалдина Абдувалиева
Абдувалиев көзү азиздерди окуткан борбордо эмгектенип, бош убактысында спорт менен алектенет

— Түшүнүктүү. Сиз өзүңүздүн жашоо образыңыз менен көптөгөн адамдарга үлгү болуп, дем-күч бересиз. Жашоодо бактылуу адамсызбы?

— Ананчы. Максаты бар киши —  бактылуу адам. Инсан мүмкүнчүлүгү чектелген болуп калса же ошондой болуп төрөлсө, тагдырга таарынып, эч кимди күнөөлөбөш керек. Жөн эле тагдырым ушундай экен деп жыргап жашоосу зарыл. Канчалык таарынып, өзүн басынтса, коомдон ошончолук алыстап кыйналат. Биздин ураан — кандай гана окуя, жагдай болбосун жакшылыкка жоруп коюу. Дайым өскөнгө аракет кылам. Эгерде адам алдыга талпынса, өсөт, токтоп калса башкалардан калып калат. Адам бир жерде эле тура бербейт, анткени бул мыйзам-ченемдүү көрүнүш.

Тема боюнча

Изабеков: Айсулуу Рио Олимпиадасынан кийин турмушка чыгам дегенде болбой койгонбуз
Белгилер:
маек, триатлон, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ