01:17 24 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8230
  • EUR77.6292
  • RUB1.0944
Эт. Архивдик сүрөт

Эттин сүрсүгөнү ышталганына караганда пайдалуу. Адистин кеңеши

© Sputnik / Екатерина Чеснокова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
762 0 0

Дарыгерлер этти сактоо мөөнөтүн эстен чыгарбай, вакуумдук желим баштыктагы эттин зыян экенин белгилешүүдө.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Адам организмине өрдөктүн, каздын, кой менен чочконун эти терс таасир тийгизе турганын диетолог Марина Ваулинага шилтеме берүү менен "Известия" жазды.

Адистин айтымында, мында этти даярдоо дагы өзгөчө мааниге ээ.

"Сууга же бууга бышып, жашылча же курамында клетчатка көп болгон азыктар менен бирге берилген эт жакшы жана бат сиңет", — деди диетолог.

Шишкебек даярдоо үчүн эң мыкты болуп кефир, суу, лимон ширеси же соя соусу менен жасалган маринад эсептелет. Ал эми туздуу маринаддын зыяны көп болору айтылды.

"Ышталган этке караганда сүрсүгөнү алда канча пайдалуураак. Ошол эле тоок этин, колбаса азыктарынын ышталган түрүндө зыяндуу заттар көптүк кылат", — деди Ваулина.

Диетолог жалаң эле малдын этин жей бербей, тооктун, үндүктүн, коёндун этин да аралаштырууну сунуштайт. Ал вакуумдук желим баштыкта тоңдурулган эт азыктарынын зыянын жана этти сактоонун мөөнөтүн эске алуу керектигин белгиледи.

Тема боюнча

Россиянын окумуштуулары жасалма эт даярдашты
Окумуштуулар: арыкташ үчүн эт жеш керек
Белгилер:
канаттуулар, мал, эт

ЭҢ МААНИЛҮҮ