Маршруткада бараткан Раиса Атамбаева. Кеңешчиси түшүндүрмө берди

© Sputnik / Табылды КадырбековСудебное заседание по мере пресечения в отношении бывшего президента Алмазбека Атамбаева в ГКНБ
Судебное заседание по мере пресечения в отношении бывшего президента Алмазбека Атамбаева в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы өлкө башчынын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, интернеттеги тарап жаткан сүрөттө чын эле Раиса Атамбаева. Учурда ал Медициналык академияда сабак берүүсүн улантууда.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Интернетке мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаеванын коомдук транспортто отурган жана көчөдө турган сүрөттөрү тарады.

Колдонуучулар анын Бишкектеги Абдрахманов жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка күтүп турганын жазышкан.

Кадрдан анын эки кишилик орунда отурганын көрүүгө болот. Сүрөт тунук тартылган эмес.

Sputnik маалымат агенттиги бул боюнча мурдагы өлкө башчынын кеңешчиси Кундуз Жолдубаевага кайрылды. Анын айтымында, сүрөткө чындыгында Раиса Атамбаева тартып алынган.

"Анын маршруткага түшкөнүнөн эч кандай айыптуу нерсе көргөн жокмун. Раиса Минахмедовна дайыма жөнөкөйлүгү жана адамгерчиликтүүлүгү менен айырмаланып келет. Мурдагыдай эле Медициналык академияда сабак берүүсүн улантууда", — деди Жолдубаева.

Президент Алмазбек Атамбаев встретился с жителями Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн коррупция уюштурган. Атамбаевге күнөө коюлду
Эскерте кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин жактоочулары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес. 8-августта укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Атамбаев бир нече иш боюнча айыпталууда. Ал УКМКнын убактылуу кармоо жайына 26-октябрга чейин калтырылган. Аны менен кошо бир нече жактоочусу да кармалган. Андан тышкары, үй-бүлөсүнүн мүлкү камакка алынганы белгилүү болгон. 

Раиса Атамбаева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ага дагы кылмыш иши козголуп жатканын, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциядагы үйүнө мөөр басылып, ал жакка кирүүгө мүмкүн эместигин билдирген. Мындан тышкары, 2002-жылы ачылган эсеби да камакка алынганын кошумчалаган.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0