Бишкек ТЭЦи кышка даяр болду

Жазылуу
Күз-кыш жылытуу мезгилине 1 миллион 140 миң тонна көмүр даярдалат.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бардык жабдуулар керектүү оңдоп-даярдоо иштеринен өткөрүлдү. Тендердин жыйынтыгы менен ТЭЦке көмүр жеткирүүчү компания аныкталды. Бул тууралуу "Электр станциялары" ААКнын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

2019-2020-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгили үчүн Бишкек ТЭЦине көмүрдүн белгиленген бир көлөмүн "КонтактУглеПром" компаниясы алып келет.

"Жеткирүүлөрдүн графиги 2020-жылдын мартына чейин эсептелген, биринчи партиясы сентябрда келип калат. Бүгүнкү күнү Бишкек ТЭЦинде 80 миң тонна көмүр бар. Кара-Кеченин көмүрү да алынып келип жатат. Станциянын үзгүлтүксүз иштеши үчүн ушул көлөм жетиштүү", — деди ал.

Жалпысынан күз-кыш жылытуу мезгилине 1 миллион 140 миң тонна көмүр даярдалат.

Бишкек ТЭЦи өлкөнүн түндүгүндөгү электр энергиясын иштеп чыгарган жалгыз ири ишкана болуп саналат. Кыш мезгилинде күнүнө 6-7 миллион кВт/саатка чейин иштеп чыгарат.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0