Үй менен автоунаага салык төлөй элексизби? Сентябрдан тарта рейд жүрөт

Жазылуу
Салык боюнча мамлекеттик кызмат 1-2-сентябрга чейин автоунаа салыгын төлөө зарылдыгын, кечиктирсе 5000 сомго айып чыгарын айтты.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Транспорт, үй жана жер салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд алымдарды төлөө мөөнөтү аяктагандан кийин башталат. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашты.

Ведомстводон салыкты төлөбөй жүрө бергендер бул суммадан сырткары бир нече миң сомго чейинки айыпка жыгыларын да айтышты. Тагыраагы, жеке тараптардын чөнтөгүнөн 1000 сом, ал эми юридикалык жактардыкынан 5000 сом кетет. Мындан сырткары, создуктурган ар бир күн үчүн туум да каралган.

"1-сентябрга чейин транспорт каражаттарына, 2-сентябарга чейин турак үй, батир жана жер салыгын (үй алдындагы, короо-жай жанындагы бактуу чарба жер тилкелери) төлөө зарыл", — деп айтылган маалыматта.

Кеңири маалыматты 1240 номери, www.sti.gov.kg сайты аркылуу, ошондой эле жергиликтүү салык органдарынан алууга болору кабарланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0