Быйыл окуу жылы канчасында башталат? Министрликтин жообу

Жазылуу
Былтыр парламентте окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси каралганы маалымдалган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Быйылкы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туш келип калгандыктан, окуу жылы 2-сентябрда башталат.

"2-сентябрь күнү саат 9:00дө бардык мектептерде Билим күнүнө арналган майрамдык салтанаттар, класстык сааттар өтөт. 3-сентябрдан тарта окуу башталат", — дешти министрликтен.

Эске салсак, былтыр билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева парламенттин сунушу боюнча окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жаткандыгын билдирген. Бирок былтыр түрдүү себептерден окуу жылы 1-сентябрда эле башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0