Сот уланууда. Бишкек ТЭЦи боюнча сурак берип бүткөндөрдүн тизмеси

© Sputnik / Эмиль СадыровПодготовка ТЭЦ Бишкека к зиме
Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жылуулук борборунун модернизациялоо үчүн Кытай тарабынан 386 миллион доллар кредит алынган болчу.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук сотунда ТЭЦ модернизациясындагы кылмыш иши боюнча отурумдар уланууда. Анда күбө катары жүргөн 86 адамдын 52си сурак берип бүткөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришти.

Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Адвокат: ТЭЦти оңдоодогу 111 млн. долларлык зыян боюнча документ жок
Эске салсак, 2018-жылы 26-январда Бишкек ТЭЦинде авария болуп, шаардыктарга жылуулук берүү токтоп калган. Мунун айынан төрт-беш күн бою эл түйшүк тарткан. Буга байланыштуу Бишкек ТЭЦинин директору Нурлан Өмүркул уулу кызматтан кеткен. Андан соң ал реконструкциялоо иштерине жабдууларды өтө кымбат баа менен сатып алышканын айтып чыккан. Жылуулук борборунун модернизациялоо үчүн Кытай тарабынан 386 миллион доллар кредит алынган болчу.

Кийинчерээк бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, 10дон ашуун жетекчи кармалган.

Бүгүнкү күндө суракка алынып бүткөн аткаминерлер:

Андрей Воропаев — Бишкек ТЭЦинин директору, авария болгон учурда башкы инженердин орун басары болгон;

Нурлан Өмүркул уулу — авария болгон учурда Бишкек ТЭЦинин директору болгон;

Мирлан Байгончоков — авария болгон учурда КР финансы министринин мурдагы орун басары болгон;

Нурсулу Ахметова — мурда президенттин аппаратынын стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы болгон;

Осмонбек Бакиев — Бишкек ТЭЦинин мурдагы директору;

Игорь Чудинов — КРдин экс-премьер-министри;

Нургазы Курманбеков — Бишкек ТЭЦинин башкы инженери болгон;

Санжар Муканбетов — Экономика министри. 2013-жылга чейин экономика министринин орун басары, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоору боюнча ведомстволор аралык комиссиянын мүчөсү болгон;

Чыныбай Турсунбеков — ЖК депутаты. Мурда парлменттин спикери, ТВЕА заводун көрүү үчүн Үрүмчү (Кытай) шаарына барып келген депутаттык делегациянын курамында болгон.

Подготовка ТЭЦ Бишкека к зиме - Sputnik Кыргызстан
Мыйзамга каршы көрсөтмө берген. Атамбаевге ТЭЦ боюнча кандай айыптар коюлууда
Соттук процесс судья Инара Гилязетдинованын төрагалыгында өтүп жатат.

ТЭЦ чуусу боюнча ушул тапта УКМКнын тергөө абагында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, ЖК депутаты Осмонбек Артыкбаев, "Электр станциялары" ААКнын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов жана "Улуттук энергохолдинг компаниясы" ААКнын мурдагы башчысы Айбек Калиев отурат. Ал эми мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0