https://sputnik.kg/20260119/1099211734.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө дагы бир жаңы банк ачылдыЙовери Мусевени 7-ирет Уганданын президенти болуп шайландыКыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы төмөндөдүАлдыда... 19.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-19T11:00+0600
2026-01-19T11:00+0600
2026-01-19T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/13/1099211568_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e430994d74873cac4fc472a52e5171b2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө дагы бир жаңы банк ачылдыЙовери Мусевени 7-ирет Уганданын президенти болуп шайландыКыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы төмөндөдүАлдыда кененирээкКыргызстанда акыркы бир нече күндүн ичинде күйүүчү-майлоочу май куюучу жайлар түйүнүндө баа эки сомго төмөндөдү. 19-январдын таңына карата баалар: АИ-92 — 74,4 сом АИ-95 — 79,4 сом Дизель — 78,8 сом Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы баалардын түшүшүн россиялык мунай иштетүүчү заводдордун декабрдын аягында дүң бааны төмөндөтүп, калган запастарын сатып түгөтүшүнө байланыштуу болгонун билдирген.
Былтыркы жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанга 112,5 миң жеңил автоунаа ташылып кирген. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалымтында айтылат. Аталган көлөмдүн үчтөн эки бөлүгүнөн көбүрөөгү, же 87 миң машина Корея менен Кытайга туура кетет. Жалпысынан автоунаа 55 мамлекеттен, анын ичинде Таиланд, Болгария жана ТАРдан ташылган. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөгө кирген машинанын саны дээрлик өзгөргөн эмес.
Кыргызстанда дагы бир жаңы банк ачылды. Башкы финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банк башкармалыгынын 2026-жылдын 14-январындагы чечими менен «Алма Финанс Банк» жабык акционердик коомуна улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди. Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө жаңы коммерциялык «Берекет Банкы» ачылган, ал өлкөдөгү 22-банк болуп калды.
Ички иштер министрлиги калкты финансылык алдамчылыктан коргоого багытталган долбоорду расмий түрдө баштады. Ведомстводон маалымдашкандай, ИИМ аталган долбоорду эл аралык уюм менен биргеликте ишке ашырууда. "Долбоор Япония, Сингапур жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген эл аралык тажрыйбага негизделет. Анын негизги куралы — "визуалдык тыныгуу": банкоматтардын жанына орнотулган милиция кызматкерлеринин макеттери алдамчылардын психологиялык басымын бузуп, жарандарга токтоп, ойлонуп чечим кабыл алууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мындай чаралар каржылык кылмыштарды 40 пайызга чейин азайтууга өбөлгө түзөт. Долбоордун максаты жарандардын каржылык коопсуздугун алдын ала коргоо болуп саналат.
Гренландиянын сатылышына Евробиримдиктин унчукпай макул болуп турушу Киев үчүн апаат болорун Guardian басылмасы жазды. "Гренландия 1985-жылы Европа жамаатынан чыгып кеткен. Ошого карабастан Евробиримдикке мүчө мамлекеттин аймагын мажбурлап сатууга макул болушу ЕБдин дүйнөдөгү саясий ролуна шек келтирип, Украинага болгон колдоосунан да күмөн жаратмак", — деп айтылган маалыматта. Европалыктардын кайрып сөз айтпай, маселени дипломатиялык жол менен гана чечүүгө аракет кылышы Трампты "жайгаруу" аракети ийгиликсиз экенин көрсөтүп жатканын басылма белгилейт.
Уганданын учурдагы президенти, 81 жаштагы Йовери Мусевени президенттик шайлоодо жеңип чыгып, жетинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу ишемби күнү жергиликтүү басылмага таянып РБК кабарлады. Маалыматка ылайык, Мусевени шайлоочулардын 71,65 пайыз добушун алган. Ал бул кызматты 40 жылдан бери аркалап келет жана мурда кызматтан кетүү ниети жок экенин билдирген. Анын негизги атаандашы, оппозициялык талапкер, Роберт Киагуланьи (Боби Вайн деген ат менен таанымал музыкант) 24 пайыз добуш топтогон. 43 жаштагы Киагуланьи 2021-жылы да президенттикке ат салышып, бирок анда жеңишке жетише алган эмес.
Өлкөдө дагы бир жаңы банк ачылдыЙовери Мусевени 7-ирет Уганданын президенти болуп шайландыКыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын баасы төмөндөдүАлдыда кененирээкКыргызстанда акыркы бир нече күндүн ичинде күйүүчү-майлоочу май куюучу жайлар түйүнүндө баа эки сомго төмөндөдү. 19-январдын таңына карата баалар: АИ-92 — 74,4 сом АИ-95 — 79,4 сом Дизель — 78,8 сом Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы баалардын түшүшүн россиялык мунай иштетүүчү заводдордун декабрдын аягында дүң бааны төмөндөтүп, калган запастарын сатып түгөтүшүнө байланыштуу болгонун билдирген.Былтыркы жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстанга 112,5 миң жеңил автоунаа ташылып кирген. Бул тууралуу Статистика комитетинин маалымтында айтылат. Аталган көлөмдүн үчтөн эки бөлүгүнөн көбүрөөгү, же 87 миң машина Корея менен Кытайга туура кетет. Жалпысынан автоунаа 55 мамлекеттен, анын ичинде Таиланд, Болгария жана ТАРдан ташылган. 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өлкөгө кирген машинанын саны дээрлик өзгөргөн эмес. Кыргызстанда дагы бир жаңы банк ачылды. Башкы финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, Улуттук банк башкармалыгынын 2026-жылдын 14-январындагы чечими менен «Алма Финанс Банк» жабык акционердик коомуна улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилди. Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдө жаңы коммерциялык «Берекет Банкы» ачылган, ал өлкөдөгү 22-банк болуп калды.Ички иштер министрлиги калкты финансылык алдамчылыктан коргоого багытталган долбоорду расмий түрдө баштады. Ведомстводон маалымдашкандай, ИИМ аталган долбоорду эл аралык уюм менен биргеликте ишке ашырууда. "Долбоор Япония, Сингапур жана Улуу Британия сыяктуу өлкөлөрдө өзүнүн натыйжалуулугун далилдеген эл аралык тажрыйбага негизделет. Анын негизги куралы — "визуалдык тыныгуу": банкоматтардын жанына орнотулган милиция кызматкерлеринин макеттери алдамчылардын психологиялык басымын бузуп, жарандарга токтоп, ойлонуп чечим кабыл алууга шарт түзөт", - деп айтылат маалыматта. Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, мындай чаралар каржылык кылмыштарды 40 пайызга чейин азайтууга өбөлгө түзөт. Долбоордун максаты жарандардын каржылык коопсуздугун алдын ала коргоо болуп саналат.Гренландиянын сатылышына Евробиримдиктин унчукпай макул болуп турушу Киев үчүн апаат болорун Guardian басылмасы жазды. "Гренландия 1985-жылы Европа жамаатынан чыгып кеткен. Ошого карабастан Евробиримдикке мүчө мамлекеттин аймагын мажбурлап сатууга макул болушу ЕБдин дүйнөдөгү саясий ролуна шек келтирип, Украинага болгон колдоосунан да күмөн жаратмак", — деп айтылган маалыматта. Европалыктардын кайрып сөз айтпай, маселени дипломатиялык жол менен гана чечүүгө аракет кылышы Трампты "жайгаруу" аракети ийгиликсиз экенин көрсөтүп жатканын басылма белгилейт. Уганданын учурдагы президенти, 81 жаштагы Йовери Мусевени президенттик шайлоодо жеңип чыгып, жетинчи мөөнөткө мамлекет башчысы болуп шайланды. Бул тууралуу ишемби күнү жергиликтүү басылмага таянып РБК кабарлады. Маалыматка ылайык, Мусевени шайлоочулардын 71,65 пайыз добушун алган. Ал бул кызматты 40 жылдан бери аркалап келет жана мурда кызматтан кетүү ниети жок экенин билдирген. Анын негизги атаандашы, оппозициялык талапкер, Роберт Киагуланьи (Боби Вайн деген ат менен таанымал музыкант) 24 пайыз добуш топтогон. 43 жаштагы Киагуланьи 2021-жылы да президенттикке ат салышып, бирок анда жеңишке жетише алган эмес.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/13/1099211568_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_baaa6e5975073e85b72bf92182c1a18d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио