Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу

Жазылуу
ЖКККББнын сайтындагы маалыматта күбөлүк ушул жылдын 5-майында бир жылдык мөөнөткө алынган.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын айдоочулук күбөлүктөн ажыратылгандардын тизмесинде Алмазбек Атамбаевдин аты-жөнү бар.

Андагы маалыматка ылайык, Атамбаевдин автоунаа айдоого уруксат берчү документи ушул жылдын 5-майында бир жылдык мөөнөткө алынган. 

© Фото / скриншот с сайта ГУОБДД МВД КРЖКККББнын маалыматына ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу - Sputnik Кыргызстан
ЖКККББнын маалыматына ылайык, Атамбаев Алмазбек Шаршенович айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган

Белгилей кетсек, тизмедеги адамдын аты-жөнү экс-президенттикине дал келет. КСДП бул боюнча кийинчерээк маалымат бере турганын айтты.

Сайтта Атамбаевдин тушунда 231/1 беренеси көрсөтүлгөн, бирок кайсы кодекс экени жазылган эмес. ЖКККББнын маалымат кызматы 231/1 беренеси менен ("Транспорт каражатын мас абалында айдоо") тартип бузгандар буга чейин жазаланып келгенин белгиледи. 

© скриншот с сайта ГУОБДД МВД КРЖКККББ ушул жылдан тарта 238/1 берене менен жазалоо жоюлганын белгиледи
Атамбаев айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылганбы? Милиция менен КСДПнын жообу - Sputnik Кыргызстан
ЖКККББ ушул жылдан тарта 238/1 берене менен жазалоо жоюлганын белгиледи

"Мындай болушу мүмкүн эмес. Бул Административдик кодекстин беренеси, ушул жылдын 1-январынан тарта күчүн жоготкон", — деп кийинчерээк түшүндүрмө берилерин айтышты.

Айта кетчү жагдай, тизмеде Атамбаев эле быйыл аталган берене менен күбөлүктөн ажыратылды деп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0