16:52 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Борбор калаанын мэриясы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жасалып жаткан иштерди айтып берди

Бишкек жана анын кире бериши кантип өзгөрүп жатат? Мэриянын сүрөт отчёту

© пресс-служба мэрии города Бишкек
Коом
Кыскача шилтеме алуу
297 0 0

Ишти "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери аткарууда.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жасалып жаткан иштерди айтып берди.

  • Реконструкция въездного комплекса Аска Таш в Бишкеке
    Борбор калаанын мэриясы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жасалып жаткан иштерди айтып берди
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Реконструкция въездного комплекса Аска Таш в Бишкеке
    Тагыраагы, шаардын кире беришиндеги "Аска-Таш" комплексинин көркөм жасалгасы боюнча маалымат таратылды
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэрия Бишкека отчиталась о благоустройстве города
    Андан сырткары, "Кош келиңиздер" деп жазылган арка толугу менен оңдолуп, Жибек Жолу менен Жаш Гвардия бульварындагы стела жаңыланган
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
  • Мэрия Бишкека отчиталась о благоустройстве города
    Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги стела жазуучунун чыгармасы берген ойдун мотиви менен кайрадан жасалган.
    © пресс-служба мэрии города Бишкек
1 / 4
© пресс-служба мэрии города Бишкек
Борбор калаанын мэриясы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жасалып жаткан иштерди айтып берди

Тагыраагы, шаардын кире беришиндеги "Аска-Таш" комплексинин көркөм жасалгасы боюнча маалымат таратылды.

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери өз колу менен декорацияларды улуттук стилде жасап чыккан.

"Бишкек" жазуусу эми бир топ көрктүү жана көлөмдүү болуп калганы, анын бийиктиги 2,5 метр, туурасы 50 сантиметр болгону маалымдалды. Жаңы жасалгага диоддук жарыктар жана прожекторлор орнотулганын айтышты.

Андан сырткары, "Кош келиңиздер" деп жазылган арка толугу менен оңдолуп, Жибек Жолу менен Жаш Гвардия бульварындагы стела жаңыланган.

Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Горький көчөсүнүн кесилишиндеги стела жазуучунун чыгармасы берген ойдун мотиви менен кайрадан жасалган. Эскиз шаардын башкы сүрөтчүсү Марат Жороевдин колунан чыкты.

Тема боюнча

Бишкекте Жибек Жолу проспектисинин бир бөлүгү жабылды
Филармониянын айланасы жакшыртылып жатат. Сүрөттөр
Белгилер:
эскиз, Бишкек, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ