БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев Батукаевдин иши боюнча сурак берип жатканда абалы начарлап тергөө токтотулду деген маалымат тарады.
Айрымдар аны сурак учурунда "жүрөгү кармап жыгылыптыр" деп да жазган. Ушундай эле маандайдагы постту Facebook баракчасына Эрлан Бекчоро уулу дагы калтырган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги Зарылбек Рысалиевдин өзү менен байланышты. Депутат мындай маалыматты четке какты.
"Мен азыр иш бөлмөмдө Бакай-Атадан келген депутаттарды кабыл алып отурам. Жыгылып калды деген — ушак", — деди Рысалиев.
Ошондой эле ал суракка дагы барбаганын белгиледи.
Кийинчерээк ал Жогорку Кеңештин жыйынында дагы бул тууралуу комментарий берген.
"Рысалиевдин жүрөгү кармап жаман болуп жатыптыр деген маалымат тарап жатат. Мына мен бул жерде жакшынакай эле отурам, тирүүмүн. Суракка барган эмесмин. Жүрөгүм кармап өлүп кала турган жөнөкөй киши эмесмин, айланайындар", — деди ал.
Эл өкүлү ошондой эле тирүү экенин далилдеп жыйындар залынан отуруп-туруп же жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасоого деле макул экенин кошумчалады.
Жакында эле аталган иш боюнча дарыгерлер камакка алынган.
Буга чейин ИИМ Батукаеевдин иши боюнча ошол кездеги саламатык сактоо министри Динара Сагинбаеваны, ЖАМКтын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди кармаган.