Мындай дартка чылымдан башка нерселер дагы себеп болушу мүмкүнбү? Ооруну убагында кантип аныктаса болот, белгилери кандай? Мындай илдетке балдар да кабылабы? Sputnik Кыргызстан агенттигинин ушул жана башка суроолоруна Улуттук онкология борборунун көкүрөк рак бөлүмүнүн башчысы Мукаш Чолпонбаев жооп берди.
Илдет эмнеден пайда болот?
Өпкө рагына алып келе турган заттар чылымдын түтүнүндө да бар. Ал тургай, өзү эмес, күйөөсү чылым чеккен аялдардын көкүрөк рагына кабылган учурлары кездешет. Тамекинин түтүнү чеккен адамды 20 пайызга чейин, ал эми айланасындагы адамдарды 80 пайызга чейин ууландырат.
Ошондой эле завод-фабрикадан, жеке үй, мончолордон чыккан түтүн дагы өпкөдө залалдуу шишикти пайда кылышы мүмкүн. Алсак, көп шамалдабаган ири шаарларда өпкө рагына кабылгандар көп кездешет.
Аталган илдетке кабылгандардын 95 пайызы чылым чеккендер болсо, 5 пайызы башка жол менен чалдыккандар.
Оорунун белгилери
Өпкө рагы эч качан таза организмде пайда болбойт
Залалдуу шишик эч качан таза организмде пайда болбойт. Көбүнчө оору өтүшүп кеткенде, туура эмес дарыланганда залалдуу шишикке айланат. Мисалы, өпкөгө суук тийип же сезгенип калган учурда аны туура эмес дарылап же өтүштүрүп жиберсе, ал өнөкөт дартка айланат. Аны да өз убагында дарылабаса, ракты пайда кылуучу факторлор таасир этип, клеткадагы мутация кайталанып, ракка өтүп кетет. Өпкө рагына көп жылдык процесстен кийин кабылышат. Ал дароо эле таза организмде пайда боло калбайт. Өнөкөт оору өтүшүп өпкө рагына өтүп кеткен учур өспүрүмдөр арасында да катталган. Алсак, дарыгерлер 12 жаштагы кызга операция жасашканы маалым.
Бейтаптар көбүнчө оору өтүшүп кеткенде кайрылышат
Өпкөдөгү залалдуу шишик кээде бир эле операция менен жакшы болуп кетсе, айрымдарына нур, химиотерапия талап кылынат. Бул оорунун деңгээлине жараша.
Онкология борборунун статистикасы боюнча 2017-жылы кекиртек, өпкө жана өпкө бронхтору рагына 465 эркек, 139 аял кабылган.
Дарттын алдын алуу жолу
Дарттын алдын алуунун эң эле ыңгайлуу жолу — сергек жашоо. Мында чылым, насвай чекпей, таза абада көбүрөөк жүрүп, колдон келсе спорттун бир түрү менен машыгуу керек.
Ошондой эле өнөкөт ооруларды, ошол эле жөтөлдү да убагында, туура дарылоо зарыл. Дарыгерлер жазып берген күчтүү препараттардын жарымын ичип таштап салбай, аягына чейин инструкция менен колдонуу зарыл.
Шахта же ширетүү жайларында иштегендер бет кап же респиратор кийип, маал-маалы менен дарыгерге өпкөсүн текшертип турганы оң. Жылына бир жолу дарыгердин көзөмөлүнөн өтүп, рентгенге түшүп коюу ашык болбойт.