Канттагы жоголгон баланы, кылмышкерлерди тапкан милиционерлер сыйланды. Сүрөттөр

© Фото / пресс-служба МВД КРМинистр Кашкар Джунушалиев поощрил оперативных сотрудников, которые участвовали в задержании похитителей мальчика Браилкин Данила
Министр Кашкар Джунушалиев поощрил оперативных сотрудников, которые участвовали в задержании похитителей мальчика Браилкин Данила - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алар Криминалдык милиция кызматынын түзүмүнүн 10 кызматкери экени айтылды.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кант шаарында кечээ, 11-апрелде, Данил Браилкинди уурдаган кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармаган ыкчам кызматкерлер сыйланды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Алар Криминалдык милиция кызматынын түзүмүнүн 10 кызматкери экени айтылды.

© Фото / пресс-служба МВД КРКант шаарында кечээ, 11-апрелде Данил Браилкинди уурдаган кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармаган ыкчам кызматкерлер сыйланды.
Кант шаарында кечээ, 11-апрелде Данил Браилкинди уурдаган кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармаган ыкчам кызматкерлер сыйланды. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кант шаарында кечээ, 11-апрелде Данил Браилкинди уурдаган кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармаган ыкчам кызматкерлер сыйланды.
© Фото / пресс-служба МВД КРИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев бүгүн сыйланган милиция кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга дагы көрсөтүлө тургандыгын белгиледи.
ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев бүгүн сыйланган милиция кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга дагы көрсөтүлө тургандыгын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
2/2
ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев бүгүн сыйланган милиция кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга дагы көрсөтүлө тургандыгын белгиледи.
1/2
Кант шаарында кечээ, 11-апрелде Данил Браилкинди уурдаган кылмышкерлерди жана эки адамдын өлүмүнө шектүү жарандарды кармаган ыкчам кызматкерлер сыйланды.
2/2
ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев бүгүн сыйланган милиция кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга дагы көрсөтүлө тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 11-апрель күнү болжол менен саат 09:00дөр чамасында Ысык-Ата райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Кант шаарынан Данил Браилкин аттуу баланы уурдап кетишкендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн такташып, коомдук резонанс жараткан өзгөчө оор кылмыш ишин жасашкандарды кармашкан.

  • "Каармандык" медалы менен Чүй облустук милициясынын КМКсынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын подполковниги Алтынбек Жоробеков;
  • "Каармандык" медалы менен Чүй облусунун Ысык-Ата райондук милициясынын КМКсынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты Кенжебек Жумабеков сыйланды;

"Кыргыз милициясына 90 жыл" медалы менен төмөнкү кызматкерлер сыйланышты:

  • КМКнын 2-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын подполковниги Чыңгызбек Иманалиев;
  • Чүй облустук милициясынын КМКсынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын капитаны Ринат Айдаргазиев;
  • Чүй облусунун Ысык-Ата райондук милициясынын Новопокровка МАБынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын ага-лейтенанты Айбек Өткүлбеков сыйланды;

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кантта уурдалган өспүрүмдү гараждан алып чыгып жаткан видео
Эскерте кетсек, 2019-жылдын 9-апрель күнү болжол менен саат 23:40тар чамасында Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан оорукананын алдына азиат тектүү адамдар оор абалдагы жарандарды таштап кетишкен. Алар эсине келбей каза болгон. Милиция кызматкерлери өзгөчө оор кылмыш ишине шектүүлөрдүн өздүгүн ыкчам такташып, кармашкан.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Бишкек шаардык милициянын, Чүй облустук милициянын жана Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери сыйланды. Алар:

  • "Каармандык" медалы менен Бишкек шаардык милициясынын Криминалдык милициянын (КМК) Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Нурлан Амангулов;
  • "Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл" медалы менен КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын майору Чыңгыз Төкөлдөшев;
  • "Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл" медалы менен КМКнын 3-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын майору Айзатбек Учбаев;
  • "Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл" медалы менен КМКнын 3-башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын капитаны Уланбек Кудайбергенов;
  • "Кылмыш иликтөө кызматына 100 жыл" медалы менен Бишкек шаардык милициясынын КМКсынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча бөлүмүнүн ыкчам ыйгарым укуктуу өкүлү, милициянын лейтенанты Каныбек Курманалиев сыйланды;

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев бүгүн сыйланган милиция кызматкерлери мамлекеттик сыйлыктарга дагы көрсөтүлө тургандыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0