Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" пунктунда 223 фура өтө албай турат

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация на КПП "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на КПП Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-апрелге караган түнү чек арадан болгону 158 унаа өткөн.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. 1-апрелге карата кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү пунктунда жүк ташуучу 223 автоунаа коңшу мамлекетке өтө албай токтоп турат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 31-март күнү саат 20:00дөн эртең мененки саат 8:00гө чейин чек арадан 158 фура өткөн. Алардын 84үндө күнүмдүк колдонуучу азык-түлүктөр болсо, 74 машина бош болгон.

Андан сырткары, Таластагы "Чоң-Капка" пунктунда учурда 60-70 жеңил машина жана жүк ташуучу 25-30дай автоунаа токтоп турат.

"Мындай абалдын жаралышына чек арадагы тыкыр текшерүү себеп болууда", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми "Ак-Жол", "Чалдыбар", "Токмок" жана "Кең-Булуң" бекеттеринде кезек күткөндөр жок.

Белгилей кетсек, "Ак-Тилек" пунктунда фуралар кезек күтүп, өтө албай турганы боюнча маалымат 29-мартта тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0