08:39 18 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8300
  • EUR77.7592
  • RUB1.1348
Коом
Кыскача шилтеме алуу
1019310

Sputnik Кыргызстан агенттиги төрт ай мурун Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эки тизгин, бир чылбырын колуна алган Улукбек Кочкоров менен маек курду.

Министр аталган мекемедеги көйгөй, маселелерди жана буга чейинки иштери тууралуу учкай кеп салды.

Күтүүсүз сунуш, министрликтеги каралбай калган документтер

— Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында депутат болуп, министрлердин ишин көп эле сынга алсаңар керек. Эми өзүңүз өкмөт мүчөсү болуп калдыңыз. Кимисинин жумушу оор экен?

— Министр болуу кыйын. Себеби сунуштарды эле айтып койбостон, аны ишке ашырыш керек. Тобокелчиликтердин баарын өзүңө алып, жоопкерчилик министрдин мойнуна жүктөлөт. Ал эми депутат сунуштарын айтат, бирок жоопкерчилик болбойт. Министрликте иштөө бир топ оор экен.

— Бул кызматты сизге ким сунуштады? Кандай кабыл алдыңыз?

— Өкмөт башчы. Андан кийин президент менен да отуруп сүйлөштүм. Чындыгында күтүүсүз болду. Финансы, фискалдык, укук коргоо жааттарында иштейм деп ойлогом, бирок эмгек жана социалдык өнүктүрүү тармагын башкарам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес.

Үйдө отурсам эле аппараттан "келип калыңыз" деп чалып калышты. Барсам "чогуу иштешели" деп ушул кызматты сунуштады. Баш тарткан жокмун. Анткени сын айтып сыртта турган башка, чоң бир министрликтин жоопкерчилигин моюнга алып иштөө такыр башка. Анын үстүнө жоопкерчиликтен качпай, элиме бир аз да болсо кызмат кылып, үлүшүмдү кошоюн деп чечтим.

Төрт айдын ичинде өзүм үчүн көп ачылыш жасадым, көп нерсе алдым. Бул кызмат кулк-мүнөзүмө, көз карашыма таасирин тийгизди десем болот.

— Сизге чейинки министр кызматтан ызы-чуу менен кетти эле. Ишке киришкенде кандайдыр бир башаламандыкты байкадыңызбы?

— Ооба, кызматтан министр эле эмес, үч орун басары, статс-катчы дагы кетип министрликти эки жумадай эч ким башкарбай туруп калган. Бул, албетте, жамааттын дагы маанайына, жасаган жумушуна да таасирин тийгизет. Ишти жөнгө салууга аракет кылдык.

Документтер каралбай, аткаруучу тартип төмөндөп кетиптир. Өткөндө коллегияда да ушул маселеге басым жасалды, ондогон да эмес, жүздөгөн документтер каралбай эле калыптыр.

— Кадрдык алмашуу болдубу?

— Кадр алмаштырган жокпуз. Баары өз ордунда иштеп жатат. Тескерисинче, азыр бизге күчтүү, билимдүү жаш адистер керек. Учурда министрликте штаттын 10 пайыздан ашууну бош. Төрт айдан бери аларды толтура албай жатабыз. Мамлекеттик кадр кызматы менен бир топ иш бүтүрүүгө туура келип жаңы эле аяктады. Азыр жаңы 12 позицияга сынак жарыяладык. Анын ичинде үч башкармалыктын орду, 4-5 бөлүм башчылардын кызмат орундары бош турат. Жөнөкөй кызматкерлерди да жумушка алабыз. Учурдан пайдаланып эл үчүн кызмат кылам деген билимдүү жаштарды жумушка чакырат элем. Кызыккандар министрликтин сайтынан же Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан талаптарын карап алса болот.

Министр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улукбек Кочкоров: Министрлик 12 позицияга сынак жарыялады. Анын ичинде үч башкармалыктын орду, 4-5 бөлүм башчылардын кызмат орундары бош турат. Жөнөкөй кызматкерлерди да жумушка алабыз. Учурдан пайдаланып эл үчүн кызмат кылам деген билимдүү жаштарды жумушка чакырам.

— Көпчүлүк сиз жетектеген министрлик менен Социалдык фондду алмаштырып алышат. Башкача айтканда, пенсия боюнча да сиздерди иш алып барат деп ойлойт. Министрликтин милдеттерин тизмектеп бересизби?

— Ооба, калкта пенсия менен биздин кызматкерлер иштейт деген жаңылыш түшүнүк бар. Бирок пенсия Социалдык фонддун милдетине кирет. Аймактарды кыдырганда да көп киши ушуну сурайт. Биз аз камсыз жашагандарга, майыптарга жөлөк пул беребиз. Мындан сырткары, министрликтин милдетине жумушсуз адамдарга көмөк көрсөтүү, эмгек рыногун жөнгө салуу, үй-бүлө институтун, гендер жана балдардын укугун коргоо маселелери кирген. Ошондой эле кедейлердин, жакырлардын санын азайтуу маселеси боюнча да иштеп жатабыз.

Карапайым калктын көйгөйү менен таанышып...

— Министр болуп келгенден бери жер-жерлерди кыдырып жүрөсүз. Элде көйгөй көп болсо керек?

— Калктын социалдык көйгөйү оголе көп. Жумушсуздуктан баштап жөлөк пул ала албай жүргөн адамдарга чейин. Мунун баары мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө түздөн-түз байланыштуу. Майып балдардын бала бакча, мектепке бара албай жаткандыгы, туугандарынын колунда калган мигранттардын балдарынын абалы, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук. Айтор, элде маселе өтө көп экен. Министрлер жер-жерлерге көбүрөөк барса, көйгөйлөрдү угуп өздөрүнө ачылыш жасамак. Анткени аткаминер, депутаттар жазган мыйзам, жобону карапайым эл жон териси менен сезет. Мыйзамдар кандай иштеп жатканын билиш үчүн калкты кыдырыш керек.

Министрлик кызматка жаңы келгенде бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү "муктаж адамдардын 80 пайызы мамлекеттин коргоосуна жетпей жүрөт" деген маалымат берип, "алардын абалы менен таанышуу үчүн алыс барбай эле жаңы конуштарды кыдырып көрүңүз" дешти. Бардым. Жашоо шарты начар үй-бүлөлөрдү көрүп кабыл алган мыйзамдарда мүчүлүштүктөр кеткенин байкадым. Анткени мурда чет өлкөгө мигрант болуп көп киши кете баштаганда балага жөлөк пул алуу үчүн жеңилдик болсун деген ниетте мыйзамга каттоого турган жеринен эмес, жашаган жеринен маалымкат алсын деген өзгөртүү киргизилген.

Бирок аны кабыл алган менен жогоруда жаңы конуштарды кыдырганда ошол маалымкатты ала албаган адамдар көп экенин байкадым. Анткени алар жашаган жаңы конуш кайсы районго карай турганы белгисиз, статусу жок. Анан кантип жашаган жеринен маалымкат ала алат? Ошол себептен жөлөк пул ала албай жүрүшкөндөр да арбын экен.

15-20 миң сомдук батирлерде жашоого мүмкүнчүлүгү жок, жаңы конуштардагы кепедей болгон үйдө бир бөлмөлүү батирге 500-1000 сом төлөп жашап жаткандар... Же ал конушта суу жок, статус бериле элек, кыйын турмушта күн кечирип жаткандар көп экен.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул чегерүү, элди жакыр жашоодон алып чыгуу аракети түздөн-түз ар кайсы ведомстводон көз каранды. Башкача айтканда, бул иштер комплекстүү чараларды талап кылат.

Алсак, жаңы конуш кыдырып жүргөндө 34 жаштагы жалгыз бой келиндикине бардык. Колунда 90 жаштагы апасы, беш баласы бар экенин айтты. Балдары таштанды жайда бөтөлкө чогултуп иштеп күнүнө 80-100 сом таап жан багышат экен. Жөлөк пул ала албай жүрүптүр. Балдарынын документин сурасак, алган эмесмин дейт. Көрсө, паспортунун мөөнөтү бүтүп калыптыр. Аны жаңыртайын десе, катталган жери, өз үйү жок ошол эски паспорт менен жүрүптүр. Бул маселени чечүү үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы, паспорт стол менен иш алып барууга туура келди.

Дагы бир жалгыз бой аялдын жети баласы бар экен. Анын төртөө мектепке барат дейт. Балдары ай сайын "мектепке 200-500 сом" деп акча сурап, алып барбай койсо мугалим эжеси окуучулардын көзүнчө урушуп, уят кыларын айтты. Бул дагы Билим берүү министрлиги жана мэрия менен комплекстүү чече турчу маселе. Үйүндө акчасы жок балдар мектептен шылдың угуп, анан өз жандарын ушундай себептерден улам дагы кыйып жатпайбы.

Бул элдеги толгон-токой маселенин бир-экиси гана.

Аймак кыдыргандан тышкары жумасына бир жолу жарандарды кабыл алам. Бир күндө 50-60тан ашык киши кайрылат. Угуп койчу деп кетирбей арыз-армандарын айтышат.

Өлкөдө социалдык маселе өтө тереңдеп кетиптир.

Экс-депутат Жогорку Кенеша Улукбек Кочкоров и Кандидат в президенты КР на теледебатах на канале КТРК
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улукбек Кочкоров: Президенттикке талапкерлигимди коем же койбойм деп так айта албайм.

Соцкызматкерлердин иши жана айлыгы

— Аймактарда айрым соцкызматкерлер пенсия, жөлөк пул алууга барган адамдардан акча алмайынча документ бүтүрбөйт деп айтышат. Министр катары соцкызматкерлердин ишине кандай баа бересиз?

— Калк айтса, калп айтпайт. Мен муну четке кага албайм. Азыр жетекчилерди чогултуп алып: "Буга чейин кандай иштегениңерди билбейм, бирок министрликтин иши ачык-айкын болуш керек",- деп айтып жатам. Кыргызда "ашың болбосо да, кашың болсун" деген жакшы кеп бар эмеспи. Кайрылган адамдарга жок дегенде жакшы мамиле жасап узаткыла дейм.

— Азыр соцкызматкерлерге мигранттардын балдарын каттоого алуу тапшырмасы берилбедиби. Алардын айылдарды кыдырган жол акысы төлөнүп берилеби? Билишибизче, соцкызматкерлердин маянасы өтө эле төмөн.

— Жер-жерлердеги кызматкерлердин айлыгын сөзсүз көтөрүш керек. Аларга 10 миң сом айлык төлөп туруп, 40-50 миң сом берип койгонсуп көп талап койгон да оңойго турбайт. Отурган жерине жакшы шарт түзүп бербей туруп, айылдарды кыдыруу үчүн унаа менен камсыздабай, райондун борборунан 100 чакырым алыстагы айылга кааласаң жөө бар деп жиберип кое албайбыз. Аймактардагы биздин кызматкерлер отурган кеңселердин айрымдарынын үстүнөн тамчы тамса, кээ биринин полу түшүп кетчүдөй абалга жеткен. Айыл кыдырганга унаасы жок.

Буга чейин үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселелери менен жергиликтүү бийлик иш алып барчу. Азыр бул иш биздин министрликке жүктөлгөн. Элестетип көрүңүз, бир райондо 4-5 соцкызматкер иштейт. Бирок бир райондо 100 миң, айрым жерлерде 300 миң киши жашайт. Же унаа бөлүп бербесек, кээ бир айылдар 100 чакырым алыс жайгашкан болсо, беш кызматкер кантип жумушту сапаттуу аткарат?

Учурда бул маселе боюнча өкмөт башчы менен сүйлөшүп жатабыз. Эсептеп көрсөк, 7000 кишиге бирден соцкызматкер бекитүү керек экен. Андай болсо бизге азыр 1000ге чукул адис зарыл. Анын баарынын айлыгын эсептесек, 164 миллион сом болот. Мен азыр Финансы министрлигине же өкмөткө барсам деле бюджетте акча жок экенин айтат. Бирок аны тапса болот. Ар бир айылда бирден соцкызматкер болбосо, райондогу төрт кызматкердин кайсы айылда эмне болуп жатканын аныктоого мүмкүнчүлүгү жетпейт.

Бийлик элдин ишенимин кайтарам дей турган болсо, ушуга окшогон иштерге акча бөлүшү керек. 164 миллион сом керексиз нерселерге деле жумшалып кетип жатпайбы. Декабрь-январь айларында өлкөдө жүрөк ооруткан, балдардын өлүмүнө алып келген кейиштүү окуялардын бир эмес, бир нечеси катталды.

Ошондо өкмөт башчынын тапшырмасы менен Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги жана жергиликтүү бийлик органдары менен бирге штаб түзүп иш алып бардык. Бирок ал убактылуу эле иш болду. Мындай окуялар кайра кайталанбашы үчүн ар бир айылга соцкызматкер бекитип, үзгүлтүксүз иш алып барган оң. Бир баланын өлүмү 164 миллион сомго турбайт болуш керек.

Жогоруда айтып кеткендей, штаб түзгөндө коомчулукка чыга элек 60 фактыны аныктадык. Анын ичинде 14 жаштагы кызды өз атасы зордуктап, өспүрүм төрөп койгон жагымсыз иш дагы бар...

Министр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улукбек Кочкоров: Жер-жерлердеги кызматкерлердин айлыгын сөзсүз көтөрүш керек. Аларга 10 миң сом айлык төлөп туруп, 40-50 миң сом берип койгонсуп көп талап койгон да оңойго турбайт.

Жумушсуздук, электрондук биржа базасы

— Жумушу жокторго иш таап берүү министрликтин бирден-бир милдетине кирет деп айтып кеттиңиз. Өлкөдө жумуш жоктугунан чет өлкөгө агылгандардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Бул жаатта кандай иш-аракеттер көрүлүп жатат?

— Расмий түрдө өлкөдө жалпы 170 миң жумушсуз адам бар. Анын ичинен министрликтин каттоосунда 90 миңи турат. Бирок 5 сотых жер тилкеси бар адам жумушсуз деп эсептелбейт. Башкача айтканда, жумушсуз дегендердин категориясына кирбейт. Эми бул жаатта дагы көйгөй көп. Учурда өлкөдө 5600гө чукул вакансия бар, бирок ал жакка иш издеп жүргөндөр айлыгы аз, жумушу көп деп барбайт. Жакырлардын жашоосун оңдош үчүн баягы эле мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, өлкөдө кескин реформа жасашыбыз керек.

— Өлкөдө жумушчу орун сунуштаган жарманкелер көп эле өткөрүлүп турабы?

— Бишкек жана Ош шаарларында өтүп турат. Бирок аймактарда мындай нерсе көптөн бери болбой калыптыр. Статистиканы карап чыксам, министрлик аркылуу 2017-жылы 43 миң адам жумуш тапса, 2018-жылы анын саны 27 миңди түзгөн.

Ошол себептен азыр биз пилоттук долбоор катары автоматташтырылган базаны иштеп чыктык. Жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык жерине жайылталы деген пландар бар. Анда иш бере турган адам маалымат базасына кандай жумушчу керек экенин жарыялайт дагы, жумуш издеп жаткан киши ошол жактан бардык маалыматты алып алат.

Мындан сырткары, электрондук биржа базасын дагы түзөлү деп жатабыз. Маселен, аймактарда кээде сантехник, монтер, уста же ашпозчу таппай калышат. Дал ушул кызматтын баарын электрондук биржа базасына киргизүү каралып жатат. Башкача айтканда, каалаган адам ал базага интернет аркылуу кирип керектүү кызматын таап алат.

Президенттик шайлоо, УКМКдагы иштер

— 2017-жылкы президенттик шайлоого катышып жүрдүңүз эле. Кийинки президенттик шайлоого да ат салышасызбы?

— Баары Кудайдын буйругуна жараша болот. Азыркы заманда эртеңкиге план түзүү деле кыйын болуп калды. Бүгүн бар, эртең жокпуз. Эң башкысы, элге кызмат кылып, калктын жашоосун жакшыртууга аракет кылмакчымын. Президенттикке талапкерлигимди коем же койбойм деп так айта албайм.

Министр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров во время интервью на радиостудии Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улукбек Кочкоров: УКМКда 13 жыл иштедим. Катардагы кызматкерден баштап, башкармалык жетекчилигине чейин жетип, полковник наамына ээ болгом.

— Бир канча жыл Улуттук коопсуздук мамлекекеттик комитетинде иштептирсиз...

— Кесибим боюнча экономист-финансист болгондуктан УКМКда экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш алып бардым. Экономикалык жаатта кандай коркунучтар бар экенине анализ жасап, президент, өкмөт башчыга маалымат берип турчубуз. Жумушка чакырып жатканда "экономикалык коопсуздук боюнча башчылык ачтык, каржы жаатында иштеген балдар керек болуп жатат" деп чакыртышкан. 13 жыл иштедим. Катардагы кызматкерден баштап, башкармалык жетекчилигине чейин жетип, полковник наамына ээ болгом.

Убагында башка мамлекеттер менен келишим түзүлүп жатканда өлкө кызыкчылыгын сатып, башка бирөөнүн кызыкчылыгын коргогондугу үчүн премьер-министрге чейин иш козгогонбуз. Тилекке каршы, ал иштер 3-4 күндүн ичинде эле жабылып кеткен...

Үй-бүлөсү, эс алуусу тууралуу

— Үй-бүлөңүз тууралуу да азыноолак кеп кылып кетсеңиз?

— Жумушчунун үйүндө төрөлгөм. Атам айыл чарба инженери болуп эмгектенген, азыр пенсияда. Энебиз болсо эсепчи болуп иштеген. Орто жашаган үй-бүлө болчубуз. Кудайга шүгүр, кийимибиз бүтүн, курсагыбыз ток чоңойдук. Ата-энебиз билим, тарбия берди. Алты бир тууганмын. Алтообуз тең жогорку билимдүү, баары өз ордун тапкан.

Өзүмдүн дагы алты балам бар. Төрт уул, эки кыз. Келинчегим Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыгер болуп эмгектенет.

Министр труда и социального развития КР Улукбек Кочкоров с семьей
© Фото / из личного архива Улукбека Кочкорова
Улукбек Кочкоров: Кечкисин бир же эки саат баарыбыз чогуу "үй-бүлөлүк саат" өткөрөбүз. Анда шахмат, шашки ойноп, чакан чемпионат уюштура калабыз.

— Бош убактыңызды кайда, кантип өткөрөсүз?

— Мүмкүнчүлүк болгондо балдар менен паркка же кинотеатрга барам. Лыжа тээп, жаратылышка чыгып эс алганды жакшы көрөбүз. Балдар дагы "качан эс аласыз" деп дем алыш күндөрдү күтүп калат. Колдон келишинче бош убактымды балдар менен өткөрүүгө аракет кылам.

Кечкисин бир же эки саат баарыбыз чогуу "үй-бүлөлүк саат" өткөрөбүз. Анда шахмат, шашки ойноп, чакан чемпионат уюштура калабыз. Тилекке каршы, акыркы убакта жумуш көп болуп булар да азайып баратат.

Тема боюнча

Аида Салянова: резиденциядан башка жерден үй кызматкер жумшаган жокмун
Бишкекти кантип кулпуртса болот? Жаңы мэр Азиз Суракматов менен маек
Белгилер:
саясат, Кыргызстан, министр, Улукбек Кочкоров, маек

ЭҢ МААНИЛҮҮ