Түркияда операцияны кантип бекер жасатууга болот? Квотанын шарт-талабы

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүФедеральный центр сердечно-сосудистой хирургии в Челябинске
Федеральный центр сердечно-сосудистой хирургии в Челябинске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оору-сыркоодон алыс кылсын деңизчи, анткен менен ар түрдүү илдетке илээшип, дарыланууга каражат таппай карайлагандарды күн сайын көрөбүз. Айрымдарын чет мамлекеттен гана айыктырууга мүмкүн болгону менен бардыгынын эле ага кудурети жетпейт.

Мамлекет жарандарын сырттан дарылатууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү максатында квота караштырып келет. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги кайсы өлкөлөрдөн квота алуу мүмкүн экендигин билип көрдү.

Маалымат Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек саясаты жана медициналык жардам уюштуруу башкармалыгы менен биргеликте даярдалды.

Квота бөлүп берген жалгыз өлкө — Түркия

Башкармалыктын маалыматы боюнча Саламаттык сактоо министрлиги татаал операцияга муктаж жарандарды чет өлкөдө акысыз дарылатуу максатында бир нече өлкө менен жолугушуу уюштурса да келишимдерге кол коюлган эмес. Себеби бейтапты кабыл алчу мамлекет көп чыгымга учурай турганын жүйө келтирген.

Сарымсак, пияз жана перец. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сасык тумоодон оолак болуунун кыргызча жолдору. Апамдан үй шартындагы беш лайфхак
Маселен, учурда жогорку технологиялардын жардамы менен ишке ашкан операциялар Түркия ооруканаларында гана ишке ашып келет. Бул багытта Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы келишимге 2014-жылдын 3-июнунда Анкара шаарында кол коюлган. Ал "КРдин жана ТРдин өкмөтүнүн ортосундагы саламаттыкты сактоо жана медицина тармагындагы кызматташтык" келишиминин негизинде жүргүзүлөт.

Аталган келишим кыргыз өкмөтү тарабынан 2014-жылдын 1-сентябрында 515-токтому менен бекитилген. Анын 4-беренесине ылайык, жылына 100 квота каралган. 50 бейтап Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан, ал эми дагы 50 бейтап Түркиянын Бишкек шаарындагы элчилиги тарабынан тандалат. Учурда квотанын санын 150гө чейин көтөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Бардык эле илдетке квота берилбейт

Квотанын негизги максаты Кыргызстандын бейтапканаларында жасаганга мүмкүн болбогон жана жогорку технологиялык жабдыктардын жардамы менен ишке аша турган операцияларды жасоо болуп эсептелинет. Министрликте кайсы ооруга квота берсе болот же болбойт деген тизме жок. Ар бир бейтаптын арызы жекече каралат. Жаш курак чектелбейт.

Квотанын алкагында абдан шашылыш жардам көрсөтүүнү талап кылган оорулар (инсульт, жаракат алуу), реабилитациялык жана узак мөөнөттүү дарылоону талап кылган илдеттер каралган эмес.

Операция бекер, бирок...

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаным көзүмө көрүнүп турса эмне кылам? Бишкектеги ооруканалардын дайын-дареги
Түркиянын мамлекеттик бейтапканаларында дарылоо акысыз жүргүзүлөт, бирок жол кире, мейманкана, тамак-аш, күнүмдүк чыгым, медициналык камсыздандыруу, медициналык кагаздарды англис жана түрк тилдерине которуу, ошондой эле котормочу жалдоо үчүн каражат бейтап тарабынан төлөнөт. Органын алмаштырам (трансплантация) деген бейтаптын донору, ага тиешелүү медициналык изилдөөдөн өткөн кагаздары даяр болушу керек.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек саясаты жана медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын берген маалыматы боюнча айрым жарандар колуна квота алганы менен жол киресине акча таппай, убакытты создуктуруп жиберет. Мындай учурда квота "күйүп" кетпейт.

Учурда бекер операция жасатам деп кезекте тургандардын саны 250гө жетет. Кайсы бир бейтап операциясын эртерээк жасатат элем деп кезегин алдыга жылдыра албайт, мындайча айтканда, бардыгы келишим менен жүргүзүлөт.

Бекер операция жасатуу мүмкүнчүлүгүнө кантип ээ болуу керек?

Квота аркылуу дарыланууну көздөгөн бейтаптар КРдин саламаттык сактоо министринин атына тиешелүү арыз менен кайрылуусу керек. Арыз баракчасына төмөнкү документтердин көчүрмөсү тиркелет:

1. Оору баянынын көчүрмөсү;

2. Паспорттун көчүрмөсү;

3. Туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү (баланын жашы жете элек болсо) же ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү;

4. Майыптыгы тууралуу корутунду (эгерде бар болсо);

Мушкерге медициналык жардам көрсөтүп жаткан дарыгерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айласыздан залдагы байкени "доктур" кылып алган. Өлкөдөгү спорт медицинасынын кейпи
5. Бейтаптын ден соолугу боюнча жасалган лабораториялык жана башка изилдөөлөрдүн жыйынтыгы жана котормосу (түрк же англис тилинде).

Арыз алгач Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы медициналык жардам уюштуруу жана дары саясат башкармалыгына түшөт. Андан кийин ведомстволор аралык комиссия арыздарды карап чыгып, операцияга муктаждарды иргейт. Ошондон кийин гана документтер Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги жана мамлекеттик ооруканалар башкы башкармалыгына жөнөтүлөт.

Кыргызстан чет элдиктерге квота бере алабы?

Өлкө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ) жана Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) мүчөсү болгондуктан ортодогу келишимдердин негизинде бул мамлекеттердин жарандарына шашылыш жана кечиктирилгис медициналык жардамдарды жеңилдетилген түрдө көрсөтөт. Квота жок.

Квота боюнча суроолор болсо Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясат башкармалыгы менен 0312 621837 телефону аркылуу байланышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0