Өткүрбек Жамшитов каза болгон прокурордун окуясын тактоо үчүн Баткенге учуп кетти

Жазылуу
Маркум ок жеп каза тапты, денесинде зомбулуктун белгилери болгон.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов облус прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнүн жагдайларын тактоо үчүн Баткенге учуп кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Портфель на рабочем столе - Sputnik Кыргызстан
Түндө киши колдуу болгон Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өмүр баяны
Прокурордун сөөгү 18-ноябрга караган түнү Төрт-Көл суу сактагычына жакын жердеги жолдо табылган. Анын денесинде зомбулуктун белгилери болгон. Укук коргоо органдары шектүү катары Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигин кармаган. Ал каргашалуу окуя болгонго чейин прокурор менен чогуу жүргөндүгүн көргөндөр бар. Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду.

"Өткүрбек Жамшитов Баткенге саат 15.00дө учуп кетти", — деп маалымат кызматынан кабарлашты.

Ошондой эле Башкы прокуратурадан каза болгон прокурордун жакындарына акчалай жардам көрсөтүлө тургандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0