Бишкектеги балдар хосписинде түтүк жарылып, имаратты суу каптады. Жардам керек

© AFP / TED ALJIBE Последствия проливных дождей в Маниле
Последствия проливных дождей в Маниле - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармакта балдар хосписин калыбына келтирүү үчүн каржылык колдоо көрсөтүүнү демилгелешүүдө.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкектеги "Биринчи балдар хосписи" коомдук кайрымдуулук фондусунун имаратын суу каптап, эмерек, техникалар жарактан чыгып калды. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине фонддун жетекчиси Динара Аляева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 8-ноябрда, эртең менен ысык суу кеткен түтүк жарылып имараттын биринчи кабатын жана жер төлөсүн суу каптаган. 

© Фото / Авланбек ЖумабаевПрорыв трубы в детском хосписе в Бишкеке
Прорыв трубы в детском хосписе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Прорыв трубы в детском хосписе в Бишкеке

"Дем алыш күн болгондуктан, бактыга жараша, ичинде балдар болгон эмес. Катуу басым менен чыккан суу имараттын ичин каптап, эмерек менен техника жараксыз болуп калды. Эми аны сатып алып, бөлмөлөрдү капиталдык ремонттон өткөрүүгө мажбурбуз", — деди Аляева. 

© Фото / Авланбек ЖумабаевПрорыв трубы в детском хосписе в Бишкеке
Прорыв трубы в детском хосписе в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Прорыв трубы в детском хосписе в Бишкеке

Жылуулук батареясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарынын бир бөлүгү он күнгө жылуулуксуз калды. Себеби
Авария болгон жайга "Бишкекжылуулуктармагы" жана "Бишкексууканал" ишканасынын кызматкерлери барып сууну сыртка сордуруп чыгып, жарылган түтүктү оңдоп кетишкен.

Мындан улам дароо эле социалдык тармакта балдар хосписин калыбына келтирүү үчүн каржылык колдоо көрсөтүүнү демилгелеп чыгышты.

Белгилей кетсек, "Биринчи балдар хосписи" коомдук кайрымдуулук фонду оор илдеттен жапа чеккен балдар менен үй-бүлөлөргө медициналык, материалдык жана психологиялык колдоо көрсөтүү менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0