Ошто окуучулар вице-премьерди эстери оогончо күткөн. Өмүрбекова эмне дейт

Жазылуу
Алтынай Өмүрбекова мектептин ачылышына 40 мүнөт эрте барганын айтууда.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн, 28-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районундагы мектептин ачылышында бийлик өкүлдөрүнүн келишин күтүп катарга тизилип турган башталгыч класстын окуучулары өзүн жаман сезип жыгылып кала жаздады. Бул туурасында Turmush сайты жазды.

Маалыматка караганда, алар концерттик номурларга 2,5 саат даярданып күндүн ысыгында турушкан. Андан соң ачылыш аземине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев барган.

Бирок өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мындай маалымат туура эмес экенин айтты.

"Окуучуларды саат 10.45де тизе башташкан. Алтынай Сейитбековна саат 10.50дө барган. Программа боюнча ачылыш аземи саат 11.30да башталмак. Ошондо ал 40 мүнөт мурун барып иш-чара эрте башталган. Айрым жергиликтүү маалымат булактардын жазганы чындыкка дал келбейт", — деди Эсенгул уулу.

Бул боюнча Алтынай Өмүрбекова дагы Facebook баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди. Бирок анын жазганы менен маалымат катчынын айткан убактысы дал келбей жатат.

В этом сарае учатся школьники Кыргызстана? Видео, возмутившее всех - Sputnik Кыргызстан
Ыйлагың келет! Ноокат районундагы урайын деп калган мектептин видеосу
"Мектептин ачылышы саат 12.00гө пландалган. Бирок биз саат 11.20да барып, 11.30да башталды. Албетте окуучуларды катарга тизүүгө эч ким тапшырма берген эмес. Мектептин курулушу 10 жылдан ашуун убакытка созулуп, бул күндү айылдыктар көптөн бери күтүп келишкен. Алдыда мындай форматты карап чыгабыз. Ушуга окшогон иш-чараларга балдарды пайдаланууга тыюу салабыз", — деди Өмүрбекова.

Аталган мектеп Кара-Суу районундагы Катта-Талдык айыл аймагынын Кызыл-Ордо айылында жайгашкан. Айыл өкмөт башчысы Кантөрө Жантөрөев бүгүн чынында эле күн ысык болгонун тастыктады.

"Күн ысык болду. Мындан улам балдар эмес, чоң кишилер да көлөкөдө отурду. Андай факты болгон эмес. Ушуну чыгаргандарды сотко бериш керек. Туура эмес маалыматты жазып, элдин маанайын бузуп жатышат. Вице-премьер кечиксе бир жөн, ал дээрлик бир саатка эрте келип баштаганбыз да. Сүрөттө балдар көлөкөлөп турган дубал мектептин алдында жайгашкан. Ал жерде балдар күнүгө эле ошентип отурушат. Ар бирин кармай албайсың, күн тийгенде көлөкөлөп отурушса керек да. Эч ким нааразы болгон жок, элден да сурасын. Өзүн жаман сезсе көлөкөгө отургузбай, тез жардам чакырмакпыз да", — деди Жантөрөев.

Айыл өкмөт башчынын айтымында, жаңы ачылган "Орто мечит" атындагы мектеп 300 окуучуга ылайыкташкан. 27 мугалим эмгектенет. Анын курулушу 8 жыл дегенде соңуна чыккан. Кызыл-Ордонун окуучулары буга чейин чакан имаратта окуп келишкен. Эми ал бала бакча болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0