Жогорку сот Сапар Исаковду камакта калтырды

© Sputnik / Расул УсеналиевСуд над Сапаром Исаковым в здание Верховного суда
Суд над Сапаром Исаковым в здание Верховного суда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сапар Исаков Кылмыш жаза кодексинин "коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Жогорку сот мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун аны тергөө аяктаганга чейин камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды. Сот отуруму жабык эшик артында өттү.

Жогорку соттун имаратына Сапар Исаковдун 20-30га жакын жактоочусу келди. Алар колдоруна "Сапар Исаковдун күнөөлүү экенине ишенбейбиз", "Жаштар Сапар Исаков менен", "Сапар Исаковду коё бергиле", "Адилеттүүлүккө ишенебиз" деген транспаранттарды кармап алышкан.

Жогорку сот Сапар Исаковдун баш коргоо чарасын жабык эшик артында карап жатат. - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковду колдогон эл Жогорку соттун алдында топтолуп турат. Сүрөт
Эске салсак, 2018-жылы 5-июнда мурдагы премьер Сапар Исаков Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган.

Ал Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаковдун жактоочулары анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотуна кайрылып, ал биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тараткан расмий билдирүүсүнө ылайык, Сапар Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланган. Ал адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттер аркылуу подрядчыны тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Натыйжада мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0