Жээнбеков: дарыгерлердин айлык акысын көбөйтүү каралып жатат

Жазылуу
Мамлекет башчы оорукананын башкы дарыгери Алтынбек Бокоевге 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ушу тапта медицина кызматкерлеринин айлык акысын жогорулатуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Таласка болгон иш сапарынын учурунда Кара-Буурадагы оорукананын ачылышында айтты.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынын билдиргени боюнча эки кабаттуу оорукана Аманбаев айыл аймагында жайгашкан. Келгендерди жаңы мекеменин ачылышы менен куттуктап, аймактарда жашаган элдин турмушу үчүн бардык шарттар түзүлүшү керектигин белгиледи.

"Жыл сайын саламаттык сактоо объектилерин куруу, калыбына келтирүү жана оңдоп-түзөө үчүн миллиарддаган каражат бөлүнөт. 2011-жылдан бери медиктердин маянасы көтөрүлө элек. Ушу тапта бул маселени карап жатабыз", — деди президент.

Оорукана кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мөөнөтү 4 жылга узарган ординатурага 1 млн. сом керек! Маселенин күңгөй-тескейи
Жээнбеков оорукананын башкы дарыгери Алтынбек Бокоевге 300 миң сомдук сертификат тапшырды.

Белгилей кетсек, Аманбаев айылындагы оорукананын курулушу 2014-жылы башталып, 65,6 миллион сом сарпталган. Мекемеде 50 киши иштемекчи, анын 15и — дарыгер болсо, 20сы — орто, 18и — кенже медицинадык персонал. Жыл сайын аталган ооруканага мамлекет 60 миллион сом бөлүп турмакчы. Медицинадык жай райондун 14 айылынын элине кызмат кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0