00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
11:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Спички и Транспортир
Оливье, ёлка и обещание начать заново: зачем нам всё это каждый год
14:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Поэзияда жаңы ысымдар, жаңы дем – Жаштарга жол ачкан “Жаш акын” сынагы өттү
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Стоп-кадр
«Агент келин» — күлкү, күтүүсүз окуя жана жаңы жылга жагымдуу маанай
17:16
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
44 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
18:45
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ош шаардык соту түнкү клубда балдарды сабагандарды абактан чыгарып ийди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын бири кылмыштуу топтун мүчөсү, экинчиси ММА мушкери болгон.

БИШКЕК, 28-июн. — Sputnik. Ош шаардык милициясы үч баланы сабады деген шек менен кармаган MMA мушкери жана кылмыштуу топтун мүчөсүн шаардык сот үй камагына чыгарды. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Эскерте кетсек, 25 жаштагы Ж.Р. жана 24 жаштагы А.Б. аттуу адамдар калаадагы түнкү клубдардын биринде үч баланы ур-токмокко алды деген шек менен 25-июнда кармалган. Окуя 20-июнь күнү болгон.

"Кечээ, 27-июнда түштөн кийин Ош шаардык сотунда шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып үй камагына бошотулду. Тергөөчүлөрдүн аларды абакта калтыруу боюнча өтүнүчүн сот канааттарбай койду", — деп айтылат маалыматта.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: "Карышкыр" каймана аты менен белгилүү кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды
Колго түшүрүлгөндөрдүн бири 25 жаштагы Ж.Р. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат. Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактын билдиргенине караганда, кармалгандардын экинчиси Ош шаарынын тургуну — ММА мушкери.

Аталган факты боюнча алгач Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, кийин экспертизанын жыйынтыгы менен юридикалык баа берилип, кылмыш иши 105-беренеге (ден соолукка жеңил залака тийгизүү) өзгөртүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0