ШИИБ: Ошто мушташ чыгарган MMA мушкери менен кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

© AFP / FRED DUFOURКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түнкү клубдагы мушташ 20-июнда болгон.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Ош шаарынын милициясы 25 жаштагы Ж.Р. жана 24 жаштагы А.Б. аттуу адамдарды калаадагы түнкү клубдардын биринде үч баланы сабаган деген шек менен кармады. Бул тууралуу Ош ШИИББден маалымдашты.

"Окуя 20-июнь күнү болгон. Жабырлануучулардын айтымында, эки киши аларга тийишип, кол салган. Натыйжада биринин жаагы сынса, экинчиси жеңил жаракат алган", — деп милициядан билдиришти.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: баңгизатын колдонду делген телеканалдын редактору милиционерди коюп кетти
Шектүүлөр 25-июнь күнү колго түшүрүлгөн. Алардын бири 25 жаштагы Ж.Р. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактын билдиргенине караганда, кармалгандардын экинчиси Ош шаарынын тургуну — ММА мушкери.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгына жараша юридикалык баа берилип, кылмыш иши 105-беренеге (ден соолукка жеңил залака тийгизүү) өзгөртүлүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0