Бишкек ТЭЦтине көмүр ташыган айдоочулар иш таштады. Себеби эмнеде?

© © SputnikБишкек шаарынын ТЭЦине көмүр ташыган айдоочулар иш таштады
Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр ташыган айдоочулар иш таштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчылык айдоочулар буга чейин көмүрдүн бир тоннасын 800-850 сомдон ташып келишкен.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр ташыган айдоочулар иш таштады. Бул туурасында аймактык кабарчы жеринен билдирди. 

© © SputnikБишкек шаарынын ТЭЦине көмүр ташыган айдоочулар иш таштады
Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр ташыган айдоочулар иш таштады - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр ташыган айдоочулар иш таштады
© © SputnikМаалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары кызмат акысын көтөрүп берүнү талап кылып 20 күндөн бери Балыкчы — Нарын жолундагы тараза көзөмөлүнүн жанында турушат.
Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары кызмат акысын көтөрүп берүнү талап кылып 20 күндөн бери Балыкчы — Нарын жолундагы тараза көзөмөлүнүн жанында турушат. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары кызмат акысын көтөрүп берүнү талап кылып 20 күндөн бери Балыкчы — Нарын жолундагы тараза көзөмөлүнүн жанында турушат.
1/2
Бишкек шаарынын ТЭЦине көмүр ташыган айдоочулар иш таштады
2/2
Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары кызмат акысын көтөрүп берүнү талап кылып 20 күндөн бери Балыкчы — Нарын жолундагы тараза көзөмөлүнүн жанында турушат.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаанын айдоочулары кызмат акысын көтөрүп берүнү талап кылып 20 күндөн бери Балыкчы — Нарын жолундагы тараза көзөмөлүнүн жанында турушат. 

Алардын бири Айбек Ибраимов бул жумушта үч жылдан бери иштеп жүргөнүн айтты. 

“10 жылдан бери ТЭЦке көмүр ташыган транспорт кызматынын баасы тоннасына 800-850 сомдон жогорулабай койду. Бүгүнкү күндө майдын баасы көтөрүлүп, унаа тетиктери да күндөн-күнгө кымбаттаганына байланыштуу кызмат акыны 1500 сомго чейин көтөрүүнү талап кылабыз”, — деди Ибраимов. 

Алар көмүрдү Бишкек ТЭЦине “Кара-Кече” кенинен ташып келишчү. Дагы бир айдоочу Жаналы Чолпонбаевдин айтымында, Балыкчы шаарынын тургундары көмүр ташууну негизги жумуш катары көрүп, сезон сайын беш ай иштеп калышчу.

Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламентте ТЭЦке жагылып жаткан көмүрдүн чоо-жайы талашка түштү
“Балыкчыны шоопурлардын шаары деп билишет. Биз ушуну менен жан багабыз. Мурун солярка арзан кезинде 1000 сомдон болсо, азыр кымбаттаганда 800 сомго түшүрүп салып, актабай калды. Солярка 45 сом болду, бир эле дөңгөлөктүн баасы 10-15 миң сом. Бизди деле аяп койсоңуздар. Жеке айдоочулардан сырткары тендерден утуп Бишкек ТЭЦине көмүр ташыган 17 компания бар экен. Мындан улам биз четте калып, “арзан десеңер иштебей эле койгула” дегендей кылып жатышат. Арабызда 20 жылдан бери эмгектенген айдоочулар бар, айрымдары КамАЗ унаасын насыяга алган, алар акчаларын убагында чыгара албай калууда”, — деди Чолпонбаев. 

Айдоочулар бул маселе боюнча Балыкчы шаарынын мэриясына, “Кыргыз көмүр ишканасына” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлүнө, ЖК төрагасына, премьер-министрге жана тийиштүү мекемелерге кайрылганын айтышат. Буга байланыштуу эки жолу жыйын өтүп, бирок натыйжа болгон эмес. 

Эртең, 14-июнда, бул маселе тууралуу кезектеги жыйын болору күтүлүүдө. 

Sputnik маселенин чоо-жайын дагы иликтеп, кошумча маалымат берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0