БИШКЕК, 8-май. — Sputnik. Бишкекте ысык суу 21-майдан 21-июнга чейин өчүрүлөрүн муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.
Бул тууралуу токтомго Бишкек мэри бүгүн, 8-май күнү кол койду.
"Ысык суунун өчүрүлүшү кышка сапаттуу даярдануу үчүн түтүктөргө оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү менен байланыштуу", — деп айтылат маалыматта.
Былтыркы жылы ысык суу 22-майдан тарта токтотулган.