Бишкектеги катуу шамал шаардыктарды санаага салды. Сүрөт, видео

© Sputnik / Нурис АлымбаевПоследствия сильного ветра в Бишкеке
Последствия сильного ветра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада кечинде ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен катуу шамал болду

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында кечки саат 19:00дөн өткөндөн кийин катуу шамал болуп, шаардыктарды санаага салды.

Ала-Тоо аянты желексиз калды. Катуу шамал негизги тууну алып түштү - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" аянты желексиз калды. Катуу шамал негизги тууну алып түштү
Социалдык тармактын колдонуучулары катуу шамалды сүрөт, видеого тартып алып, жарандарды сак болууга чакырышты.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 24-апрелде, кечинде катуу шамал болорун алдын ала эскерткен.

Шамал борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы желекти жулуп кетти.

Катуу шамалды социалдык тармактын колдонуучулары кандай кабыл алды? Айрым сүрөт, видеолорду топтодук.

Эсен Салиев аттуу колдонуучу ата-энелерге кайрылып, балдарды тезинен үйгө алып кирүүгө үндөдү.

Ольга Трукханова аттуу колдонуучу катуу шамал Бишкекке чейин жетерин айтып, башкаларды сак болууга чакырды.

Самат Кыдырбаев аттуу колдонуучу алай-дүлөй шамалдан чочулаганын жашырган жок.

Элеонора Мамбетшакирова болсо Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишин видеого тартып алган.

​Александр Губин аттуу колдонуучу чаңда калган Бишкек шаарынын сүрөтүн жарыялады.

Ал ортодо Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал Талас облусунда дагы катталып, үйдүн чатырын алып кеткенин билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0