Жолдошумдун арбагы келип "мени кое бер" деп өтүндү. Жесир калган келиндин ыйы

© Sputnik / Табылды КадырбековРедактор и ведущая радиостанции "Европа плюс" Алина Баженова
Редактор и ведущая радиостанции Европа плюс Алина Баженова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26 жаштагы кыргызстандык келин реанимациянын оозунда шорпо куюлган банканы мыкчый кармайт. Көзүнчө эле операциядан чыкпай жан берген бирөөнү сүйрөп өтүштү. "Жаныбек, өтүнөм, баарына кайылмын, сен болгону жаша!", — деп жаш келин Кудайга жалбарып жатты.

Кыргызстандын ар бир тургуну "Европа плюс" радиостанциясынын редактору жана алып баруучусу Алина Баженованын авазын өмүрүндө жок дегенде бир ирет тыңдаса керек. Он эки жылдык кесиптик чыйырында ал журналисттерге далай жолу маек куруп берди. Бирок, 2011-жылдын күзүндөгү каргаша тууралуу көп кеп козгобойт.

Суроолорум менен жүрөгүн дагы канатамбы деп көпкө толгондум. Бирок, акыры баары бир сурабай кое албадым. Кыргызстанда мушташкандан кайра тартпаган каны ысык канчалаган жаш балдар бар! Кесепети эмнеге алып келерин алар да биле жүрүшсүн…

— Алина, сөздү бала чагыңыздан баштасак…

— Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөм. Ата-энем жергиликтүү электр лампа заводунда иштеген. Үйдө беш баланын улуусумун. Атам менен апамдан кийин эле инилерим менен сиңдилериме мен баш-көз болдум.

Нападение на ночной клуб Reina в Стамбуле - Sputnik Кыргызстан
Баламдын кыркынан кийин эле келиним күйөөгө тийип кетти. 7 небереси менен калган аял
Алгачкы айлыгымды алты жашымда таба баштагам: иним экөөбүз чемичке сатар элек. Апам аны нан жасалчу мешке кууруп, чоң табакка салып берчү. Жумушчулар иштен кайткан маалды күтүп, аларга чемичке сатчубуз: бир стаканы 50, кичирээги — 20 тыйын турчу.

Күнүнө 20 сомдон тапчубуз. Убагында бул укмуш эле чоң акча болчу! Баарын сатып түгөткүчө үйгө көгөрүп кайтпачу элек.

— Үй-бүлөңүз Бишкекке кантип көчүп калды?

— Мен өзүм жалгыз келдим! 18 жашка толдум, мектепти кызыл аттестат менен аяктадым. Классташтарым топтошуп, Бишкекке агылдык. Кыргыз улуттук университетине тапшырдым.

Борбор калаадагы алгачкы үч жылы кайра үйгө кайткым келип жүрдү. Бир окуя гана баарын өзгөртүп салды: саясый темада доклад жасадым. 2006-жыл, Аскар Акаевди качырган жоогазын ыңкылабын талкуулаган элек.

Коомдук телерадиокомпаниясынын "21-кылым" радиосунун продюсери да катышкан. Иш картасын калтырып: "Бизге кел, жаш кадрлар, жаңы кан керек" – деди. Ошентип, радио алып баруучу болуп калдым. Майлуу-Сууга баруу оюмдан дароо кайттым.

© Sputnik / Табылды КадырбековАлина Баженова: үйдө беш баланын улуусумун. Атам менен апамдан кийин эле инилерим менен сиңдилериме мен баш-көз болдум
Редактор и ведущая радиостанции Европа плюс Алина Баженова - Sputnik Кыргызстан
Алина Баженова: үйдө беш баланын улуусумун. Атам менен апамдан кийин эле инилерим менен сиңдилериме мен баш-көз болдум

— Тажрыйбасыздыктан иште катаны көп кетирдиңизби?

— Бир учур болгон. Аскар Акаевдин кызы Бермет 2005-жылкы революция боюнча китеп чыгарган. Анда жалпыга маалымдоо каражаттары мурдагы президент боюнча көп ооз аччу эмес, айтылбаш керек экен.

Мен андай кылдаттыктарды кайдан билейин. Жаңылык жаздым, эфирге бир нече ирет чыктым. Редактор да элес албаптыр. Аябагандай чоң жаңжал чыккан! Кечээги эле бир балапан кыз ушуну жазабы?! Мени дароо жетекчилик такалоого чакырган.

Бирок, эң кызыгы, ошондон кийин мен көзгө илиниптирмин. Мени толук кандуу саясый журналистке айлантууну каалашты. Бирок, агезде мен саясий багытка аралашпайм деп чечим кабыл алгам! Андан көрө элдин көңүлүн ачайын дегем. 2007-жылы арызымды жазып, иштен кеттим. 

— Эмнеге тандооңуз "Европа плюс" радиосуна ооду?

Балдар кор болбосун! Сокулукта 24 бала асыраган өзгөчө үй-бүлөнүн турмушу - Sputnik Кыргызстан
Балдар кор болбосун! Сокулукта 24 бала асыраган өзгөчө үй-бүлөнүн турмушу
— Майлуу-Сууда жашап жүргөнүмдө эле дайым ушул радиостанцияны укчумун. Алардын диджейлерин туурай тексттерди окуп, үнүмдү кассетага жаздырчумун. Бул иш менин өспүрүм курактан берки кыялым болчу.

Мени дароо ишке алышкан жок. Июнь айында баргам алгач, ремонт жүрүп, редакциянын жарымы эмгек өргүүсүндө экен. Анкетаны толтуруп калтырдым, бирок, мага кайра чалышпады. Токтоп калбадым. Алтургай, бир жолу мага: "Чоң кыз, эгер сага телефон чалышпаса, бизге ылайык келбейсиз демектир!" – дешти. "Сиздер менин үнүмдү тыңдабай туруп, мындай бүтүм чыгара албайсыздар!" – деп ачууландым.

Бир нече айдан кийин гана мени угуп көрүштү. Эки текст жаздыргам. Дал ошол убакта холдингдин президенти үнүмдү угуп калат. "Бул кызды жумушка алгыла" – деди ал. 

© Фото / Александра ПироговаАлина Баженова: адамдар жаныма басып келип, кучагына кысышат. Кээде ушундай арзууга татыктуумунбу деп да ойлоп кетем
Редактор и ведущая радиостанции Европа плюс Алина Баженова - Sputnik Кыргызстан
Алина Баженова: адамдар жаныма басып келип, кучагына кысышат. Кээде ушундай арзууга татыктуумунбу деп да ойлоп кетем

— Жумушта оңтойсуз окуялар да орун алса керек…

— Албетте! Жаңылыкты окуп жаткан убакта жарык өчүп калчу. Маселен, президенттин сапары боюнча кабар окуп жатсаң, мониторуң өчүп баратат.

Бир ирет бизге россиялык "Серебро" тобу мейманга келди. Кыздар абдан шайыр, арасынан Ольга Серябкина таптакыр эле тамашакөй экен.

Түз эфирдебиз, алар менен маек куруп жатам. Тыныгуу маалында радиодон ыр жаңырып, ал эми студияда биздин аңгемебиз уланып жаткан. эфирге кетпей турган нерселерден кеп кылуудабыз! Мисалы, телефон чалууларды кабыл алалыбы же жетеби деп да сурагам кыздардан. Анан эле угармандан билдирүү келди: "Алина, биз сизди угуп жатабыз". Көрсө, микрофонду өчүрүүнү унуткарыпмын… 

— Угармандар арасынан силерди кызык абалга кабылткандар болобу?

Народная артистка Кыргызстана Саламат Садыкова - Sputnik Кыргызстан
Саламат Садыкова: эки кишинин өлүмүнөн кийин көп ойлончу болдум
— Туңгуюкка кабылткан адамдар дайым чыгат. Бир угарманыбыз бардык сыйлыктарыбызды — сувенирдик футболка, рюкзак, чөйчөктөрдү дайым утуп алчу. Кийин аларды сатып жүргөнүн билдик.

Бирок, баары бир биз радио угармандарыбызды аябай жакшы көрөбүз. Бир жолу КРСУнун экономикалык факультетинде окуган Настя аттуу кызга бир аудиторияга кирүүсүн радиодон айтып коюубузду өтүнүштү. Анын жигити ошол жерден колун сураган. 

— Авазыңыздан сизди дароо таанышабы?

— Кээде. Орто-Сай базарына байпак сатып алууга баш багып калдым. Агезде мен Алина Баженова эмес, анык ысымым Айжан Кулибаева болуп чыкчумун. Жүдөп, боенбой, бутумда угги. Контейнерге кирип эле байпак тандап жатам. Эмне алгым келгенин айтсам эле сатуучу мага үңүлө карап: "Сиз радиодо иштебейсизби?" деди. Ошол кебетем менен уяла түштүм! Бирок, биз абдан шайыр баарлаштык, алтургай, мага байпакты арзандатып да берди.

Адамдар жаныма басып келип, кучагына кысышат. Кээде ушундай арзууга татыктуумунбу деп да ойлоп кетем. Эфирдеги образым аларга жакын сезилет өңдөнөт. Негедир көпчүлүк мени сары чач кыз деп элестетишет.

© Sputnik / Табылды КадырбековБаженова: бир жолу мага "чоң кыз, эгер сага телефон чалышпаса, бизге ылайык келбейсиз демектир!" – дешти. "Сиздер менин үнүмдү тыңдабай туруп, мындай бүтүм чыгара албайсыздар!" – деп ачууландым.
Редактор и ведущая радиостанции Европа плюс Алина Баженова - Sputnik Кыргызстан
Баженова: бир жолу мага "чоң кыз, эгер сага телефон чалышпаса, бизге ылайык келбейсиз демектир!" – дешти. "Сиздер менин үнүмдү тыңдабай туруп, мындай бүтүм чыгара албайсыздар!" – деп ачууландым.

— Көңүлүңүзгө оор темага өтөйүн. Маркум жолдошуңузга болгон арзуу кандай башат алган?

— Аябай көп болду ага… Жаныбек — "21-кылым" радиосуна орношкону барганда алгач кезиктирген киши эле. Аны мени эшиктен тосуп келүүгө жиберишиптир. "Ишке киргени сен келдиңби? Жүр анда", — деп мага салкын карап койду.

Эң жашы биз элек: ал 18де, мен 20 жашта. Ал КТРКда үн режиссеру болуп иштеген. Нарындан келип, туугандары менен бир аз араздаша кетип, КТРКнын имаратында, студиянын дал жанындагы бир бөлмөдө жашачу. Бара турган жери жок эле.

Качан болсо, музыка жазчу, диджей болуп акча тапчу. Бир ирет пульт менен иштөөнү үйрөтөйүн деп сунуштап калды, ошентип жүрүп ортобузда сезим тутанып кетти.

Чогуу турган курбумду Жаныбекти да жаныбызга алууга көндүрдүм, анткени, бара турган башка жери жок болчу. Үчөөбүз бирге жашадык. Бул нерсени өз ата-энемден сыр кылып көпкө сактап жүрдүм, алар эмне дешет деп чочулачумун.

Бизге анын улуу эжеси конокко келди. Ал кайсы бир кезде каза болгон апасынын ордун басыптыр. Анын көңүлүн табууга болушунча тырыштым, бирок, ал мени таптакыр кабыл алгысы жок — эки жаш улуу келин кантип болсун?

Экс-президент НОК КР, экс-депутат Жогорку Кенеша Баяман Эркинбаев - Sputnik Кыргызстан
Баяман Эркинбаевдин уулу Адилет: атам үчүн өч алам деп атканды үйрөнгөм
Жаныбек экөөбүз да бир убакта уруша баштадык, ал буюмдарын жыйнап алып чыгып кетти. Ал менин биринчи жигитим, тун махабатым болчу! Аябай арыктап кеттим, жарым жыл арзуунун азабын тарттым…

Кийинчерээк, жеңилдей түштүм. Жашмын, татынамын, дагы сөзсүз өз сүйүүмдү кезиктирем дедим! Ошондо ал жашоомо кайра кирди: "Кечир, мен сени сүйөм!" – дейт. Аны уккум да келбеди: азапка батып жүргөнүмдө ал кайда эле? Эжеси менен жашай берсин!..

Анда ал жанын кыюуга даап, дары ичип алып, ооруканага түшөт. Эжеси телефон чалып: "Сураныч, аны менен бирге болчу!" – деп өтүндү.

Ооруканадан чыкканында ал мени кафеге чакырды. Ал жактан баарын айтып берди: "Сенсиз жашай албайм. Сенден кийин башка кыз менен, андан кийин дагы экинчиси менен сүйлөштүм. Эжем дагы бири менен тааныштырды. Бирок, алардын баары башка! Мен сени сүйөм". Булардын баарын чын дилинен айтты.

Анын жүзүнө тигиле — ушул киши менин жакыным, менин жаным экендигин түшүнүп турдум. Бирок, баягы таарыныч тарай элек да… Сыртка чыктык, кар ушундай кооз жаап жатыптыр… Жаныбек тизелей олтура: "Мен сага кир жуучу машина сатып берем! Сен болгону мага кайт!" – дебеспи. "Тез өйдө тур, жиндисиңби!?" – дедим мен шашкалактай.

Ал менин колумду да сураган жок, мунун бизге зарылдыгы жок эле. Тек гана: "Биз үйлөнөбүз" – деп койду. Нике кыйдык, той өткөрдүк. Бирок ЗАГСка барбадык. Шашып эмне кылабыз деп тоң моюндук кылдык. Кантсе да алдыбызда бүтүндөй бир өмүр бар эле…

2006-жылдан 2011-жылга чейин бирге жашаганыбыз менен балалуу болууга үлгүрбөдүк. Бактылуу өмүр сүрдүк… 

© Фото / Александра Пирогова2006-жылы Алина үн режиссеру Жаныбек менен кыз-жигит катары сүйлөшө баштаган
Редактор и ведущая радиостанции Европа плюс Алина Баженова - Sputnik Кыргызстан
2006-жылы Алина үн режиссеру Жаныбек менен кыз-жигит катары сүйлөшө баштаган

— 2011-жылкы ошол октябрдын каргашалуу күнү эсиңиздеби?

— Ал күн менин эсимден чыккыс болуп калды. Ошол түнү ал Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги түнкү клубда иштеген. Күбөлөр кийин айтып бергенине караганда, Жаныбек сыртка чыгып, спортчунун таксисттин унаасынын шашкасын сындырганын көрөт.

Жаныбек аны жоошутууга аракет кылат: "Байке, эмнеге антесиз, ал дагы үй-бүлөсүн багышы керек да".

"Сен эмне кыйынсыңбы? Келчи бери" – деп тигил дароо кыжырданат. Жаник кумурсканы да тебелөөгө даабайт эле. Жанын алган киши аны ийилте кармап, жулкулдата башын асфальтка бир нече ирет ургулаптыр.

Эжеси мага: "Тезирээк кел, Жаныбекти сабап кетишиптир" – деп телефон чалды. Эмне? Кантип? Кайдан? – Аны Улуттук госпиталдан таптым, башы шишикке толгон. Ал мага аябай башкача карап, суроолорго абдан жай жооп берип жатты.

Ала Тоо 24 каналынын атайын кабарчы жана алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы - Sputnik Кыргызстан
Актилек Гүлжигит кызы: үч баланын энеси экениме карабай колумду сурагандар көп
МРТга тарттырдык. Врач анын жыйынтыгына карап: "Баары жакшы, үйгө бара бергиле" – деп койду.

Үйгө келгенде Жаныбектин өңү кубарып, кечинде абалы ого бетер начарлап кетти. Шашыла ооруканага жөнөдүк.

Нейрохирург эртең мененки рентген фотосүрөтүн тынчсыздана карап, качан тарттырганыбызды, врачтардан бирөө жарым көргөн-көрбөгөнүн тактады. Көрсө, ошондо эле мээ шишиги башталып, кечинде барганыбызда ал баш сөөгүнө батпай баратыптыр…

Жаныбекке ыкчам операция жасашты. Баш сөөгүн тешип, мээнин жабыркаган бөлүгүн алып салышты. Туугандарына жашап кетиши кыйын экендиги дароо эле айтылыптыр, ал эми мен бул эмне менен бүтөрүн ойлогон да жокмун…

Нейрохирургиянын реанимациясы — абдан коркунучтуу. Ал жакта күн сайын өлүм чыгат. Шорпону көтөрө анын оозунда турганымда жанымдан операциядан чыкпай калгандардын сөөгүн сүйрөп өтүшчү. Бир саат мурун эле алар тирүү болчу, эми алар жок… Ошондо ичимден: "Жаныбек, суранам, жаша! Тирүү бойдон кал!" – деп Кудайга жалбарам.

Ошол күндөрү зомбидей эле жүрдүм. Айрым кезде күйөөм эсине келип жатты. Бир көзү ачылбайт, сүйлөй албайт, тамакты түтүк менен иччү. 

© Фото / Александра ПироговаАлина жолдошу көз жумгандан беш жыл өткөндөн кийин гана депрессиядан чыккан
Редактор и ведущая радиостанции Европа плюс Алина Баженова - Sputnik Кыргызстан
Алина жолдошу көз жумгандан беш жыл өткөндөн кийин гана депрессиядан чыккан

— Врачтар айткандай эле үмүт жок беле?

— Жеке мага антип эч ким айткан эмес. Жаныбектин ооруканада жатканына 21 күн болуп калган. Экинчи операциядан кийин кан басымы төмөндөп кетти. Мени ага киргизбей да калышты. Атам келип: "Кызым, сен аны көз жашың менен ого бетер кыйнап жатасың. Үйгө кетели, кызым! Токоч жасап, ал үчүн тилек кылалы" – деди.

Кийин атам мен ошондо ырдай баштаганымды айтат. Бирок, менин дегеле эсимде жок андай… Абалым бир кызык эле. Жаныбек экөөбүздүн бир бөлмөлүү батирибизге келдик. Чоң бөлмөдө олтургам, ашканада адамдар жүрөт. Негедир эл көп…

Анан баары бөлмөгө киришти. "Баарыңар эмнеге келдиңер? Жаныбекти эмне жалгыз калтырдыңарбы?" – дедим. Атам жаныма басып келип: "Кызым, Жаныбек эми арабызда жок" – деди. Ал ыйлап жатты.

Глава общественного фонда Альтернатива в наркологии Ирина Пугачева - Sputnik Кыргызстан
Тирүүлөй чирип, жытыман жаныма киши тура алчу эмес... Баңги тууралуу маек
Жаныбектин эжеси мени кыса кармады. Эмне болуп жатканын аңдай алган жокмун. "Ал ошол жакта, үшүп жатат! Аны ойготушум керек, ал ойгонууга тийиш" – деп эле кыйкыра бердим. "Тез жардам" келди, мага ийне сайышты. Түндө анын жаны келди мага. Оң тарабымда олтурат, кандайдыр бир сары мунарык арасында.

"Кичинекейим, кое бер мени, мага кыйын болуп турат. Кетишим керек", — дейт ал. Адегенде айткандарына көнбөдүм, бир топтон кийин ага: "Кош. Бара бер" – деп жооп кылдым.

Көпчүлүгү бул тек гана көзүмө көрүнгөнүн айтышты. Жок, мен Жаныбекти ошол түнү даана көрдүм. Гипнотерапевт Майкл Ньютондун китебинде дал ушундай учур сүрөттөлүптүр. Ошондой эле сары мунарык.

— Жолдошуңуздун кунун кууйм деген ой жооткотту беле?

— Ооба. Митингге чыктык, Башкы прокуратурага бардык, президентке кат жөнөттүк. Бизди коркута башташты. Көрсө, жанагы спортчунун апасы кайсы бир жакта сот экен.

Соңунда атасы: "бүттү, Жаныбек жок. Өзүңө кел. Сен ага эч ким эмессиң. Биз өзүбүз баарын чечебиз" – деди.

Ошондо баары менен уруша кеттим. "Баарыңар аны саттыңар, эч бириңер аны жакшы көрбөпсүңөр!" – деп кыйкырдым. Таарыныч мени эзип жатты, чындап эле биздин нике расмий катталган эмес да. Жаныбектин көзү тирүү болгондо баарын ордуна коймок.

Кийин анын атасы уулунун өлүмүнө себеп болгон спортчуга жазаны жеңилдетүүнү өтүндү. Айыпталуучу 12 жылга кесилмек, ал эки гана жыл олтуруп чыкты. Биздеги сот тутуму тууралуу ошондо көп нерсени – тергөө кантип жүрөрүн, акча эмнени чечерин ошондо аңдадым… Бирок, эми мага баары бир. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАл мыкты тарбия берген ата-энеси менен сыймыктанат
Редактор и ведущая радиостанции Европа плюс Алина Баженова - Sputnik Кыргызстан
Ал мыкты тарбия берген ата-энеси менен сыймыктанат

— Ишиңизде дайым маанайыңыз шат болушу шарт. Мындай кайгыдан кийин эфирге кантип чыктыңыз?

— Кудай күч берет. Боз үйдө маркумду жоктоп ыйлап туруп, кайра бир нерселерди сүйлөшүп, күлүп калышкандарын дегеле түшүнчү эмесмин.

Бирок, кийин түшүндүм. Жаныбекти Нарында жерге бердик, чилде күчүндө эле. Боздоп ыйлап жатып, кайра аябай күлүп алгың келет экен. Организм өзүн ушинтип сактайт көрүнөт.

Ооруканадагы ырыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Наалыбачы! Мунуң чарчап калса дагы төрөп аласың... Бишкектик ыктыярчынын баяны
Боз үйдө олтурабыз, Жаныбек оң жагымда жатат. Бир убакта туугандары менен анын күлкүлүү окуяларын эстедик… Күлүп алдык…

Кыркылыгынан кийин мага жумуштан: "Эч нерсе билбейбиз, ишке кел" – деп чалышты. Кантип барам? Чыга албайм ишке! Бирок, мени угуп да коюшпады. Анан радиостанцияга чейин сиңдим алпарды.

Айланамдагылардын баары мени сактап калуу аракетинде болушту. Кучактап, ороп-чулгап жатышты. Ишке алаксысын деп мага ар кыл тапшырмаларды ойлоп таап берип жатышты. Күндүзү го эч нерсе эмес, кечинде жалгыз калганда артынан кетким келчү. Жаздыкты кучактай боздоп, батыраак уктап кетсем экен деп кыялданам.

Көпкө анын жоктугуна ишене албай жүрдүм. Көчөдөгүлөрдүн арасынан да жакын жүздү издей бердим… Беш жыл кайгыга чөмүлдүм.

— Кантип ал абалдан чыга алдыңыз?

— Тек гана өзүмдү колго алдым, узак убакыт өткөнүн түшүндүм. 26 жашымда жесир калдым, азыр 31ге чыктым. Балам да, күйөөм да жок. Өз кайгымдын түбүнө түшүп алганымды аңдадым. Көк жүзү көк түстөгү бойдон эмеспи. Дем алып, жашоого болот.

— Көңүлүңүзгө жакын бирөө барбы азыр?

Жогорку Кеңештин парламентинин маалымат кызматында кабарчы, алып баруучу Жылдыз Жолдошбаева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жолдошбаева: аялдардын көбү айтпайт, бирок жалгыз бой эне болуу кыйын
— Жок, бирок, жакын досум бар. Бизди Жаныбек тааныштырган. Башка досторундай эле ал да азамды тең бөлүшө, чыйралышыма көмөкчү болду. Билбейм, бир күнү алардын баарына ыраазычылык билдире алар бекем.

Досум экөөбүз дайым биргебиз. Алтургай, анын апасы да: "курагыңар келип калды, бир чечимге келгиле" – дейт. Бирок, шашып эмне кылабыз? Эгер ортобуздагы мамиле чоң нерсеге айланышы бизге буюрса, ал сөзсүз болот!

— Жашооңузда эмне менен сыймыктанасыз?

— Өз үй-бүлөм менен. Ата-энем карапайым, момун кишилер. Күжүрмөн. Өмүр бою эмгектенишкен, бирок, алар жакшы балдарды өстүрүштү. Баарыбыз өз адебибиз менен чоңойдук. Апам менен атам кантип минтип тарбиялашты экен деп таң берем.

Алинанын туулган жери Майлуу-Суу туурасында бул шилтемеден окуңуздар. Дал ушул жер жөнүндө биздин каарман жылуу пикирлерин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0