Оор жүк көтөрүп баспай калгам. Москвадагы ишкер Акбар Маразыковдун ийгилиги

© Фото / Г. МакиеваРоссиядагы эл аралык ишкерлер ассоциациясынын вице-президенти, беш баланын атасы Акбар Маразыков
Россиядагы эл аралык ишкерлер ассоциациясынын вице-президенти, беш баланын атасы Акбар Маразыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15 жыл мурун Москвага жүк ташыгыч болуп иштегени барган Акбар Маразыков учурда Россиядагы эл аралык ишкерлер ассоциациясынын вице-президенти, беш баланын атасы.

Россиянын борборунан орун-очок алып, ийгиликке жетүү ага оңойго турган эмес. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаевага ал башынан өткөргөн кыйын күндөрүн айтып берип, ийгилик сырлары менен бөлүштү.

— Балалыгыңыз кайда өттү эле?

Twitter компаниясында иштеген Наргиза Абдубалиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Twitter компаниясында иштеген Наргиза ийгилик сыры менен бөлүштү
— Өзүм Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында төрөлгөм. Атам 1,5 жашымда жол кырсыгынан каза болуп калып, апам үч бала менен жесир калган. Мындан улам биз тайларыбыз жакта чоңоюп калдык. 6-класска чейин таене, таятамдын колунан тарбия алып, 7-8-класста апамдын жанына Чолпон-Ата шаарына барып окудум. Ал жерде өзүмдүн апам бала бакчада тарбиячы болуп иштечү. 9-класстан баштап мени спорт мектебине беришти. Калган окуучулук күндөр ошол жакта өттү. Үч бир тууганмын, эжем, анан карындашым бар. Үйдүн жалгыз уулу болгонго "үйдөгүлөргө жүк болбой аларга жардам беришим керек" деген ой менен чыйрак чоңойдум. Бири кем дүйнө дегендей, мага ата, атанын тарбиясы, мээрими жетишкен жок.

— Спорт мектебин бүтсөңүз ишкерлик чөйрөгө кандайча аралашып кеттиңиз?

— Спорт мектепти аяктагандан кийин Улуттук университеттин алдындагы Кыргыз-америка институтунда "ишкерликтеги электрондук система" деген адистик боюнча билим алдым. Ал жакка өтүүгө атамдын бир тууган иниси Турусбек агам "атаң болсо мындан да жакшы окуу жайда окутмак" деп көмөк көрсөттү. Төртүнчү курс болуп калганда теңтуштарымды карасам баары эле Россияга кетип унаа алып, жакшы акча таап жатышат. Ал кезде жатаканада жашап кыйналып жүргөн кез эле. Мен да колду шилтеп "барып иштеп көрөйүн" деп 2003-жылы жөнөп кеттим.

© Фото / Г. МакиеваМаразыков: 2003-жылы Москвага катардагы мигранттардай эле кара жумушта иштегени баргам
Вице-президент международной ассоциации предпринимателей в России Акбар Маразыков - Sputnik Кыргызстан
Маразыков: 2003-жылы Москвага катардагы мигранттардай эле кара жумушта иштегени баргам

— Тааныш-билиш жок эле жөнөп кеттиңизби?

— Мен анда 23 жашта болчумун. Кайдагы даяр жумуш? Катардагы мигранттардай эле кара жумушта иштегени баргам. Азыркыдай алдын ала сүйлөшпөй "ежик в тумане" сыяктуу жөнөгөм. Ал кезде баары эле ошентип кетчү. Кыйынчылык бекеттен эле башталган. Мени бир дос бала тосуп алмак, күтсөм жок. Поездден түшкөндүн баарын тааныштары алып кетти. Жалгыз турам, жаман болдум, же эч жерди билбейм. Апасы жалгыз таштап кеткен баладай отурсам таякем келип калды. Көрсө, тааныш бала бошобой бир тууган таякеме айтып коюптур. Москвадагы оор күндөрүм ушинтип башталган.

— Жумушка кантип орноштуңуз?

Шоумен и телеведущий Нурсултан Майназаров - Sputnik Кыргызстан
Нурсултан Майназаров: Аравияда жоголуп кеткем, мени эч ким деле издебептир
— Иш табуу кыйын болду. Башында жылына 2000 доллар төлөп берчү компанияда келишим менен жүк ташып иштей баштадым. Анда жардамчы дегенди билбейбиз. 25 килограмм салмактагы оор цементтерди 4-5 бала ташыйбыз, жумуш оор, кыйналчубуз. Жети айдан кийин өз алдымча иштөөнү туура көрдүм. Курулуш материалдарын саткан Бактияр деген байке бар эле, азыр ойлосом ал бизге курулуш материал сатканга жол ачып бериптир. Аны менен чогуу жүрүп жеткирүүчүлөр менен сүйлөшүп калчубуз. Орусча жакшы сүйлөсөк "силер кайдан болосуңар" деп таң калышчу. Ошентип алар менен тил табышып, ишеничине кирип, өзүнчө контейнер ачып, соода кылып курулуш материалдарын сата баштадым. Башында бир контейнер ачтым. Акчамды үнөмдөп бир айга чукул "Доширак", майонез, бөлкө нан менен жашадым. Бир жылга жетпей курулуш материалдарын саткан үч контейнер алып соодамдын пайдасын көрө баштадым. Азыр да "Доширак" алып жеп турам. Ал мага "Шералынын чокоюндай" мурунку, ишкерликти жаңы баштаган кезди эске салып турат.

© Фото / предоставлено Акбаром МаразыковымМаразыков: ишеничтүү инилерим бар үчүн иш ийгиликтүү болуп кетти окшойт. Үч-төрт контейнер ачкандан кийин Кыргызстанда жатаканада чогуу жашаган эки-үч баланы чакыртып алгам
Вице-президент международной ассоциации предпринимателей в России Акбар Маразыков (в центре) - Sputnik Кыргызстан
Маразыков: ишеничтүү инилерим бар үчүн иш ийгиликтүү болуп кетти окшойт. Үч-төрт контейнер ачкандан кийин Кыргызстанда жатаканада чогуу жашаган эки-үч баланы чакыртып алгам

— Чет жакта ишкерлик кылуу оңой эмес болсо керек?

— Азыр барсаң оңой менен соода кылып, контейнер ача албайсың. Биз барган учурда көп иштерди кол алышып эркекче эле чечип койчубуз. Азыр баары документ менен гана бүтөт. Ал документти алыш үчүн эле көп убакыт кетет. Бирок антейин десең ошол учурда мени менен чогуу барган балдардын баары эле буттан туруп кеткен жок, чыдагандар калды, чыдабагандар кичине иштеп эле кетип калышкан. Кара жумушта иштейм деп барсаң деле алдыга коюлган максат жана аны ишке ашырыш үчүн эрк керек. Антпесе күнүмдүк тапкан акча менен жүрө бересиң. Меники деле соода шыр жүрүп кеткен жок. Күнү-түнү уктабай, ачка-ток күндөр баштан өттү. Ишеничтүү инилерим бар үчүн иш ийгиликтүү болуп кетти окшойт. Үч-төрт контейнер алганда Кыргызстанда жатаканада чогуу жашаган эки-үч баланы чакыртып алгам. Алар мага таза иштеп берип, бутка туруп алдык.

— Бутка турганда Кыргызстанга келгиңер келбей калган жокпу?

— Кичине акча топтоп соода жүрө баштаганда эле үйлөнүүнү чечтим. Себеби Бишкекте жүргөндө сүйлөшкөн кызым бар болчу, анын артынан да аябай чуркагам. "Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербейин" деп Москвага чакыртып үйлөнгөнбүз. Бала-чакалуу болуп, түшкөн ашыкча каражат үй-бүлөмө, ишкерлигиме жумшалып жатты. Россияга "Кыргызстандан үй алып анан кетем" деп баргам да. Бараарым менен ала алган жокмун. Ишкерликтен түшкөн биринчи акчага өзүмө унаа албастан ата ордуна ата, эне ордуна эне болгон Жумакадыр деген жездеме унаа алып берип, батасын алгам. Ошентип жүрүп 2003-жылы Москвага кетсем, 2013-жылы он жылдан кийин гана үй алдым. Ага чейин тапкан ташыганымды үй-бүлөмө жана ишкерликке жумшадым.

© Фото / из личного архива Акбара МаразыковаМаразыков: кичине акча топтоп соода жүрө баштаганда эле үйлөнүүнү чечтим. Себеби Бишкекте жүргөндө сүйлөшкөн кызым бар болчу, анын артынан да аябай чуркагам
Вице-президент международной ассоциации предпринимателей в России Акбар Маразыков - Sputnik Кыргызстан
Маразыков: кичине акча топтоп соода жүрө баштаганда эле үйлөнүүнү чечтим. Себеби Бишкекте жүргөндө сүйлөшкөн кызым бар болчу, анын артынан да аябай чуркагам

— Канча балаңыз бар? Үй-бүлөңүз тууралуу да айта кетсеңиз?

— Төрт кыз, бир уулум бар. Жубайым Чынара Таластын кызы, экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Ар дайым кеп-кеңешин айтып балдарыма татыктуу тарбиясын берип келет. Анын айтканын угам, кеңешем, бирок чечимди өзүм чыгарам.

— Москвада деле Кыргызстандагыдай той-топур көп деп укканбыз?

— Мен тойлорго көп барбайм, бирок тааныш тамада, сүрөтчү балдар дем алыш күндөрү бош кафе-ресторан таппай каласың деп айтып калышат. Той бергендер толтура, ал тургай баласынын тушоосун Кызыл аянттан кескендер бар. Кыргызстандагыдай эле сүрөтчү, тамада дегендерге кезекке жазылыш керек.

© Фото / из личного архива Акбара МаразыковаМаразыков: төрт кыз, бир уулум бар. Жубайым Чынара Таластын кызы, экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз
Вице-президент международной ассоциации предпринимателей в России Акбар Маразыков - Sputnik Кыргызстан
Маразыков: төрт кыз, бир уулум бар. Жубайым Чынара Таластын кызы, экөөбүз төрт жыл сүйлөшүп жүрүп үйлөнгөнбүз

— Жакында эле эл аралык ишкерлер ассоциациясынын вице президенти болуптурсуз. Ассоциация боюнча айтып берсеңиз?

— Ассоциациянын башкы максаты — бөлөк эл, бөтөн жерде иштеп жүргөн ишкерлердин башын бириктирип, алардын тажрыйба алмашып туруусуна аянтча түзүп берүү. Бул жерде Москвадагы кыргызстандык ишкерлер тажрыйба бөлүшүп, жетишкендиктерин айтып берет. Ошондой эле мигранттар менен иштешет. Ар түрдүү тренинг, семинарларды өткөрүп, диаспора, элчилик менен тыгыз байланышта болуп турат. Жакында эле бул ассоциациянын президенти болуп Чыңгыз Оморов шайланып, мени вице кылып дайындашты.

— Мекендештерге жардам берип турасыздарбы?

Кыргызстандык актер Кубанычбек Адылов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Актер Адылов: чет жерде гастарбайтер болуп жүргөн миллион кыргыздын биримин
— Москвадагы кыргыздар азыр аябай ынтымактуу. Бул жактагы жаман жаңылыктар Кыргызстанга дароо жетет да, жакшылары эмнегедир көмүскөдө калып калат. Түндүк-түштүк деп бөлүнбөйбүз. Азыр интернет өнүккөн заманда ар түрдүү топтор бар. Ал жактан кимге кандай жардам керек болуп жатса жапа тырмак жардам бере калабыз. Жергиликтүүлөрдүн ишеничине киргенбиз. Кара жумушта иштеген кыргыздар аз. Көбү тейлөө тармагында иштешет. Айрымдары диаспора менен элчилик иштебейт деп айтышат. Бирок андай эмес, аябай эле жакшы иштешет. Атургай аксакалдар кеңеши да түзүлгөн. Ал жактагылар жардамга муктаж мекендештерге, кырсыктагандарга 200-300 сомдон болсо да акча чогултуп берип турушат.

© Фото / Г. МакиеваКыргызстанга барып өзүмдүн командам менен саясатка аттансамбы деп ойлоп жатам
Вице-президент международной ассоциации предпринимателей в России Акбар Маразыков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга барып өзүмдүн командам менен саясатка аттансамбы деп ойлоп жатам

— Кыргызстанга кайра кайтып келүү оюңузда жокпу?

— Бул бир гана ой эмес, ал менин максатым. Азыр Кудайга шүгүр кыйынчылыктарды көрүп өз элибизде жүрүп жетишпеген нерсеге жетиштик, эл менен кандай мамиледе болуш керек экенин үйрөндүк. Кыргызстандагы тааныштарым "Бишкекке келип ишкерлик кылсаң эбак башкача болмок" деп айта беришет. Бирок мен мекениме контейнер алып, ишкерлик кылуу үчүн эмес, элиме кызмат кылыш үчүн барам. Башкача айтканда, өзүмдүн командам менен саясатка аттансамбы деп ойлоп жатам.

Жаңылыктар түрмөгү
0