Тажик чек арачылары тоскон Максат — Кулунду достук көпүрөсү ачылды

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпүрө ачылганы менен "Кайрагач" жана "Кулунду" өткөрмө бекеттери жабык бойдон турат.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Баткен облусунун Лейлек районундагы Тажикстан тараптын чек арачылары тосуп турган Максат — Кулунду көпүрөсү кайрадан ачылып, унаалар райондун бир тарабынан экинчи тарабына эки тараптуу каттай баштады. Бул тууралуу Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаев аймактык кабарчыга билдирди.

Эскерте кетсек, Чек ара кызматы Тажикстан "Кайрагач" жана "Кулунду" өткөрмө бекеттерин бир тараптуу жапканын маалымдаган.

Анын айтымында, 8-февраль күнү саат 11:15тер чамасында Тажикстандын чек арачылары Максат — Кулунду көпүрөсүн тосуп алышкан. Себеби Тажикстанга чек аралаш жайгашкан Лейлек районунун Сада айылынын окуучулары Кулунду айылындагы мектепке келип окушат. Алар каналдагы суудан өтүүсү үчүн контейнер орнотулган болчу. Ошол контейнердин орнотулгандыгынан кооптонгон тажик чек арачылары аны алып салуу талабы менен Максат — Кулунду көпүрөсүн тосуп алышкан.

Пограничники Китая на границе - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чек арасында учурда эмне болуп жатат. Тексттик трансляция
"Тажикстан менен Кыргызстандын тиешелүү жетекчилеринин сүйлөшүүсү менен аталган көпүрөнү чек арачылар кайрадан ачышты. Учурда унаалар эки тараптуу каттай баштады. Бирок эки "Кайрагач" жана "Кулунду" өткөрмө бекеттери Тажикстан тараптан жабылгандыктан райондун бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө кыргызстандыктар өтө алышпайт. Максат айылы Тажикстандын Согди облусундагы Гафуров районунун Оочу Калача айыл аймагы менен чектеш жайгашкандыктан жергиликтүү тургундар учурда мага чалып кооптонуп жаткандыгын айтып жатышат. Себеби бул аймакта бир канча ирет эки тараптуу чыр-чатактар болуп келген", — деди Адинаев.

Анын айтымында, Максат — Кулунду достук көпүрөсү тажик чек арачылары тарабынан тосулган кезде кыргыз айылдарынын жашоочулары чогулган эмес жана эч кандай чыр-чатак болгон жок.

Чек арада жайгашкан Максат айылында 265 түтүн, 1114 киши жашайт.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал тууралуу тексттик трансляциядан таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0