ТЭЦ жетекчиси: бүгүн кечинде жылуулук берилери айтылган, бирок жетишпей жатабыз

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сапар Исаков экстренно посетил ТЭЦ города Бишкек
Премьер-министр Сапар Исаков экстренно посетил ТЭЦ города Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда адстер көйгөйлөрдү жоюу үстүндө иштеп жатат

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу журналисттерге акыркы жасалган иштер боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйында жылуулук качан берилери белгисиз болуп жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн күндүз өткөн чукул жыйын учурунда Бишкектиктерге саат 22.00дө жылуулук берүүгө аракеттер көрүлөрү айтылган.

Бирок ТЭЦ жетекчиси саат 22.00гө жетишпей калуулары мүмкүн экенин белгиледи.

"Адстер көйгөйлөрдү жоюу үстүндө иштеп жатат. Бардык кызматкерлер иш ордунда. ТЭЦтин басымы 215 мегаватты түздү. Жылуулук тармагындагы жылуулуктун температурасы 215 градус. Күндүз саат 22.00дө жылуулук берилери айтылган бирок жетишпей жатабыз", — деди Өмүркул уулу.

Сбои на ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Бишкек ТЭЦиндеги авариядан улам ыкчам штаб түзүлдү. Ага кимдер кирди
Ал ошондой эле учурда станциянын куурлары текшерилип жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 26-январда саат 18:00дө "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы буу казандарга суу берчү куурлар иштен чыгып басым 340тан 154 мегаваттка чейин азайтылганын билдирген.

Бишкек ТЭЦиндеги түзүлгөн абалдан улам жаралган кырдаал боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0