Бишкектин таксисттери кардардын чөнтөгүн кантип кагат. 5 ыкмасын биле жүрүңүз

© AFP / Vladimir Simicek Такси унаалары. Архив
Такси унаалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги такси кызматынын айдоочусу кесиптештери кардарлардын чөнтөгүн кантип "кагып алары" тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди

Борбор калаада ондогон такси кызматтары иштеп, күн сайын жүздөгөн киши алардын кызматын пайдаланат. Айрым учурда такси айдоочулары кардардын ишенчээктигинен, бара турчу жерин жакшы билбегенинен пайдаланып адаттагыдан көп акча алып коёт.

Шаардагы такси кызматынын биринин айдоочусу кесиптештери кандай жол менен кардарлардын капчыгын кагып аларын айтып берди.

"Лакшэри" классындагы машиналар

Оң рулдуу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
КРде 2018-жылы оң рулдуу таксилерге тыюу салуу маселеси кайрадан жанданды
Айдоочулар кардардан кантип ашыкча 50 сом өөнөп калуунун жаңы ыкмасын табышкан. Сизге катардагы машина эмес, VIP класстагы автоунаа келет. Мындай автоунаалар сиз тандабасаңыз деле капысынан келип калышы ыктымал. Ал башкалардан тазалыгы, же жайлуулугу менен деле айырмаланбайт. Бирок сиз жете турчу жерге келгенде жол кире оозду ачырышы мүмкүн.

Мындай машина айдаган таксисттер кардардын тартынчаактыгынан пайдаланат. Сиз VIP кызматын колдонуп баратканыңызды жарым жолго келгенде "сүйүнчүлөйт".

Дагы бир кардар салып алайын

Сиз бара турчу жерге айдоочу "жолу бир экен" деп дагы бир кардар салып алууну суранат. Көпчүлүк учурда "макул, салыңыз" деп гана коёбуз. Бирок иш жүзүндө таксист сиздин аркаңыз менен эки эсе көп акча таап жатат. Себеби, сизге "жармашкан" кардар дагы айдоочуга акча төлөйт.

Күтүү убактысы бүттү

Таксист кардарды 5 мүнөт күтүшү керек, бирок ага көбүбүз маани бербейбиз. Айдоочу сиз чакырган жерге келе жатып эле күтүп жатканын айтат. Сиз жыйналып, баштык-үштүгүңүздү көтөрүп чыкканча эле мыйзамдуу 5 мүнөттөн куру жалак каласыз. Андыктан убакытка так болуңуз.

Шаарды аралап, чакырымды созушат

Унаа айдап бараткан таксист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин таксисттери талапка жооп береби? Калаадагы такси кызматы
Бүгүнкү күнү такси бара турчу жериңизге кандай жол менен келгенин карап билип алсаңыз болот. Мындай учурда айдоочунун сизди алдап кетүү ыктымалдуулугу өтө эле азаят. Ошентсе да акылдуу таксисттер четтен чыгат. Бара турчу жериңизге шаардын жарымын айланып анан алып барат. Жыйынтыгында 200 сом эмес, 300 сом төлөшүңүз керек болуп калат. Мындай учурда такси кайсы жол менен келгенин карап коюу ашыктык кылбайт.

Такси чакырууну жокко чыгарганыңызга карабай…

Такси чакырып, бирок аны бир аздан кийин жокко чыгарганыңызга карабай келип алган айдоочулар болот. Мындай учурда сиз таксистке акча төлөөгө милдеттүү эмессиз. Себеби, жокко чыгарылган чакырууга таксист келбеши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0