БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 29-декабрда, Нарын облусуна жумушчу сапар менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Анын жүрүшүндө өкмөт башчы Жаза аткаруу жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрүнө жаңы турак жайлардын ачкычын тапшырат.
Мындан тышкары, Исаков Нарын облустук ооруканасындагы гемодиализ үчүн алынган жаңы аппаратты көрүп, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши менен таанышмакчы.