16:18 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8245
  • EUR76.6533
  • RUB1.0919
Люди около здания НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании

НТС телеканалында учурда эмне болуп жатат

© Sputnik / Максат Элебесов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
НТС телеканалы боюнча кырдаал (7)
83110

Борбор калаада жайгашкан НТС телеканалынын имаратына 19-декабрда болжол менен кечки саат 17:00дөр чамасында сот аткаруучулар милиционерлердин коштоосунда келишкен.

Каналдын кызматкерлеринин айтымында, сот аткаруучулар каналдын мүлкүн камакка алып, имаратты жаап кетишерин билдиришкен.

Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы коомдук тартипти сактоо максатында окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жүргөнүн маалымдаган.

Жаңы билдирүү
  • 14:54

    НТС каналынын кызматкерлери менен сот аткаруучулар камерасыз сүйлөшүүгө киришкен

    Бирок каналдын жетекчиси да, департаменттин өкүлдөрү да жасалган иштердин жыйынтыгы менен гана расмий маалымат берилерин билдиришти. Буга байланыштуу тараптар кандай чечимге келгени белгисиз бойдон калууда. 

  • 14:45

    Сот аткаруучулар жасалган жумуштардын жыйынтыгы менен гана расмий маалымат берилерин айтып, окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты. 

  • 14:38

    Сот аткаруу департаментинин өкүлдөрү менен жолугушууга кирген НТС каналынын кызматкерлеринин бири жамаат ишин уланта берсе болору айтылганын билдирди.

    "Сот аткаруу өкүлдөрү НТСтин мүлкүн каттоого алышарын билдиришти. Ал эми бизге болсо "ишиңерди уланта бергиле" деп коюшту. Буга байланыштуу программа даярдоого киришип жатам", — деди каналдын журналисти.


  • 14:16

    НТСтин юристи: биз соттун чечимине даттанабыз

    "НТС каналындагы жабдыктардын бардыгы биздин компанияга тийиштүү. Анын баары эмнеге камакка алынып жатканын түшүнбөй турабыз. 

    Соттун мындай чечими мыйзамсыз болгондуктан даттанабыз".  

     

    Юрист телеканала НТС Амантур Абдрахманов
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 14:08

    Юрист Амантур Абдрахманов: 

    "Кечээ, 19-декабрда Grexton Capital LTD компаниясы тарабынан доо арыз түшкөн. Ошол эле күнү сот үч карызкор адамдын мүлкүн гана эмес, НТСтин дагы мүлкүн камакка алуу чечимин чыгарган. 

    Мен ишеним катты дагы алдым, анын арты менен учурда Grexton Capital LTD компаниясынын доогеринин кызыкчылыгы корголуп жатат. 

    Ишеним кат Сергей Костырин тарабына берилиптир. Ал убагында Максим Бакиевдин өкүлү болчу. Ишеним кат Белоруссиянын Минск шаарынан берилген. 

    Костырин мамлекеттер аралык издөөдө жүрөт. Бирок ага карабастан биздин соттор тарабынан ушундай чечимдер кабыл алынып жатат. Жарандык процессуалдык кодекске ылайык, сот арызды беш күндүн ичинде карашы керек эле. Бирок чечим ошол эле күнү чыгарылган" 

     

  • 13:55

    Телеканалдын жамааты сот аткаруу өкүлдөрү менен жолугушууга кирип баратышат. Бирок сүйлөшүүлөрдү видеого тартууга уруксат берилген жок. 

  • 13:54

    Телеканалдын имаратына Жогорку Кеңештин "Республика — Ата-Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев келди. Ал каналдын жамаатынын кайрылуусу боюнча окуянын чоо-жайын тактаганы жатканын билдирди 

  • 13:47

    Учурда сот аткаруу өкүлдөрү телеканалдын мүлкүн каттап анын сакталышына кепилдик береби же башка тараптарга өткөрүп береби белгисиз болууда

  • 13:38

    Юрист Амантур Абдрахманов: телеканалдын мүлкү каттоого алына баштады. Анын ичинде телеканалдын менчиги болгон бардык жабдыктар бар экен. 

  • 13:31

    НТС телеканалынын юристи Амантур Абдрахманов маалымат жыйынын бере баштады

  • 12:53

    Сот аткаруучулардын бири кабинетинен чыгып кайра келерин билдирди 

  • 12:37

    Учурда НТС телеканалы түз эфир жүргүзүп жатат 

  • 12:06
  • 11:45

    Кабинеттин алдында каналдын кызматкерлери күтүп отурушат 

  • 11:41

    Журналистттерге маалымат жыйын борборуна кирүү сунушталды. Каналдын жетекчилиги сот аткаруучулар менен сүйлөшүүгө 10 мүнөт убакыт сурашты. Учурда алар НТСтин башкы директорунун кабинетинде сүйлөшүп жатышат.   

    Люди в здании НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 11:40

    Эки сот аткаруу кызматкери НТС телеканалынын имаратынын ичине киришти 

    Люди в здании НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 11:38

    НТСтин имаратынын алдына эки милиция кызматкери келди 

    Сотрудники милиции около здания НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 11:20

    Имараттын кире беришинде эл топтолуп турат. Ал эми сот аткаруучулардан али дайын жок  

    Люди около здания НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 11:04

    Азыр сот аткаруучулар келиши керек. Телеканалдын кызматкерлери менен күзөтчүлөр  фойеде турушат 

    Люди в здании НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 10:39

    НТС телеканалынын башкы директору Жайнак Үсөн уулунун түшүндүрмөсү

    Анын айтымында, кызматкерлер учурда кадимки тартипте иштеп жатат. 

    Ал ошондой эле телеканалдын мүлкүн камакка алуу аракети болгонун кошумчалады.

    "Саат 11:00дө сот аткаруучулар келиши керек болчу. Өз ишибизди абалга жараша кылабыз. Албетте укугубузду коргоого аракеттенебиз. Дарбазада күзөт кызматкерлери менен биздин журналисттер турат", — деди ал.

    Жайнак Үсөн уулу чарбалык иштер боюнча талаш болгонун, ал тууралуу эч нерсе билишпегинин белгиледи. 

    Соттун аныктамасында НТС үчүнчү жак катары каралган. Тажрыйба боюнча үчүнчү тарап күбө катары өтөт. 

    "Учурда окуянын чоо-жайын тактап жатабыз. "Аянт" компаниясы 2011-жылы эле жоюлуп кеткен. Ага доо коюлган. Анын негизинде НТС телеканалынын ишине тоскоолдук кылып, мүлкүн камакка алуу аракети көрүлүүдө", — деди ал.


    Генеральный директор телеканала НТС Жайнак Усен уулу
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 10:22

    Сот аткаруучулар саат 11:00дө келип, мүлктү камакка алышы керек. Башкы директор Жайнак Үсөн уулунун айтымында, телеканал абалга жараша өзүнүн ишин уланта берет. Учурда кызматкерлер кадимки тартипте иштеп жатат.

    Люди около здания НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 10:14

    19-декабрда кечинде каналдын имаратына сот аткаруучулар келгенде тартылган видео.

    (2:07 / 14.82Mb / )
  • 10:06

    Телеканалдын кызматкерлери имараттын алдында сот аткаруучуларды күтүп жатышат. Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче алар саат 11:00дө келиши керек.

    Люди около здания НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Люди около здания НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании
    © Sputnik / Максат Элебесов
    Люди около здания НТС, где находятся судебные исполнители, которые сообщили о намерении наложить арест на имущество компании
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • 10:04
    ЖК депутаты Өмүрбек Бабановдун архивдик сүрөтү

    НТС каналынын жагдайы боюнча Өмүрбек Бабанов жана Сот департаменти үн катты

    Телеканалдын кийинки тагдыры бир күндөн кийин белгилүү болору таратылган маалыматта айтылган
    Дагы
Тема:
НТС телеканалы боюнча кырдаал (7)

Тема боюнча

НТС каналынын жагдайы боюнча Өмүрбек Бабанов жана Сот департаменти үн катты
Бишкектеги НТС телеканалынын имаратында болгон окуянын видеосу
НТСте жүргөн сот аткаруучулар каналдын мүлкүн камакка ала тургандыгы айтылууда
Белгилер:
НТС телекомпаниясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ