Атууга кетер күнүмдү күткөм! Өмүр бою эркинен ажыратылгандардын тиричилиги

© Sputnik / Табылды КадырбековИсправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы
Исправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маңдайымда кырк жаштагы, келишимдүү эле көрүнгөн киши отурат. Колдору кишенделген, ал эми күрмөсүнө "ПЛС" деген белги бастырылган — бул анын түрмөдөн эч качан чыкпастыгын түшүндүрөт.

Бишкектен өтө кооптуу кылмышкерлер кармалган №19 Түзөтүүчү колониясына чейинки аралык – бир сааттык жол. Узун жолду кыскартуу үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф ар кыл кептин учугун улайт.

"Ал жакта Феликс Кулов олтурган. 2005-жылдагы революция убагында топтошкон эл аны куткарууга бет алган. Абактын кызматкерлери абакты талкалап салышпасын деп дароо ал кишини чыгарышкан", — дейт басма сөз катчысы.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектен өтө кооптуу кылмышкерлер кармалган №19 Түзөтүүчү колониясына чейинки аралык – бир сааттык жол
Исправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы - Sputnik Кыргызстан
Бишкектен өтө кооптуу кылмышкерлер кармалган №19 Түзөтүүчү колониясына чейинки аралык – бир сааттык жол

Бир маалдан кийин эле машина чайкала баштайт — тегиз жол тез эле чуңкурдуу жолго айланат. Көрсө, мунун да тарыхы бар экен. Темир Сариев премьер-министр болуп турган маалында аталган абакка сапар алат. Өңгүл-дөңгүл жолдон кыйналган өкмөт башчы бул тилкени оңдоп-түзөтүүнү тапшырган. Жумушчулар асфальт төшөп калышканда Сариев кызматтан түшүп калат. Ремонт кандай ыкчам башталса, дал ошондой тез токтойт.

Темир тосмолуу үйдүн тиричилиги

Абактан качуу үчүн кеминде темир тикенектүү төрт кашаадан ашып түшүү керек. Айрым жерде топурак жөөк-жөөк чөнөктөлгөн:

— Мында помидор эгесиздерби?

— Жок, албетте. Бул жөөктөр абактагылардын качышын алдын алат. Ар бириндеги из дароо көзгө урунат, качуу үчүн жер астынан жол казуу да мүмкүн эмес. Кокустан киши өлтүрүү менен кабылгандар түшпөйт, аталган кылмыш зордуктоо, бачабаздык жана денени одоно мазактоо менен коштолсо, жазасын бул жайда өтөшөт.

Бир камера төрт кишиге эсептелген. Бирок, камактагылар үчтөн, экиден, бирден да жашайт — бул №19 ТКда кармалгандардын жаңжалга канчалык жакындыгынан көз каранды. Ар бир камерада экиден эки кабат керебет, үстөл, олтургуч жана телевизор коюлган.

© Sputnik / Табылды КадырбековАбактан качуу үчүн кеминде темир тикенектүү төрт кашаадан ашып түшүү керек
Исправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы - Sputnik Кыргызстан
Абактан качуу үчүн кеминде темир тикенектүү төрт кашаадан ашып түшүү керек

"Эң узак кармалганынын деле олтурганына 20 жылдан аша элек. Демек, аларга өкүм 1997-жылы чыккан — дал ошол жылы Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. Мындай кылмыш жасагандардын баары мурда, 95, 96-жылдары атууга кеткен", — дейт колониянын кызматкерлери.

Камеранын каалгасын ачууга Жаза аткаруу мекемесинин жумушчулары эки мүнөт коротот – жылдырма эшиктен эле он чакты, кулпусу да толтура. Тамак салынган табак камактагыларга атайын кичине терезеден сунулат. Баса, ашпозчулар – абактагылардын арасынан, анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондор.

Биз барган күнү түшкү тамакка уй этинен чоң кесим салынган шорпо жана жашылча рагусу экен – камактагы адамдар ушундай тамак жей алышат. Алардын тамактануусуна күнүнө 75 сом бөлүнөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековАбактагы бир адамдын тамактануусуна күнүнө 75 сом бөлүнөт
Исправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы - Sputnik Кыргызстан
Абактагы бир адамдын тамактануусуна күнүнө 75 сом бөлүнөт

Кызыгы, №19 ТКнын ичинен аялдарды да көрүүгө болот. Албетте, колониянын кызматкерлеринин гана арасынан. Бул жайда соттолгон аялзатына орун жок — аялдар өмүр бою эркинен ажыратылбайт. Мында кармалган адамдардын жогото турган эч нерсеси жок болсо да (жашоодон үмүттөрү үзүлсө да) аялдар мындай курам менен иштешкенден коркушпайт.

Республикалык күйүк борборунун коридорундагы дарыгер - Sputnik Кыргызстан
Оорудан онтогон үндөр жаңырат... Республикалык күйүк борборунан репортаж
"Он жыл төрөт үйүндө гинеколог болуп иштегем, ал эми азыр абактагыларды дарылайм. Күн сайын акыбалдарын сурап чыгабыз, бөтөнчө дарттар, маселен, кургак учук мында жок. Көбүнесе көнүмүш гастрит (карын сезгениши), пиелонефрит (бөйрөккө суук тийиши), жүрөк-кан-тамыр тутум оорулары кездешет. Абактын тышындагыдай эле", — дейт медициналык-санитардык бөлүктүн жетекчиси Гүлмира Сариева.

Алтургай, камактагыларга тиш доктур жана психолог да кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары, ар кай бурчтан видеобайкоо салынат — баары коопсуздук үчүн жасалган.

Эмнеликтен бул жай тозоктун жердеги бир бутагы

Камактагылар камерадан кишенсиз чыгарылбайт. Жалгыздан гана чыгарылат. Эреже боюнча ар бирин кеминде Жаза аткаруу мекемесинин эки кызматкери коштойт.

© Sputnik / Табылды КадырбековКамактагылар камерадан кишенсиз чыгарылбайт. Жалгыздан гана чыгарылат. Эреже боюнча ар бирин кеминде Жаза аткаруу мекемесинин эки кызматкери коштойт.
Комплекс корпусов для содержания заключенных ПЛС в Молдовановке - Sputnik Кыргызстан
Камактагылар камерадан кишенсиз чыгарылбайт. Жалгыздан гана чыгарылат. Эреже боюнча ар бирин кеминде Жаза аткаруу мекемесинин эки кызматкери коштойт.

— Алар жок дегенде сейилдешеби?

— Ооба, албетте. Ар күнү бир жарым сааттан сейилге чыгарылат.

"Кудайга шүгүр", — деп "сейил" аянтчасын көргөндө гана көңүлүм тынчыды. Ал жер да ушундай эле орточо бетондон тургузулган камера, болгону шыптын ордунда темир тор. Анда формачан жана автоматчан кишилер коопсуздукту карашат. Камактагылар камералаштары менен гана сейилдей алышат. Ошентсе да таза аба.

Жакындар менен жолугушчу үй ал жерге катар жайгашкан. Мыйзам боюнча жылына эки узак жана үч кыска жолугушууга акылары бар. Кыска көрүшүүлөр биринчи кабатта жүрөт. Жакындары камактагылар менен тасмадагыдай — желим тосмонун наркы бетинен телефон аркылуу баарлашат. Чектелген убакыт — үч саат.

© Sputnik / Табылды КадырбековУзак көрүшүүлөр даараткана жана чайынма бурчу бар өзүнчө бөлмөлөрдө өтөт. Анча жаман эмес мейманканадагыдай шарттар бар.
Исправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы - Sputnik Кыргызстан
Узак көрүшүүлөр даараткана жана чайынма бурчу бар өзүнчө бөлмөлөрдө өтөт. Анча жаман эмес мейманканадагыдай шарттар бар.

Узак көрүшүүлөр даараткана жана чайынма бурчу бар өзүнчө бөлмөлөрдө өтөт. Анча жаман эмес мейманканадагыдай шарттар бар. Жалгыз гана көрк бузган нерсе — терезедеги таңгалыштуу тосмолор. Алар күн нурун өткөрүп, бирок, айланага көз салганга мүмкүндүк бергидей жасалган. Бул жайлуу бөлмөдөн качуу планы "бышырылбасын" деп атайын жасалган.

— Аларга келип турушабы?

— Албетте, дайыма.

— Болду-болбоду, алардын энелери гана келсе керек. Мындай коркунучтуу кылмышка баргандарга апалардан бөлөк ким жүрөгүн ачмак…

— Жаңылышасыз. Аялдары, кыздары да келишет. Унутпай кабар алып турушат.

Үмүттөрү үзүлгөн бул адамдар менен иштешүү оңой эмес. Кызматына киришүү үчүн Жаза аткаруу мекемесинин мурдатан даярдалган кызматкерлери кошумча бир айлык курстан да өтүшөт. Баары бир алгачкы айда он кишиден 2-3 киши мында иштөөдөн баш тартат, себеби өтө оор.

© Sputnik / Табылды КадырбековКамактагылар камералаштары менен гана сейилдей алышат
Исправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы - Sputnik Кыргызстан
Камактагылар камералаштары менен гана сейилдей алышат

"Булардын жүрүм-турумун болжоп болбойт. Сөгүп салышы ыктымал. Өтө көйгөйлүү келишет. Жумуштан кетем деп жүз жолу сүйлөнөм. Бирок, булар да дарыгерлерге муктаж", — дейт Сариева.

Кызматкерлер үчүн чакан үйлөр курулууда: Бишкектен бул жакка күндө барып-келиш чындыгында алыстык кылат.

Атууга кетпесе да адам акыркы жыйырма жылын жоготкон

Бишкектеги наркологиялык ооруканадагы бейтап. - Sputnik Кыргызстан
Жакындарым менин өлүмүмдү күтүп жатышат! Наркологиялык ооруканадан репортаж
Бул өмүрүмдөгү эң жагымсыз маек болду. Чакан бөлмөгө 20 чакты киши кирди. "Биз аябай көппүз го", — деп тартына бүшүркөдүм. Соңунда сегиз киши калды. Баарыбыз колдору артка кишенделген кишиге тигилдик. Маектешиме үңүлө карадым. 40 жаш чамасында, абдан келишимдүү, сыртынан соттолгон адамга эмес, кеңсенин майда кызматкерине түспөлдөшөт. Соңку 20 жылда ал дүкөнгө баш бакпаган, сейил багында жалбырак аралай баспаган, шыйпаңдаган итти да сылабаган…

"20 жыл, жети айдан бери ушул жердемин. Киши өлтүрүүгө кошо катышкандыгым үчүн кабылгам. Адегенде мени атууга кетиришмек. Аябай коркком… Бирок, ошондо да атышса эртерээк атышсынчы деп күткөм. Өлүм кутулуунун жолу болуп көрүнгөн. Кийин жашоого умтулуу үмүтү жаралды", — деп баяндайт бул киши.

© Sputnik / Табылды КадырбековБул өмүрүмдөгү эң жагымсыз маек болду. Чакан бөлмөгө 20 чакты киши кирди. "Биз аябай көппүз го", — деп тартына бүшүркөдүм. Соңунда сегиз киши калды. Баарыбыз колдору артка кишенделген кишиге тигилдик.
Исправительная колония № 19 для пожизненно лишенных свободы - Sputnik Кыргызстан
Бул өмүрүмдөгү эң жагымсыз маек болду. Чакан бөлмөгө 20 чакты киши кирди. "Биз аябай көппүз го", — деп тартына бүшүркөдүм. Соңунда сегиз киши калды. Баарыбыз колдору артка кишенделген кишиге тигилдик.

Ал абактагы китепканада китеп калтырбай бүт окуп чыккан, эми ага үйдөн алып келип турушат. Адамдар менен баарлашууга суусаганын айтып үшкүрүнөт.

"Жыйырма жыл ичинде бул жердегилердин баары менен олтуруп чыктым. Адамдардын жүздөрүн сагынам. Андан башкасы баары жакшы, камера жана камера. 97-жылга караганда азыр баары жакшы. Агезде таптакыр тамак деле жок: таңкыга да, түшкү жана кечки тамакка да капуста гана берилчү. Мен үчүн эң башкысы – күндүн тезирээк өтүшү болчу", — деп эскерет абактагы бул киши.

Ошентип сөз аягына чыкты. Аны кайра камерага алып жөнөштү. Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлеринен:

— Адилетсиз соттолгону чынбы? – деп сурадым.

— Ой, бул жерде ар бир экинчи киши ак жеринен тузакка илинген…

— Чындап эле ал досуна гана жардам берген бекен?

— Мен бул туурасында айтууга акым жок. Бирок, ишенип коюңуз, бул жөнөкөй окуя эмес.

… Биздин чыгармачыл топ колониянын аймагынан чыгып баратат. Адамдар каалаган убагында көк жүзүнө тигиле ала турган дүйнөгө кайталы.

Жаңылыктар түрмөгү
0