Комбустиолог деген ким экенин билесизби, окурман? Сиз тургай, доктурлар да бул аталышты тегиз биле беришпейт, себеби, бул сөз тилибизге эки миңинчи жылдарда гана кирди. "Сombustion" — "көмүргө айлануу", "күл болуу" деп которулуп, ал эми күйүктү дарылоочу доктур комбустиолог деп аталат.
Республикалык күйүк борборунун жетекчиси, өлкөнүн башкы комбустиологу Кандалаткан Сарбанова бизге орто көлөмдөгү альбомду барактатты. Адатта мындайда 90-жылдардагы анча тунук эмес үй-бүлөлүк сүрөттөр сакталар эле. Анда күйүп калган адамдардын сүрөттөрү, башкача айтканда, журналисттер эч качан окурмандарга көрсөтпөй турган кадрлар топтолгон.
"Бизге талмасы бар адамдар көп түшөт, алар дайым кооптуу топто. Маселен, бул киши тамак бышыруучу плитанын үстүнө кулаган. Азыр анын көзү, мурдунун жарымы жок. Ал эми бул жигит ичип алып, тамеки чеккен боюнча уктап калган", — деп доктур кийинки кадрды көрсөттү.
Көңүлүбүздү он жаш чамасындагы баланын сүрөтү бурду, колу төшүнө жабыша өскөндөй. Дарыгердин айтымында, алыскы аймактагы дарыгерлердин сабатсыздыгынан улам бала ушундай абалга кабылган.
Кээде бейтап катуу күйгөндө ооруну сезбей калат. Бирок бул нерв учтарынын баары өлгөндүгүнүн белгиси, андыктан эгер клеткалар сакталган болсо, бейтаптын жаны сыздайт.
Оорукана бөлмөсүндөгү ызы-чуулар
Бөлүм ичин Ирина Яковлева менен кыдырып жүрөбүз. Анын үнүн тажатма бир электрондук добуш басып, угузбай жатты. Көрсө, ал сары түстөгү оюнчук гитарадан чыккан добуш экен. Алты жашар бала андагы чоң кызыл баскычты улам баскылайт, оюнчуктан жанагы эле кайтамаланма күү чыгат. Балага үңүлсөм, бир колу жок.
"Колун кесүүгө туура келди. Оюндун кесепети да, бала устунга чыгыптыр, ток урган. Курсагы да жабыркаган. Биз наристенин колу үчүн да эмес, өмүрү үчүн корктук… Тфү-тфү, Кудай чоң сактады", — деди доктур.
Баланын энесин сөзгө тартканга аракет жасадык, бирок суроо укпагандай тунжурайт. Ага бөлмөдөгү башка бир бейтаптын тууганы болуша кетти.
Доктур Яковлева бул жерде кыжыры кайнап, жинденген киши көп болот деп түшүндүрөт.
"Адамдар тасмалардан көргөндөрүндөй, дарыгерлер бейтапка түтүктөрдү тыгып, жасалма комага түшүрүп эле дарылай башташат деп ойлошот. Иш жүзүндө врачтардын иш-аракети андай эмес да", – деди доктор Ирина.
Алты айлык ымыркайдын денесиндеги кайнаган майдан алган терең күйүктүн себебин сурасаң, ата-энелердин жини кайнаган учурлары аз эмес. Эч бири күнөөсүн моюнга алгысы жок. Айтмакчы, врачтар арифметикалык жол менен бейтап жашап кете алар-албасын эсептей алышат. Франк индекси деген бар – өзгөчө формула менен күйүктүн аянтын жана тереңдигин эске алып, иштин соңун эсептөөгө болот.
Эгер ал индекс жетимиштен ашса, анда үмүт өчөт. Тилекке каршы, бул борбордо шумдуктар болуп кетпейт.
"Туугандарына иштин чоо-жайын дароо эле айтабыз. Чындыкты жашырсак, кийин: "Эмнеге башта айтпадыңар?" деп бизди айыпташат. Анан да азыр адамдар баарын интернеттен окуп-билип алышат эмеспи", — деди Кандалаткан Сарбанова.
Дарыгерлер жүрөк сыздаткан көрүнүштөргө, жарааттарга көнүп бүткөнүнө, тажрыйбасына карабай, баары бир бул жердеги ар бир баланын өлүмүнө көз жаш төгөрүн жашырышпайт.
Бай кыргызстандыктар неге бул жайга чанда түшөт?
Чернобыль апаатына катышкан 60 жаштагы кишинин жарааты күрөң кездемеден жасалган атайын томпойгон нерсенин алдында бүтүп баратат. Анын колу кесилген, сан эт терисинен алынып, төшүнө жамалган. Курган киши колундагы өчүрүлбөгөн тамекиси менен уйкуга кетиптир. Анысы керебетке түшүп, шейшептер алоолонуп кеткен.
"Реанимацияга түштү, абалы аябай оор эле — колу сөөгүнө чейин күйүп кетиптир. Азыр сакайып калды", — деп кубанат бейтабы үчүн Яковлева.
"Күйүк – социалдык оору. Негизинен, жашоо шарты начар адамдар азап тартат. Ошондой эле ата-энеси акча тапканга кетип, балдарын чоң ата-чоң энелерине калтырышат. Алар балдардын ар кыймылына көз сала албай калышы ыктымал", — деп түшүндүрөт врач.
Баса, балдар чоңдорго караганда бул борборго башка себептер менен түшөт – көбүнчө ысык суу, кайнап турган май же шорпону көңтөрө төгүп алышат. Элдик ыкмалар менен – картошка басып, ылай же тиш жуучу паста менен дарылайбыз деп жараатты ырбатышат. Мындай жол менен ооруну басаңдатуудан көрө таптакыр эч нерсе кылбоо оң дешет дарыгерлер.
"Тиш пастанын курамында химиялык каражаттар бар, аны сүйкөө менен бейтаптын жараатына химиялык күйүк да кошобуз. Картошка, май жана чоподогу микробдорду ачык жараатка жаап, ого бетер күчөтүшөт. Колуңузга эч бир дары урунбаса, жөн гана муздак сууга 5-7 мүнөт тосуп гана коюңуз", — деген кеңешин берет Сарбанова.
Бейтапты шок абалында аймактардан Бишкекке алып келүү да эң чоң ката. Адегенде абалы турукташышы зарыл, ыраак жолду бейтап көтөрө албай да калышы мүмкүн. Элдик табыптар да дарыгерлерди кубантып ийбейт. Доктурлар алардын курамында эмне бар экени белгисиз "укмуштай" компресс, майларынан кийин да күйүктөрдү көпкө чейин дарылоого аргасыз.
"Эмчи-домчулар жоголуп кетишет, аларга нааразы бейтаптар калат. Ал бакшыларды биз издебейбиз да, өз ишибиз чачтан көп", — деди Кандалаткан Сарбанова.
Бул жайда иштегиңиз келери күмөн
Күйүк борборунун дарыгерлери — чыныгы баатырлар. Ирина Яковлева тууган-туушкандар да врачтардын психологиялык жүгүнө таңданарын айтат.
"Жолдошум бир ирет капысынан ишиме келип, бул жактагыларды көрүп, мени "айныган аял" деп атады. Бул жерде эмне үчүн аз маянага карабай иштегенимди ал эч түшүнө албайт", — деп жылмаят врач.
Баарынан да мында жараатты таңуу күнү аябай оор — бөлүмдүн ар бурчунан ызы-чуу, кыйкырык угулат. Кээде бул процедура да наркоз менен жасалат.
"Жараатты таңаардан мурда ооруну басаңдатуучу дары, болгондо да эң күчтүүсүнөн саябыз. Ошондой эле дайым алгач таңгычтарды суулайбыз, кургак боюнча сыйрыбайбыз. Бирок кандай болсо да бейтаптар, айрыкча, балдар аябай коркушат", — деди Яковлева.
Азыркы медицинанын жардамы менен дарыгерлер бейтаптарды ажалдан арачалап гана калбастан, кырсык маалында адамдын организминдеги залал алган жерин да калыбына келтиришет.
"Анын колдору, манжалары күчүн жоготуп, бүгүлбөй калган. Шилекейи токтобой, кыз суюк тамакты да иче албай калыптыр. Бир көзү жабылбай, ачык боюнча уктачу", — дейт Сарбанова.
Бул томолой жетим кыздын өмүрүн бүт дүйнө бириге — кыргызстандык, россиялык жана германиялык дарыгерлер сактоого жан үрөдү. Кырсыктан тырыктар гана кабар бергени болбосо, эң соңку сүрөтүндө бөбөктүн жүзүндө жылмаюу бар… Бирок башынан өткөргөндөрүн карап отурсак, бул болбогон нерсе!
Бөлмөлөрдү кыдыруу үчүн бизге берилген жашыл халаттарды дарыгерге тапшыра узап кеттик. Ал эми Кыргызстандагы 11 дарыгер — элестетүүгө да эч мүмкүн болбогон эң оор жараат алган адамдардын өмүрүн сактоочулар иш ордунда калышты…