Бишкектен өтө кооптуу кылмышкерлер кармалган №19 Түзөтүүчү колониясына чейинки аралык – бир сааттык жол. Узун жолду кыскартуу үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Александр Никсдорф ар кыл кептин учугун улайт.
"Ал жакта Феликс Кулов олтурган. 2005-жылдагы революция убагында топтошкон эл аны куткарууга бет алган. Абактын кызматкерлери абакты талкалап салышпасын деп дароо ал кишини чыгарышкан", — дейт басма сөз катчысы.
Бир маалдан кийин эле машина чайкала баштайт — тегиз жол тез эле чуңкурдуу жолго айланат. Көрсө, мунун да тарыхы бар экен. Темир Сариев премьер-министр болуп турган маалында аталган абакка сапар алат. Өңгүл-дөңгүл жолдон кыйналган өкмөт башчы бул тилкени оңдоп-түзөтүүнү тапшырган. Жумушчулар асфальт төшөп калышканда Сариев кызматтан түшүп калат. Ремонт кандай ыкчам башталса, дал ошондой тез токтойт.
Темир тосмолуу үйдүн тиричилиги
Абактан качуу үчүн кеминде темир тикенектүү төрт кашаадан ашып түшүү керек. Айрым жерде топурак жөөк-жөөк чөнөктөлгөн:
— Мында помидор эгесиздерби?
— Жок, албетте. Бул жөөктөр абактагылардын качышын алдын алат. Ар бириндеги из дароо көзгө урунат, качуу үчүн жер астынан жол казуу да мүмкүн эмес. Кокустан киши өлтүрүү менен кабылгандар түшпөйт, аталган кылмыш зордуктоо, бачабаздык жана денени одоно мазактоо менен коштолсо, жазасын бул жайда өтөшөт.
Бир камера төрт кишиге эсептелген. Бирок, камактагылар үчтөн, экиден, бирден да жашайт — бул №19 ТКда кармалгандардын жаңжалга канчалык жакындыгынан көз каранды. Ар бир камерада экиден эки кабат керебет, үстөл, олтургуч жана телевизор коюлган.
"Эң узак кармалганынын деле олтурганына 20 жылдан аша элек. Демек, аларга өкүм 1997-жылы чыккан — дал ошол жылы Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий киргизилген. Мындай кылмыш жасагандардын баары мурда, 95, 96-жылдары атууга кеткен", — дейт колониянын кызматкерлери.
Камеранын каалгасын ачууга Жаза аткаруу мекемесинин жумушчулары эки мүнөт коротот – жылдырма эшиктен эле он чакты, кулпусу да толтура. Тамак салынган табак камактагыларга атайын кичине терезеден сунулат. Баса, ашпозчулар – абактагылардын арасынан, анча оор эмес кылмыш үчүн соттолгондор.
Биз барган күнү түшкү тамакка уй этинен чоң кесим салынган шорпо жана жашылча рагусу экен – камактагы адамдар ушундай тамак жей алышат. Алардын тамактануусуна күнүнө 75 сом бөлүнөт.
Кызыгы, №19 ТКнын ичинен аялдарды да көрүүгө болот. Албетте, колониянын кызматкерлеринин гана арасынан. Бул жайда соттолгон аялзатына орун жок — аялдар өмүр бою эркинен ажыратылбайт. Мында кармалган адамдардын жогото турган эч нерсеси жок болсо да (жашоодон үмүттөрү үзүлсө да) аялдар мындай курам менен иштешкенден коркушпайт.
Алтургай, камактагыларга тиш доктур жана психолог да кызмат көрсөтөт. Мындан тышкары, ар кай бурчтан видеобайкоо салынат — баары коопсуздук үчүн жасалган.
Эмнеликтен бул жай тозоктун жердеги бир бутагы
Камактагылар камерадан кишенсиз чыгарылбайт. Жалгыздан гана чыгарылат. Эреже боюнча ар бирин кеминде Жаза аткаруу мекемесинин эки кызматкери коштойт.
— Алар жок дегенде сейилдешеби?
— Ооба, албетте. Ар күнү бир жарым сааттан сейилге чыгарылат.
"Кудайга шүгүр", — деп "сейил" аянтчасын көргөндө гана көңүлүм тынчыды. Ал жер да ушундай эле орточо бетондон тургузулган камера, болгону шыптын ордунда темир тор. Анда формачан жана автоматчан кишилер коопсуздукту карашат. Камактагылар камералаштары менен гана сейилдей алышат. Ошентсе да таза аба.
Жакындар менен жолугушчу үй ал жерге катар жайгашкан. Мыйзам боюнча жылына эки узак жана үч кыска жолугушууга акылары бар. Кыска көрүшүүлөр биринчи кабатта жүрөт. Жакындары камактагылар менен тасмадагыдай — желим тосмонун наркы бетинен телефон аркылуу баарлашат. Чектелген убакыт — үч саат.
Узак көрүшүүлөр даараткана жана чайынма бурчу бар өзүнчө бөлмөлөрдө өтөт. Анча жаман эмес мейманканадагыдай шарттар бар. Жалгыз гана көрк бузган нерсе — терезедеги таңгалыштуу тосмолор. Алар күн нурун өткөрүп, бирок, айланага көз салганга мүмкүндүк бергидей жасалган. Бул жайлуу бөлмөдөн качуу планы "бышырылбасын" деп атайын жасалган.
— Аларга келип турушабы?
— Албетте, дайыма.
— Болду-болбоду, алардын энелери гана келсе керек. Мындай коркунучтуу кылмышка баргандарга апалардан бөлөк ким жүрөгүн ачмак…
— Жаңылышасыз. Аялдары, кыздары да келишет. Унутпай кабар алып турушат.
Үмүттөрү үзүлгөн бул адамдар менен иштешүү оңой эмес. Кызматына киришүү үчүн Жаза аткаруу мекемесинин мурдатан даярдалган кызматкерлери кошумча бир айлык курстан да өтүшөт. Баары бир алгачкы айда он кишиден 2-3 киши мында иштөөдөн баш тартат, себеби өтө оор.
"Булардын жүрүм-турумун болжоп болбойт. Сөгүп салышы ыктымал. Өтө көйгөйлүү келишет. Жумуштан кетем деп жүз жолу сүйлөнөм. Бирок, булар да дарыгерлерге муктаж", — дейт Сариева.
Кызматкерлер үчүн чакан үйлөр курулууда: Бишкектен бул жакка күндө барып-келиш чындыгында алыстык кылат.
Атууга кетпесе да адам акыркы жыйырма жылын жоготкон
"20 жыл, жети айдан бери ушул жердемин. Киши өлтүрүүгө кошо катышкандыгым үчүн кабылгам. Адегенде мени атууга кетиришмек. Аябай коркком… Бирок, ошондо да атышса эртерээк атышсынчы деп күткөм. Өлүм кутулуунун жолу болуп көрүнгөн. Кийин жашоого умтулуу үмүтү жаралды", — деп баяндайт бул киши.
Ал абактагы китепканада китеп калтырбай бүт окуп чыккан, эми ага үйдөн алып келип турушат. Адамдар менен баарлашууга суусаганын айтып үшкүрүнөт.
"Жыйырма жыл ичинде бул жердегилердин баары менен олтуруп чыктым. Адамдардын жүздөрүн сагынам. Андан башкасы баары жакшы, камера жана камера. 97-жылга караганда азыр баары жакшы. Агезде таптакыр тамак деле жок: таңкыга да, түшкү жана кечки тамакка да капуста гана берилчү. Мен үчүн эң башкысы – күндүн тезирээк өтүшү болчу", — деп эскерет абактагы бул киши.
Ошентип сөз аягына чыкты. Аны кайра камерага алып жөнөштү. Жаза аткаруу мекемесинин кызматкерлеринен:
— Адилетсиз соттолгону чынбы? – деп сурадым.
— Ой, бул жерде ар бир экинчи киши ак жеринен тузакка илинген…
— Чындап эле ал досуна гана жардам берген бекен?
— Мен бул туурасында айтууга акым жок. Бирок, ишенип коюңуз, бул жөнөкөй окуя эмес.
… Биздин чыгармачыл топ колониянын аймагынан чыгып баратат. Адамдар каалаган убагында көк жүзүнө тигиле ала турган дүйнөгө кайталы.