Сапар Исаков үй-бүлөсү, кыздары тууралуу айтып берди

Жазылуу
Өкмөт башчынын төрт кызы бар, алардын кенжеси жакында төрөлгөн

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Сапар Исаков премьер-министрлик кызматтагы 100 күнүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын берип жатып, кыздары тууралуу да айтып берди.

Өкмөт башчынын төрт кызы бар, алардын кенжеси жакында төрөлгөн

"Мен саат 9.30да, тагыраагы саат 10го чукул ишке келип, үйгө түнкү саат 12ге чукул кайтам. Иш графигим ушундай. Саат 6дан тарта иш жөндөмүм артып баштайт", — деди ал. 

Премьер-министр КР Сапар Исаков - Sputnik Кыргызстан
Премьерликке 100 күн. Чөк түшкөн, жылмайган, ойлонгон Сапар Исаков сүрөттө
Ал көптөн бери эс алуусуз, эмгек өргүүсүз иштээрин айтты.

"Кыздарыма жетишерлик көңүл бура албайм, анткен менен мени абдан жакшы көрүшөт. Алар үчүн мен мээримдүү полиция кызматкериндеймин. Мага көп дем-күч беришет", — деп жылуу маанай менен айтып берди премьер-министр. 

Исаков чыныгы бакыт деген эмне экендигин чечмеледи. 

"Киши ишке канааттануу менен келип, ал эми иштен ошондой эле маанай менен үйүнө кайтканы чоң бакыт", — деди ал.

Кыргызстандын 29-премьер-министри 40 жашта. Ал 2017-жылдын 26-августунан тарта кыргыз өкмөтүн жетектеп келе жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0