БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жогорку класстардын окуучу кыздарынын кыздык белгисинин бар-жогу текшерилип жатат деген маалыматты четке какты.
Бир катар басылмалар Кыргызстандагы мектептердин администрациясы жогорку класстын окуучу кыздарынын жыныстык катнашта болуп- болбогонун гинекологдор текшерип жаткандыгын жазган.
Билим берүү жана илим министри Sputnik Кыргызстан агенттиги менен болгон сүйлөшүүсүндө мындай маалымат чындыкка дал келбей тургандыгын айтты.
"Болбогон кеп! Мындай сөздүн чыгышына эч кандай негиз жок. Андай болушу мүмкүн да эмес, мында кишинин элемантардык укугу бузулуп жатпайбы. Балким бул Саламаттык сактоо министрлигинин окуучулардын ден соолугун текшерген кезектеги иш-чарасыдыр. Ал кыздар менен бирге эле балдардын да саламаттыгына тиешелүү", — деди Кудайбердиева.
Ал айтылган маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен тактап, андан соң расмий маалымат даярдашарын айтты.
Быйыл өзбекстандык басылмаларда жогорку класстардын окуучуларын жана колледж студенттерин гинекологдор текшерип жаткандыгы кабарланган. Максат — жыныстык катнашка эрте баргандарды аныктоо экендиги айтылган.