Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жогорку даражадагы дарыгер-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова менен байланышып, ал аялзатынын турмуш куруудагы көйгөйүн медициналык жана психологиялык жактан баяндап берди.
Эрте турмушка чыккан кыздар басымдуу, бирок…
Азыр кеч тийгенге караганга эрте турмушка чыккандар көбөйдү. Жаш кыз турмушка чыккандан кийин жашоосу жомоктой болуп кетет деп эч ким кепилдик бере албайт. Барган жеринде күйөөсү да, кайын журту да абдан түшүнүктүү болуп, төгөрөгү төп келип калуу — жүз адамдын бирөөсүндө гана кездешиши мүмкүн.
Кайсы куракта турмушка чыгуу ылайык?
Эгер кыздарды жаш курагы боюнча турмуш куруусун ала турган болсок, 18ден 25 жашка чейинки мезгил ыңгайлуу курак болуп эсептелет. Бул убакта кыз баланын денеси жетилип, сөөктөрү бекемделип, акыл-эс кирип, физикалык жактан бала көтөргөнгө жарап калат.
Отузга чыгып деле төрөгөндөр бар. Мындан 10-15 жыл мурда 30 жашка чыгып төрөгөндөрдү дарыгерлер "кеч төрөт" деген жыйынтык чыгарышаар эле. Мындай диагноз койгонубуз менен биздин апалар 50 жашында деле төрөшүптүр да. Себеби дене ошого көнгөн. Бизге окшоп бирден-экиден эмес, ондон ашык баланы төрөгөн. Бала дагы дени-карды соо жарыкка келген.
Чоң апалардын оозунан "небере балаңдан да ширин" дегенди угуп жүрсөңүз керек. Себеби жаш кезде турмуш, көр оокат деп жүрүп балаңдын кантип чоңойгонун билбей каласың. Анан чоң апа болгондо неберелериң жаныңда жүрсө ичиң элжирейт. Жалпысынан эрте турмуш кургандын пайдасынан залакасы көбүрөөк.
Турмушка кеч чыгуунун пайдасы менен заяны
Анан да 30дан ашканда жамбаш сөөк катып кетет деген түшүнүк бар. Жок, бул 40 жаштан кийин боло турчу көйгөй. Анда төрөт да кыйыныраак болот. Бирок заманбап жашоодо медициналык ыкмалар менен төрөттү жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Кеч калган бийкечтердин мүнөзү
Турмушта кеч калгандар психологиялык жактан өзгөрүүлөргө дуушар болуп, мүнөзү татаал, ачуусу бат келет деп айтып коюшат. Негизи адамдын кулк-мүнөзү тектен берилет. Жүрүм-турум, мүнөз бала коомго аралашканда өзгөрөт. Биринчи коом бул бала бакча, мектеп. 12 жашка чейин өспүрүмдүн мүнөзүн өзгөртүүгө болот. Ошол себептен адамдын башкаларга кылган мамилеси ички дүйнөсүндөгү абалга байланыштуу.
Кыздар, турмушка шашпагыла, кеч калбагыла, ар бир нерсенин өз убагында болгону жакшы.