00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Турмушка кеч же эрте чыкса эмне болот? Гинекологдун маеги

Жазылуу
Качан турмушка чыгасың? Жашың өтүп баратат... Бул турмушка чыга элек кыздардын көкөйүнө көк таштай тийген суроо. Өзгөчө жашың 25тен ашкандан кийин кимге гана болбосун жеке жашооң кызык. Ошол эле учурда жаш кыздарга карата "эс тарта электе күйөөгө тийип алыптыр" деген сөздөрдү угуп жүрөбүз.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жогорку даражадагы дарыгер-гинеколог, үй-бүлөлүк психолог Гүлзина Мадраимова менен байланышып, ал аялзатынын турмуш куруудагы көйгөйүн медициналык жана психологиялык жактан баяндап берди.

© Фото / Гулдана ТалантбековаГүлзина Мадраимова: Эгер кыздарды жаш курагы боюнча турмуш куруусун ала турган болсок, 18ден 25 жашка чейинки мезгил ыңгайлуу курак болуп эсептелет.
Акушер-гинеколог Гулзина Мадраимова - Sputnik Кыргызстан
Гүлзина Мадраимова: Эгер кыздарды жаш курагы боюнча турмуш куруусун ала турган болсок, 18ден 25 жашка чейинки мезгил ыңгайлуу курак болуп эсептелет.

Эрте турмушка чыккан кыздар басымдуу, бирок…

Система здравоохранения в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Аялзатын бүк түшүргөн гинекологиялык 10 илдет
Бизде кыргыздарда "эрте күйөөгө тийсең балаң өзүң менен кошо чоңоюп калат" деп коюшат. Айтор, бул сөздү эрте турмушка чыккандардын артыкчылыгы катары көрүшөт. Айрым ата-энелер "кызым бузулуп-жарылып кете электе турмушка берип коеюн, негизи кыз үйдөн чыга электе турмушка берген оң, азыр заман тарып турган учур" деп айткандар да бар. Бардыгы үйдөгү таалим-тарбиядан көз каранды. 30 жашта деле саламаттыгы сак, ыйманы түзүк болуп турмушка чыккандар толтура.

Азыр кеч тийгенге караганга эрте турмушка чыккандар көбөйдү. Жаш кыз турмушка чыккандан кийин жашоосу жомоктой болуп кетет деп эч ким кепилдик бере албайт. Барган жеринде күйөөсү да, кайын журту да абдан түшүнүктүү болуп, төгөрөгү төп келип калуу — жүз адамдын бирөөсүндө гана кездешиши мүмкүн.

Кайсы куракта турмушка чыгуу ылайык?

Эгер кыздарды жаш курагы боюнча турмуш куруусун ала турган болсок, 18ден 25 жашка чейинки мезгил ыңгайлуу курак болуп эсептелет. Бул убакта кыз баланын денеси жетилип, сөөктөрү бекемделип, акыл-эс кирип, физикалык жактан бала көтөргөнгө жарап калат.

Отузга чыгып деле төрөгөндөр бар. Мындан 10-15 жыл мурда 30 жашка чыгып төрөгөндөрдү дарыгерлер "кеч төрөт" деген жыйынтык чыгарышаар эле. Мындай диагноз койгонубуз менен биздин апалар 50 жашында деле төрөшүптүр да. Себеби дене ошого көнгөн. Бизге окшоп бирден-экиден эмес, ондон ашык баланы төрөгөн. Бала дагы дени-карды соо жарыкка келген.

Хирург и общественный деятель Мамбет Мамакеев - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз медицинасынын өңүн чагылдырган кызыктуу 10 маек
Тарбия жагынан ала турган болсок, өспүрүм өзү бала болсо, наристесин кантип тарбиялайт. Кечээ бир тойго барсам 37 жаштагы жигит 16 жаштагы кызга үйлөнүп жатыптыр. Кыздын туугандары "бала илимдүү, билимдүү экен" деп сүйүнүп алышыптыр. Эркек эшиктеги киши, балага тарбияны эне берет. Мага жаш келиндер келет "баладан тажадым, чарчадым" деп. "Кой, кокуй, антип айтпа" дейм. Булар жаш да. Анан да тайманбас болушат. Өздөрүн шер ойлоп болор-болбос нерсе үчүн ажырашам дегендер бар. Ажырашса ортодогу балага эле убал. Ата-эне куштун эки канаты, бир канат жалгыз күүлөнүп көкөлөй албайт.

Чоң апалардын оозунан "небере балаңдан да ширин" дегенди угуп жүрсөңүз керек. Себеби жаш кезде турмуш, көр оокат деп жүрүп балаңдын кантип чоңойгонун билбей каласың. Анан чоң апа болгондо неберелериң жаныңда жүрсө ичиң элжирейт. Жалпысынан эрте турмуш кургандын пайдасынан залакасы көбүрөөк.

© Фото / Гулдана ТалантбековаГүлзина Мадраимова: Кечирээк турмуш курам дегендерде билим, тарбия, дүйнө тааным, иш билги, айтор, бардыгы болушу мүмкүн. Бир кемчилиги — ден соолуктун өзгөрүшү.
Акушер-гинеколог Гулзина Мадраимова - Sputnik Кыргызстан
Гүлзина Мадраимова: Кечирээк турмуш курам дегендерде билим, тарбия, дүйнө тааным, иш билги, айтор, бардыгы болушу мүмкүн. Бир кемчилиги — ден соолуктун өзгөрүшү.

Турмушка кеч чыгуунун пайдасы менен заяны

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажырашуу азабы эмнеден келип чыгат? Үй-бүлөлүк чыр-чатактын себептери
Кечирээк турмуш курам дегендерде билим, тарбия, дүйнө тааным, иш билги, айтор, бардыгы болушу мүмкүн. Бир кемчилиги — ден соолуктун өзгөрүшү. Азыр 35 жашта эле климакска учурагандар бар. Бул сенин эне болуу мүмкүнчүлүгүң түгөндү деген сөз. Климакс аялдын жыныстык системасынын иштешинин төмөндөп барып токтошу. Мында аялдын эн бездери жыныстык гормондор болуп эсептелген эстроген менен прогестеронду иштеп чыгаруусун токтотот. Гормондор жок этек кир келбей калат, демек, эне болуу мүмкүнчүлүгү токтойт. Медицинада климаксты убакыттын өтүшү менен организмде пайда болчу процесс катары сыпатташат.

Анан да 30дан ашканда жамбаш сөөк катып кетет деген түшүнүк бар. Жок, бул 40 жаштан кийин боло турчу көйгөй. Анда төрөт да кыйыныраак болот. Бирок заманбап жашоодо медициналык ыкмалар менен төрөттү жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк бар.

Кеч калган бийкечтердин мүнөзү

Турмушта кеч калгандар психологиялык жактан өзгөрүүлөргө дуушар болуп, мүнөзү татаал, ачуусу бат келет деп айтып коюшат. Негизи адамдын кулк-мүнөзү тектен берилет. Жүрүм-турум, мүнөз бала коомго аралашканда өзгөрөт. Биринчи коом бул бала бакча, мектеп. 12 жашка чейин өспүрүмдүн мүнөзүн өзгөртүүгө болот. Ошол себептен адамдын башкаларга кылган мамилеси ички дүйнөсүндөгү абалга байланыштуу.

Кыздар, турмушка шашпагыла, кеч калбагыла, ар бир нерсенин өз убагында болгону жакшы.

Жаңылыктар түрмөгү
0