Келерки жумага чейинки аба ырайы кандай болот. ӨКМдин божомолу

Жазылуу
Бул жумада аба ырайы маал-маалы менен өзгөрүп турат

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 10-ноябрдан тарта жамгыр жаайт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарында жамгыр жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

10-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

11-13-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

14-15-ноябрда маал-маалы менен жаан жаап, абанын температурасы төмөндөйт.

Бишкекте 9-11-ноябрда жаан-чачын күтүлбөгөнү менен 10-ноябрда жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ошто 9-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт, 10-ноябрда жаан жааса, 11инде күн ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0