Таласта митингге чыккандар бийликке үч талап коюп тарашты

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуМитинг в центре Таласа
Митинг в центре Таласа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрдүү маалыматтарга ылайык, тынчтык митингине 200дөн 500гө чейин киши чогулган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Таластын борбордук аянтына тынчтык митингине чогулгандар бийликке үч талап коюп, мөөнөтү 2-ноябрда аяктай турганын билдиришти.

Түрдүү маалыматтарга ылайык, тынчтык митингине 200дөн 500гө чейин киши чогулган.

Талаптар:

1. Алмазбек Атамбаев элди Абыке, Көбөштүн тукуму деп айтканы үчүн жети күндүн ичинде кыргызстандыктардан кечирим сурасын.

2. Кыргыз-казак чек арасын ачтырууга аракет жасасын.

3. Казак премьери Кыргызстандын бажы кызматы аябай коррупциялашканын айткандыктан анын ишмердигин иликтеп, элге отчет берсин.

Митингге келгендер 3-ноябрда саат 12-00дө кайра чогула турган болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0