БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жол кырсыгына кабылып дүйнө салган вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Гүлнур Төралиева билдирди.
Анын айтымында, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-октябрь күнү саат 9.00дө Кыргыз улуттук академиялык театрында өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, Москва районуна караштуу Садовое айылынын аймагында "КамАЗ" менен Land Cruiser кагышып, вице-премьер Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана айдоочусу Нурбек Муканов каза болгон.
Темир Жумакадыров жана анын жардамчысы менен айдоочусу каза болгон жол кырсыгы тууралуу акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар>>