БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан жер алдындагы өтмөктөн эмне үчүн суу тамчылаганы белгилүү болду. Анын себебин мэрия түшүндүрүп берди.
Эскерте кетсек, 29-сентябрь күнү жаан жаап, өтмөктүн түндүк-чыгыш тарабындагы чатырынан суу аккан.
1987-жылы курулган өтмөктү оңдоо иштери быйыл майда башталып 12-сентябрь күнү пайдаланууга берилген. Ремонтко 27,5 миллион сом сарпталган.
"Реконструкция учурунда гидроизоляциялык катмарына доо кеткен. Суу ушул себептен акты. Бул подрядчы болгон "Главтехинвест" ишканасынын кетирген катачылыгы", — дешти мэриядан.
Азырынча иш мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан кабыл алына элек. Бүгүн аталган компания кетирген кемчилигин өз эсебинен оңдоп жатат.