Сары майдан сугунтуп... Жаңы төрөлгөн ымыркайды эмне үчүн оозантат

Жазылуу
Кыргыздар ымыркай жарык дүйнөгө келгенде сөзсүз аны оозантышкан. Башкача айтканда, дени-карды сак болуп, ырыс-кешиктүү болсун деп оозуна сары май салышкан.

Муундан-муунга уланып келе жаткан бул кааданын мааниси эмнеде экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине этнограф Айымкан Жаманкулова айтып берди.

Ымыркайды оозантуу

Фестиваль Чункурчак көч — 2017 в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Атыңдан айланайын сүйүнчү! Жөрөлгөнүн маани-маңызы
Илгери ымыркай жаңы төрөлгөндө эле ага энесинин эмчек сүтү менен удаа чоң энеси же таенеси мурдатан карынга куюп даярдап койгон сары майдан оозантышкан. Бул ырым менен "баланын өмүрү майлуу-сүттүү болсун", "жегени дайым май болсун", "дайым май чайнасын", "малдуу-жандуу болсун", "кем болбосун", "жокчулук тартпасын" деген тилектерин билдиришкен. Мындан тышкары, сары май менен оозантуу медициналык жактан да туура деп эсептелген. Анткени бала кыйкырып, ыйлап төрөлгөндө оозуна чарайна, какырык толуп калат. Бул учурда май баарын жылмыштырып, тазалап кетет. Негизи эле малдын сүтүнөн жасалган актын баары илгери антибиотик катары колдонулган.

"Манас" эпосунда Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча Манасты оозанткан учур да сүрөттөлүп кетет. Ал жерде ымыркайдын болочокто баатыр болору тууралуу кабар берилген.

Оозантмакка баланы
Оозуна эмчек салганы,
Өзөгүн үзө бир соруп
Өлө жазып калганы.

Жаңы келген келинди оозантуу

Плов дарядоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казанды теппейт, үбөлүктү тике койбойт. Идиш-аякка карата 10 "болбойт"
Кыргыздар келин алганда да алгач анын оозуна май салып босогодон киргизишкен. Муну менен алар "бөлөк үй-бүлөгө, бөлөк казанга, тамак-ашка келдиң. Сен эми биздин бүлө болдуң, майлуу-сүттүү келин болуп, колунан ырыскы-береке төгүлүп турсун" деп тилек үчүн гана келинди оозантышкан.

Сары май — жакшылыктын тамагы

Эмне үчүн кыргыздар ымыркай менен жаңы келинди сары май менен гана оозантышкан. Себеби экөө тең үйгө кут, ырыскы алып келип башка баш кошулат. Ал эми сары май жакшылыктын гана тамагы болуп, аны чоң эне, таенелер сөзсүз атайын карынга куюп сактап койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0