02:30 20 Аяк оона 2017
Түз эфир
Устукан тартуу. Архивдик сүрөт

Устуканга байланыштуу 10 "болбойт"

© Sputnik / Александр Кряжев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Таалайгүл Усенбаева
"Болбойт" рубрикасы (32)
1471 0 0

Кыргыз элинин эң эле сыйлуу тамагы — эт. Элибиз эзелтеден той-аштарда, жакшылык-жамандыкта сыйлуу тамак катары конокторго сөзсүз эт тартып, ар биринин жашына, жынысына, даражасына карап устукан берген.

Кыргызда эр жигит кой союп аны жиликтөөнү, эт бышырып табак тартууну билбесе уят катары эсептелген. Ошондой эле эт жеп, устукан алуунун да илгертен келе жаткан эрежелери бар.

Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги этнопедагог Абдыкерим Муратовдун жардамы менен устуканга байланыштуу жана эт тартууда жасоого болбой турган нерселерди тизмектеди.

Устукан алган соң андан ооз тийбей туруп башкаларга кесип бербейт. Кандай устукан тартылбасын, аны алган адам ыраазычылык билдирүү менен ооз тийип, анан гана башкаларга кесип берген. Мындай эрежени сактабагандык тарбиянын начардыгынан кабар берген.

Аял кишиге баш тартылбайт. Аял киши эч качан баш албайт да, мүлжүбөйт. Баш ар кайсы аймакта ар түрдүү тартылат. Айрым жерлерде улууларга берилсе, кээ бир аймактарда кичүүлөр алат.

Устукан катары аял кишиге уча тартылбайт. Уча негизи жылкы союлганда гана чыгат. Ал той-аштарда жашы, жолу улуу, даражасы бийик адамдарга тартылат. Алсак, уулун үйлөп жаткан адамдар учаны кудаларына, анын ичинен улуусуна берген. Ошондой эле уча алган адам сөзсүз уча тарткан адамга ырым катары бир нерсе (акча) кыстарып коет.

Устукан катары конокторго ич эт (көтөн чучук, жумур), ооз омуртка жана күң жилик тартылбайт. Күң жиликти эркектер албайт, ал келиндерге эле берилет. Ич эттердин ичинен май чучуктан башкасын үй ээси балдары менен жейт.

Төш тартылбайт. Төштү үй ээси кыздарына калтырып коет, төркүнүнө конокко келсе бышырып берет.

Устуканды улуулар бөлүштүрбөйт. Эт тартылгандан кийин аны отурган жердегилердин кичүүсү гана устукандайт.

Кыз киши кекиртек жебейт. Илгери ата-энелер кыздарына "күйөөгө кийими жок кетип калба" деп кекиртек жедирген эмес. Аларга көбүнчө башты мүлжүп жаткан адам саймачы бол деп таңдай берген.

Келиндерге тил берилбейт. Баш мүлжүп жатканда кыз-келиндерге тили узун болуп калбасын деп тил берилген эмес. Ошондой эле баш мүлжүп жаткан адам эки көздүн бирин өзү жеп, экинчисин жакшы көргөн адамына "көздөшүп" жүрөлү деп берген.

Балдарга сөөктүн чучугу берилбейт. Устукан жеп сөөгүн мүлжүгөндөн кийин анын ичиндеги чучугу балдарга берилген эмес. "Ата-энеге кайрымсыз болуп каласың" деп айтып коюшкан.

Сөөктү чала мүлжүп таштабайт. Сөөктү чала мүлжүп таштагандарга ата-бабалар "болочок күйөөңдүн же аялыңдын түрү суук болуп калат" деп коюшкан. Негизи ырыскынын баары түбүндө деп ата-энебиз сөөк мүлжүсө да таза мүлжүп, тамак ичсе да түбүн калтырган эмес.

Тема:
"Болбойт" рубрикасы (32)

Тема боюнча

Коңшу-колоңго карата 6 "болбойт"
Уулга карата 8 "болбойт". Атасынын көзүнчө эмне кылбаш керек
Кыз узатуудагы 7 "болбойт"
Бата берүүгө байланыштуу 6 "болбойт"
Белгилер:
каада-салт, сыйлоо, эт, устукан, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ